Кызамыктын уланган учурларына каршы аракеттерди күчөтүү алкагында, Кыргызстандагы Жалал-Абад облусунда Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Республикалык ден соолукту чыңдоо жана массалык коммуникация борбору тарабынан 400 айылдык ДЧК комитетинин ыктыярчылары үчүн окутуу уюштурулду.
Окутуунун негизги багыты, өзгөчө кичинекей балдары бар үй-бүлөлөрдү коргоо үчүн өз убагында эмдөө алуунун маанисин түшүндүрүү. Анткени дал ушул топ кызамык чыккан учурда эң жогорку коркунучта турат.

Окутуу программасы ыктыярчылардын эмдөө тууралуу билимин жогорулатууга багытталды: анын инфекциялык оорулардын алдын алууда ойногон ролу, ата-энелер эмдөөдөн эмнеге баш тартары жана калк менен ишенимдүү диалог жүргүзүү жолдору каралды. Ошондой эле кызамыктын коркунучтары жана эмделбеген балдарды жана чоң адамдарды жакынкы медициналык мекемелерге жеткирүү жолдору кеңири талкууланды.
Азыр айылдык ДЧКнын активисттери практикалык иштерге өтүштү: облус боюнча 420 айылдагы 10 000ден ашуун кожолукка баруу пландалууда. Ыктыярчылар түшүндүрүү иштерин жүргүзүп, суроолорго жооп берип, эмдөө албаган жарандарга дарыгерлерге кайрылууга көмөктөшүүдө.

Айылдык ДЧК комитеттери өзүнүн натыйжалуулугун буга чейин да далилдеген: алар калк менен алардын тилинде, түшүнүктүү жана жайлуу формада баарлашат. Бул болсо маалыматты жакшы жеткирүүгө жана эмдөөгө байланыштуу мифтерди жокко чыгарууга жардам берет. Кызамыктын жайылышы шартында бул өзгөчө маанилүү.
Эмне үчүн бул маанилүү:
Жалал-Абад облусу 2024-жылы кызамыктын эң көп катталган аймактарынын бири болгон. Калк менен жеринде иш алып барууну күчөтүү бул оорунун андан ары жайылышын алдын алуу жана өмүрлөрдү сактап калуу стратегиясынын маанилүү бөлүгү болуп калды.
Categories: Жугуштуу оорулар, Эмдөө