Көп берилүүчү суроолор жана жооптор (FAQ)
1. Хантавирус деген эмне?
Хантавирус — кемирүүчүлөр арасында тараган жана адамдарда оор инфекцияны пайда кылуусу мүмкүн болгон вирустардын тобу.
Вирус өз аталышын Түштүк Кореядагы Хантан дарыясынан алган. Ал жерде 1970-жылдары хантавирус жуктурган кемирүүчү биринчи жолу аныкталган.
Белгилүү бир шарттарда хантавирус адамга жугушу мүмкүн. Көбүнчө инфекция кемирүүчүлөрдүн заарасы, кыгы же шилекейи менен булганган абаны же чаңды дем алуу аркылуу жугат.
2. Хантавирусту кантип жуктуруп алууга болот?
Адамга инфекция төмөнкү учурларда жугушу мүмкүн:
● инфекция жуккан кемирүүчүлөрдөн бөлүп чыккан заттар менен булганган чаңды дем алганда;
● теринин жабыркаган жерлери же былжыр челдери кемирүүчүлөрдөн бөлүнүп чыккан заттар менен байланышта болгондо;
сейрек учурларда:
● булганган тамак-аш азыктарын же сууну колдонгондо;
● кемирүүчүлөр тиштегенде.
Кемирүүчүлөрдүн издери бар жерлерде инфекцияны жуктуруп алуу коркунучу жогорулайт:
● сарайларды, жер төлөлөрдү, кампаларды, дача үйлөрүн жана башка чарбалык жайларды тазалоо учурунда;
● узак убакыт бою жабык турган жайларда;
● кемирүүчүлөрдүн кыгы, заарасы же уялары менен байланышта болгондо;
● чычкандар жана келемиштер жашаган аймактарда айыл чарба жана чарбалык иштерди жүргүзүү учурунда.
3. Хантавирустук инфекция адамдан адамга жугабы?
Хантавирустардын көпчүлүк түрлөрү адамдан адамга жукпайт. Айрым түштүк америкалык штаммдар, мисалы, Андес вирусу өзгөчө учур болуп саналат.
Адамдан адамга жугуу өтө сейрек кездешет жана оорулуу адам менен тыгыз байланышта болгон учурда гана мүмкүн.
4. Эгерде мышык чычканды кармап же жеп алса, ал адамга хантавирусту жуктурушу мүмкүнбү?
Үй мышыктары хантавирусту адамдарга жугузушу мүмкүн экендигин тастыктаган далилдер жок. Адамга инфекциянын негизги булагы — инфекция жуккан кемирүүчүлөр жана алардын заарасы, кыгы же шилекейи менен байланыш.
Эгерде мышык үйгө чычкан алып келсе, аны кол кап кийип алып тазалап, чычкан болгон жерди дезинфекциялоочу каражат менен иштетип, колуңузду жакшылап жууңуз.
5. Кандай белгилер пайда болушу мүмкүн?
Оорунун алгачкы белгилери, адатта, сасык тумоого окшош болот.
Көп кездешүүчү белгилер:
● дене табынын жогорулашы;
● катуу алсыздык;
● баш оору;
● булчуңдардын оорушу;
● жүрөк айлануу, кусуу же ичтин оорушу.
Кийинчерээк жөтөл, дем алуунун кыйындашы жана жалпы абалдын начарлашы мүмкүн. Белгилер, адатта, инфекция менен байланыштан кийин 1–8 жуманын ичинде пайда болот.
6. Хантавирустук инфекция эмнеси менен кооптуу?
Бул оору сейрек кездешет, бирок айрым учурларда оор өтүшү мүмкүн. Адамдын өпкөсү же бөйрөгү катуу жабыркап, олуттуу кесепеттерге алып келиши ыктымал.
Медициналык жардамга кеч кайрылган учурда оорунун оор өтүү коркунучу жогорулайт.
7. Качан дарыгерге кайрылуу керек?
Дене табы көтөрүлүп, катуу алсыздык, булчуңдардын оорушу, жөтөл, дем алуунун кыйындашы сыяктуу белгилер пайда болсо, айрыкча кемирүүчүлөр менен байланышта болгондон кийин же инфекция жуктуруп алуу коркунучу бар аймактарга баргандан соң, дарыгерге кайрылуу зарыл. Дем алуу бузулган учурда тез арада медициналык тез жардам чакырыңыз.
