2025-жылдын 12-майынан 18-майына чейин Кыргыз Республикасында Европалык эмдөө жумалыгы (ЕЭЖ) старт алат.
Бул иш-чара Бүткүл дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун калкты жугуштуу оорулардан коргоо үчүн эмдөөнүн маанилүүлүгү жөнүндөгү маалыматтуулугун жогорулатууга багытталган глобалдуу демилгесинин бир бөлүгү болуп саналат. Кыргыз Республикасы 20 жылдан бери Бүткүл дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун (БДСУ) Европалык эмдөө жумалыгын өткөрүү боюнча демилгесин колдоп келе жатат жана ушул жылы ЕЭЖ «Эмдөө бардык адамзаттын күчүндө» урааны астында өтмөкчү.

Үстүбүздөгү жылы биздин өлкөдө Европалык эмдөө жумалыгы өз убагында эмделбеген балдарды иммунизациялоо боюнча масштбадуу өнөктүктүн старт алышы менен коштолот. Өз убагында эмделбеген балдарды иммунизациялоодо — бул балдарга коргоону камсыз кылуу мүмкүнчүлүгүбүздү күчөтүү. Бул кандайдыр бир себептер менен албай калган эмдөөлөрдү жөн гана толуктоо эмес, бул жамааттык иммунитетти калыптандырууга салым кошуу, кызамык, кызылча, көк жөтөл, полиомиелит жана кептөөр сыяктуу кооптуу оорулардын чыгуусун алдын алуу.
Ушул иш-чаралардын негизги максаты башкарылуучу жугуштуу оорулардын жайылуусун алдын алуу үчүн эмдөөнү өз учурунда жүргүзүү жана иммундаштырууга мүмкүн болушунча көбүрөөк камтууну камсыздоо аркылуу балдардын ден соолугун коргоо болуп саналат.
Иш-чаралардын учурунда медицина кызматкерлери бүт өлкө боюнча бир же бир нече эмдөөлөрдү албаган балдарды аныкташат, жер-жерлердеги иштерди күчтөндүрүшөт, ата-энелер жана камкорчулар арасында маалыматтык-түшүндүрүү иштерин активдештирет.
Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматтары боюнча 2020-жылдан 2024-жылга чейинки мезгил ичинде Республикалык иммунопрофилактика борборунун №5 формасынын маалыматтарына ылайык, 90 миңден ашуун бала КРнын Алдын алуучу эмдөөлөр календарында каралган АКДС-3 вакциналдык топтомун аягына чыгарган эмес.
2024-жылдын жыйынтыгы боюнча 22 060 бала АКДС-3 вакцинасы менен эмделбей калышкан, алардын ичинде 1 жашка чейинки балдар арасында 9 476сы баш тарткандар. Бардыгы болуп 2024-жылы баш тартуулардын 19 760 учуру катталган, анын ичинде: иммундаштыруунун коопсуз экендигине шектенүүлөр боюнча – 8 180 учур (41,4%), диний ишенимдер боюнча – 8 950 учур (45%), иммундаштыруунун пайдасы жөнүндө маалыматтын жоктугунан улам – 832 учур (4%), башка себептер боюнча – 1 798 учур (9%).
Кызамык, кызылча, кептөөр, көк жөтөл жана полиомиелитке каршы эмдөөлөр өтө көп учурда калтырылып жатат. Бул эмдөөнүн жардамы менен алдын алууга мүмкүн болгон жугуштуу оорулардын чыгуусу үчүн тобокелчиликтерди түзөт.
«Биз коомдук саламаттык сактоо системасында вакциналар иштей турганына ишенебиз – алар ден соолукту жана жашоо сапатын сактоого мүмкүнчүлүк берүү менен балдарды эле эмес, ошондой эле чоңдорду дагы көптөгөн кооптуу инфекциялардан натыйжалуу коргойт. Ар бир ата-эне эмдөөнүн жардамы менен анын баласы ишенимдүү жана коопсуз вакциналар каршы күрөшүүчү оорулардан корголо тургандыгына ишенимдүү болууга тийиш. Өз убагында эмделбеген балдарды иммунизациялоодо — бул балдарга коргоону, эмдөөлөрүн толуктоо жана жамааттык иммунитетти камсыз кылуу мүмкүнчүлүгүбүз. Ошол эле учурда өз убагында эмдөө инфекциялардан өтө мыкты коргоону бере тургандыгын баса белгилеп кетмекчибиз. Ата-энелерди өзүнүн балдарын коргоо мүмкүнчүлүгүн колдон чыгарбоого жана ошону менен бүт улуттун ден соолугуна салым кошууга чакырып кетебиз», — деп белгиледи Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо министринин орун басары Бүбүжан Арыкбаева.
«Эмдөө — бул балдардын эле эмес, ошондой эле чоңдордун дагы ден соолугун коргоонун эң натыйжалуу ыкмаларынын бири. Бүткүл дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму Кыргызстанга ар бир этапта — стратегиялык пландаштыруудан тарта Big Catch-Up өнөктүгүн жүзөгө ашырганга чейин колдоо көрсөтүп жатат. Бул өлкөгө колдон чыккан эмдөөлөрдүн ордун толтурууга жана ар бир адамга: өз учурунда жасалган эмдөөлөр өмүрлөрдү сактап жана бүтүндөй коомдордун ден соолугун чыңдай тургандыгын эскертүүгө мүмкүнчүлүк берет”,- деп баса белгиледи Кыргызстандагы БДСУнун саламаттык сактоо саясаты боюнча кеңешчиси Аманда Шривайз.
«ЮНИСЕФ коомдордун ар кандай лидерлерин, анын ичинде 1000 имамды тартуу менен эмдөөлөрдөн баш тартууларды азайтуу боюнча күч-аракеттерди колдойт. ЮНИСЕФ иммундаштыруу боюнча кызматтарды алуу жолундагы тоскоолдуктарды жоюу үчүн коомдордун мүчөлөрү жана диний лидерлер менен активдүү иштеп жатат. Кыргызстандагы эмдөөнүн деңгээлинин азайышы бизден ар бир баланы коргоону жана коопсуздугун камсыздоо үчүн шашылыш аракеттерди талап кылат. Бүгүн ишке киргизилип жаткан «Чоң толуктоочу иммундаштыруу» (The Big Catch-up) өнөктүгү, оорулардын чыгууларын алдын алууда жана өмүрлөрдү сактоодо маанилүү кадам болуп саналат», — деп айтты ЮНИСЕФтин Кыргызстандагы Өкүлчүлүгүнүн башчысы Самман Джунг Тапа.
Өнөктүктүн алкагында иш-чаралар бардык областтарда өтөт, анын ичинде жетүү кыйын болгон калктуу конуштарда көчмө эмдөөлөр жүргүзүлөт. Ошондой эле маалыматтык сессиялар, ата-энелер менен иштөө, медиа-иш-чаралар, жергиликтүү ой-пикирлердин жана жарандык коомдун лидерлерин катышуусу пландаштырылууда.
Бардык ата-энелерди маалымат алуу жана эмдөөдөн өтүү үчүн жакын арадагы медициналык мекемелерге кайрылууга чакырабыз. Биргелешкен аракеттер менен гана биз өлкөбүздөгү ар бир баланын ден соолугун коргоону камсыздай алабыз.
Categories: Без рубрики