2025-жылдын 9-апрелинен 17-апрелине чейин Жалал-Абад шаардык № 3 үй-бүлөлүк медицина борборунун базасында Жалал-Абад областынын ден соолукту чыңдоо кабинеттеринин (ДЧК) адистери үчүн көчмө окуу курсу өткөрүлдү.
Курсту Молдоакматова Ж.М. жана Акымбаева А.К. алып барышты.

Окуу интерактивдүү форматта өтүп, анын жүрүшүндө презентациялар, лекциялык материалдар, видеороликтер, практикалык жагдайларды талдоо, топтук талкуулар, чакан топтордо иштөө, оюн элементтери, анкеталоо жана тесттик суроолор колдонулду.

Курстун негизги максаты — калк арасында дени сак жашоо образын калыптандыруу үчүн зарыл болгон теориялык билимдерди жана практикалык көндүмдөрдү адистерге берүү.

Окуунун жүрүшүндө катышуучулар төмөнкүдөй темалар боюнча билимдерин тереңдетишти.
Калктын ден соолугуна таасир этүүчү социалдык, экономикалык жана жүрүм-турумдук факторлорду түшүнүү.
Калктын ар кандай топтору менен натыйжалуу иш алып баруу, алардын муктаждыктарын жана өзгөчөлүктөрүн эске алуу.
Алынган билимдерди өз кесиптик ишмердүүлүгүндө колдонуу.

Бул курс КҮЗ адистеринин потенциалын чыңдоодо жана областтын тургундарынын ден соолугун жакшыртууга багытталган аракеттерди бекемдөөдө маанилүү кадам болду.
Categories: ДЕН СООЛУК, ЖАҢЫЛЫКТАР