Жогорку Кеңеште саламаттык сактоо тармагындагы салык системасын өркүндөтүү маселеси боюнча талкуу болуп өттү.
2025-жылдын 11-июнунда өткөн жыйынга Бюджет, экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитеттин төрагасы Данияр Толонов, депутаттар Айсаракан Абдибаева жана Таалайбек Масабиров, саламаттык сактоо министри Эркин Чечейбаев, Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун (ДСУ) Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнүн жетекчиси Ливиу Ведраско, ошондой эле ДСУнун Тамекиге каршы күрөшүү боюнча Рамкалык конвенциясынын Секретариатынын Билим борборунун өкүлдөрү катышты.

Саламаттык сактоо министри Эркин Чечейбаевдин маалыматына караганда, Рамкалык конвенциянын Секретариатынын Билим борборунун эксперттери тамеки тартуудан келип чыккан зыянды азайтуу үчүн фискалдык чараларды иштеп чыгышкан. Тамекиге болгон акциздик салыкты жыл сайын 25%га акырындык менен жогорулатуу сунушталды. Учурда акциздик салык тамекинин наркынын 32% түзөт, ал эми ДСУ 70% кем эмес деп сунуш кылат. «Тамекилердин арзан баалары жана жеткиликтүүлүгү алардын балдар жана өспүрүмдөр арасында жайылышына шарт түзөт», – деп баса белгиледи министр. Тамекинин арзан жана жеткиликтүү болушу балдардын жана өспүрүмдөрдүн арасында анын жайылышына шарт түзүп жатат, – деп белгиледи министр Чечейбаев.

ДСУнун Тамекиге каршы күрөшүү боюнча алкактык конвенция Билим борборунун директорунун орун басары Эстель Доши модельдик эсептөөлөрдү сунуштап, ага ылайык акциздик салыктардын жогорулатышы 2027-жылга чейин Кыргызстанда 40 миң адамдын өмүрүн сактап калууга мүмкүндүк берерин айтты.

Бюджеттик комитеттин төрагасы Данияр Толонов Кыргызстанда калктын 27 пайызы тамеки тартарын, бирок керектөөнүн төмөндөө ылдамдыгы Борбор Азиядагы эң төмөнкү көрсөткүчтөрдүн бири экенин белгиледи.
Тамекилердин баасы бүгүнкү күндө дагы элге өтө жеткиликтүү бойдон калууда, ошол себептен салыктык саясатты тез арада реформалоо керек, -деп билдирди ал.
Ошондой эле Данияр Толонов бардык түрдөгү тамеки буюмдарына, анын ичинде ысытылган (нагреваемый) тамекилерге дагы бирдей акциздик салык киргизүүнү сунуштады.
Бул жерде саясий эрк зарыл, анткени тамеки жана алкоголдук продукциялардын артында ири компаниялар турат. Бирок бул маселе боюнча саясий эрк бар, анткени президент жана анын командасы спорт тармагынан чыккан адамдар. Алар дени сак жашоо образын карманышат, – деди Толонов.

Депутаттар элдин саламаттыгын сактоо боюнча чараларды колдоого жана улуттун кызыкчылыгы үчүн кызматташууга даяр экендиктерин билдиришти. Алар сунушталган материалдарды жана эсептөөлөрдү ийне-жибине чейин изилдеп, андан соң Салык кодексине өзгөртүү киргизүүнү караштырууну пландаштырууда.



Categories: Тамеки