Кемирүүчүлөр менен мүмкүн болгон байланыш тууралуу медициналык кызматкерге сөзсүз маалымдаңыз. Өз алдынча дарыланбаңыз.
8. Кемирүүчүлөр болушу мүмкүн болгон жайды кантип туура тазалоо керек?
Кургак кыкты шыпырбаңыз жана чаң соргуч колдонбоңуз, анткени чаң менен бирге вирус абага тарашы мүмкүн. Жайда нымдуу тазалоо гана жүргүзүлүүгө тийиш.
Тазалоо иштерин баштоодон мурун:
● дезинфекциялоочу каражатты даярдаңыз;
● бөлмөнү кеминде 30 мүнөт желдетиңиз.
Тазалоо учурунда:
● бет кап/респиратор жана кол кап колдонуңуз;
● чаңды алдын ала нымдаңыз;
● булганган беттерди дезинфекциялоочу каражат менен иштетиңиз.
Тазалоо иштерин бүткөндөн кийин колуңузду жакшылап самындап жууңуз.
Кемирүүчүлөр пайда болгон учурда тузактарды жана капкандарды колдонуу менен кемирүүчүлөрдү жок кылууга багытталган иш-чаралардын комплекси — дератизацияны жүргүзүү сунушталат.
9. Өлгөн кемирүүчүнү кол капсыз кармап, жөн гана таштанды челекке ыргытып салууга болобу?
Жок. Өлгөн кемирүүчүлөргө жылаңач кол менен тийбеңиз. Кол кап кийип, кемирүүчүнү жана ал жаткан жерди дезинфекциялоочу каражат менен иштетип, аны этияттык менен пакетке салып, пакетти бекем жаап, таштандыга ыргытыңыз. Тазалоо иштерин бүткөндөн кийин колуңузду жакшылап самындап жууңуз.
10. Инфекцияны жуктуруп алууну кантип алдын алууга болот?
Алдын алуунун негизги чарасы — кемирүүчүлөр жана алардан бөлүнүп чыккан заттар менен байланышта болбоо.
Төмөнкүлөр сунушталат:
● кемирүүчүлөр жана алардан бөлүнүп чыккан заттар менен байланышта болуудан алыс болуңуз;
● турак жайларда жана чарбалык жайларда тазалыкты сактаңыз;
● кемирүүчүлөр кириши мүмкүн болгон тешиктерди жана жаракаларды бүтөңүз;
● тамак-аш азыктарын жана жаныбарлар үчүн тоюттарды бекем жабылган идиштерде сактаңыз;
● таштандылардын жана тамак-аш калдыктарынын топтолушуна жол бербеңиз;
● тирүү же өлгөн кемирүүчүлөргө жылаңач кол менен тийбеңиз;
● тазалоо иштеринен, короо-жайдагы иштерден жана чарбалык жайларга баргандан кийин колуңузду жууңуз;
● кемирүүчүлөр зыян келтирген тамак-аш азыктарын колдонбоңуз;
● сууну текшерилген булактардан гана пайдаланыңыз жана зарыл болгон учурда кайнатып ичиңиз.
Туристтер үчүн төмөнкү талаптарды сактоо маанилүү:
● бара турган өлкөдөгү же аймактагы эпидемиологиялык кырдаал тууралуу алдын ала маалымат алыңыз;
● өзүңүз менен негизги коргонуу каражаттарын: антисептик каражаттарды, медициналык бет каптарды же респираторлорду, кол каптарды алып жүрүңүз.
11. Инфекцияны жуктуруп алуу коркунучу кайсы жерлерде жогору?
Хантавирусту жуктуруп алуу коркунучу кемирүүчүлөр болушу мүмкүн болгон жерлерде жогору:
● айыл жерлеринде;
● сарайларда, жер төлөлөрдө, кампаларда жана чарбалык курулуштарда;
● узак убакыт бою жабык турган жайларда;
● тамак-аш азыктары, дан, тоют жана чарбалык шаймандар сакталган жерлерде.
12. Вакцина же атайын дарылоо ыкмасы барбы?
Хантавирустук инфекцияга каршы атайын вакцина жана катталган спецификалык дарылоо ыкмасы жок.
Негизгиси инфекциянын алдын алуу, медициналык жардамга эрте кайрылуу жана медициналык кызматкерлердин көзөмөлүндө дарылоо жүргүзүү маанилүү.



