ЖАҢЫЛЫКТАР

Жалал-Абадда эмдөө менен башкарууга мүмкүн болгон оорулар катталган жок.

423

Жалал-Абадда 2021-жылдын 9 айында эмдөө менен башкарууга мүмкүн болгон оорулар (кептөөр, көк жөтөл, шал, сенек) катталган жок.
Алдын-ала эмдөөлөр талапка ылайык, ай сайын пландалып алардын аткарылышы тыкыр көзөмөлгө алынууда.
“Иммундук профилактика программасынын негизинде Жалал-Абад областында 2021-жылдын 9-айында эмдөө планынын көрсөткүчү төмөнкүдөй көрсөткүукө жетти.
2021-жылы областтык төрөт үйүндө 21 853 ымыркай төрөлүп анын 21 133ү кургак учукка каршы эмделген, бул көрсөткүч 96 % ды түзөт.
Кара сарыкка же ВГВ – 65%
Шалга каршы же ОПВ – 64%
Кептөөр, көк жөтөл, сенек, кара сарыкка каршы жана хиб гемофилдик инфекцияларга каршы – 65%
Бир жашка чейинкилердин арасында пневмаккок оорусуна каршы ПКВ – 64,5%
Ал эми 1 жаш курактагылар пневмаккокко каршы ПКВ – 65,4%
Кызылча, кызамык жана тепме же КПК каршы – 66,1%
2 жаштагы балдар, кептөөр, көк жөтөл жана сенекке каршы кайталап эмдөө 68,2%
6 жаштагы балдар, кызылча, кызамык жана тепкиге каршы КПК 67,4%
Кептөөр, сенекке каршы АДС-М 69,8%
11 жаштагы балдар кептөөр, сенекке каршы АДС-М 63,5%
16 жаштагы балдар кептөөр, сенекке каршы АДС-М 62,3% га аткарылды.
Ал эми калган башка курактагы адамдардын пайызы салыштырмалуу төмөнүрөөк, себеби акыркы пандемия кырдаалын эске алуу менен, калктын басымдуу бөлүгү эмдөөлөр чиппизация менен берилиши мүмкүн деген миф маалыматтарга ишенип алышып, каршылыгын билдиришкен, ошол себептүү профилактикалык эмдөөнүн көрсөткүчү төмөндөгөн. Бирок ага карабастан учурда медициналык дарыгер үймө-үй кыдырып, түшүндүрүү иштерин кайра-кайра жүргүзүү менен планды толтурууга аракет кылышууда”-деп билдирди Жалал-Абад областынын иммундук профилактика бөлүмүнүн башчысы Алия Арыкбаева.
Эскерте кетсек аталган иш-чара КР өкмөтүнүн 2020-жылдын 16-декабрындагы №610, “2020-2024 жылдарга Иммунопрофилактика программасын” бекитүү жөнүндөгү токтомуна ылайык жүргүзүлүп жатат.

Leave a Reply

Your email address will not be published.