ЖОЛ КЫРСЫКТАРЫ

Жол кыймылындагы-транспорттук профилактикалык кырсыктар

390

12.12.2022 Mare

Жыл  сайын жекшембинин үчтүгүндө Бүткүл дүйнөлүк жол-транспортунан каза болгондордун эскеруу күнү белгиленет.

Бул күндү белгилөө БУУ Генералдык Ассамблея тарабынан 2005-жылдын 26-октябрында сунушталган. Жол-транспорт кырсыгынын курмандыктарын эскерүү күнү, жол кырсыгында курман болгон инсандарды эскерүү жана алардын жакындарына көңүл айтууга мүмкүнчүлүк берген иш-чара катары иштелип чыккан.

Бул күн тууралуу маалымат таратуу жана жалпы максаттарды алмашуу аркылуу, өлкөлөрдү байланыштыруу үчүн атайын https://worlddayofremembrance.org/#top веб-сайты бар.

Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун берген маалыматы боюнча жыл сайын унаа кырсыгынан 1,3 миллион адам, дагы 20,50 миллион адам инвалидике алып келүүчү жаракаттарды алышат. Жол транспортунун негизги көйгөйлөрүнүн, жан кейитүүчү себеби 5 жаштан 29 жашка чейинки адамдардын өлүмү болуп эсептелет.

Кыргызстанда бул учур  2021-жылда жол-транспортунун кырсыгынан 868 адам, анын ичинен 114-балдар болгон. КР ИИМнин жол коопсуздук башкармасынын берген маалыматы боюнча, 2021-жылы жол-транспорт кыймылынын 7437 кырсык катталган, бул өсүш 2020-жылдан 21,3% көп.

2022-жылдын 8 айында, 1-үчтүн айынан 31-баш оонага чейин жол кырсыгынын 4284 учур катталган, бул көрсөткүч 2021-жылдан 8,9%ке аз. Ошол эле учурда жабыркагандардын саны 7,8%га (7215тен 6651ге чейин), каза болгондордун саны да 31,3%га (552ден 379га) азайган.

Бул жөн гана сан, бирок мунун аркасында канчалаган үй-бүлөөлөрдүн, чыныгы жараандардын тагдыры турат.

Ал эми кээ бир көрсөткүчтөр төмөндөп жатканы менен, өкмөттүн бул нерсеге бир катар чараларынын тийгизген таасирлери чоң;

– автомектептерди жана алар окуучуларга берген билим жана көндүмдөрдүн сапатын текшерүү;

– жолдордун авариялык-кооптуу участокторун жоюу;

– жол кырсыгынан жабыркагандарга биринчи медициналык жардам көрсөтүү боюнча практикалык көндүмдөрдү өнүктүрүү боюнча сабактарды өткөрүү;

— эл аралык автомобиль жолдоруна кошумча фельдшердик-акушердик пункттарды орнотуу;

— жол белгилерин кайра карап чыгуу;

деген менен көрсөткүч дагы да болсо өкүнүчтүү бойдон калууда.

Жоопкерчиликти, жол эрежесин туура колдонууп туура айдоону ар бир жүргунчү өз мойнуна алуусу шарт. Негизинен айдоо маданиятын көтөрүү керек. Айдоочулардын гана эмес, жөө жүргүнчүлөрдүн да жол эрежесин сактоосу, балдардын жана жаштардын билим алуусу жолдогу кооптуулукту азайтат.

Ылдамдыкты жогорулатуу көптөгөн кырсыктардын себеби болуп саналат. Ал эми ылдамдыкты 5-10 км/саатка азайтуу тормоздук аралыкты кыскартууга мүмкүндүк берет. Андыктан айдоочунун ылдамдыкты көзөмөлдөөсү, эл көп чогулган жерлерде (жөө жүргүнчүлөр өтүүчү өтмөктөр, соода борборлор, мектептер, бала бакчалар ж.б.) этият болушу, светофор жок, бирок жол чырактары бар жерде жөө жүргүнчүлөргө жол берүү абдан маанилүү.

Ылдамдыктан тышкары да бир нече факторлорго көз каранды;

– жолдордун жана жол жабындарынын абалы;

– аба ырайынын шарттары (жамгыр, кар, муз),

– шиналардын жана тормоз системасынын абалы,

– тормоздун абалы,

– транспорт каражатынын салмагы.

Эгерде, жол кырсыгы орун алган учурда, адамдар жабыркаса ( унаанын сыртында же ичинде), сөссүз “шашылыш топту” күйгүзүү керек, башка айдоочуларга коркунуч тууралуу эскертүү үчүн үч бурчтук орнотуңуз жана кырсыкка байланыштуу объекттерди кыймылдатпаңыз. Андан кийин 103 телефону аркылуу тез жардам чакыруу керек. Тез жардам күнү-түнү иштейт.

Эгерде бала кырсыктан жабыркаса, Бишкек шаарындагы Б. Баатыр, 8а. Ошондой эле күнү-түнү иштеген.

Бирдиктүү ооруканалардын номерлери:

+996 (312) 544655

+996 (312) 544650

Куткаруу кызматынын да өзүнүн номери бар: 112. Диспетчер керек болсо өрт өчүрүү кызматы, милиция, тез жардам кызматы менен байланыштырат.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин куткаруучулары кырсык болгон жерге күнү-түнү баруучу эң көп тараптуу кызмат. Дареги: Горького көчөсү, 142. Диспетчер телефону +996 (312) 547520.

 Оперативдүү дежурдун номерлери:

+996 (312) 32-36-44

+996 (3222) 2-18-44

+996 (770) 80-01-00

+996 (553) 11-21-07

WhatsApp: +996 (770) 800-100

Жолдордо этият болуңуз жана эсиңизде болсун: “Канчалык тынч айдасаң, ошончолук алдыга жетесиң!

1 reply »

Leave a Reply

Your email address will not be published.