Көп берилүүчү суроолор жана жооптор (FAQ)
1. Эбола деген эмне жана ал канчалык кооптуу?
Эбола вирусу пайда кылган оору (ЭВПО) — сейрек кездешүүчү, бирок кооптуу вирустук инфекция. Ал адамдын иммундук системасын, кан тамырларын жана ички органдарын (боор, бөйрөк, ашказан, ичеги-карын жолдору, көк боор ж.б.) жабыркатат. Оору өтө оор формада өтүшү мүмкүн, бирок медициналык жардамга өз убагында кайрылуу айыгып кетүү мүмкүнчүлүгүн жогорулатат.
2. Эбола кайсы жерлерде кездешет?
Эбола вирусу пайда кылган оорунун очоктору негизинен Африканын айрым өлкөлөрүндө катталат. Кыргыз Республикасынын аймагында оорунун учурлары катталган эмес. Ошол эле учурда эл аралык сапарларга байланыштуу инфекцияны башка өлкөлөрдөн Кыргызстанга алып келүү коркунучу бар.
3. Эбола кантип жугушу мүмкүн?
Эбола вирусу оорулуу адамдын же инфекция жуккан жаныбардын каны жана башка биологиялык суюктуктары менен түздөн-түз байланышта болгондо жугат. Ошондой эле каза болгон адамдын денеси менен, айрыкча сөөк коюу жана акыркы сапарга узатуу жөрөлгөлөрүн өткөрүү учурунда байланышта болгондо да жугушу мүмкүн.
Инфекция жуккан адамдын биологиялык суюктуктары менен булганган буюмдар жана жайлар аркылуу байланышта болгондо да жугушу мүмкүн.
4. Сөөк коюу жана акыркы сапарга узатуу жөрөлгөлөрүн өткөрүү учурунда инфекция кантип жугат?
Адам каза болгондон кийин Эбола вирусу анын организминде сакталып калышы мүмкүн. Инфекция каза болгон адамдын денеси менен байланышта болгондо, анын денесин жууганда, кийимин алмаштыруу, кучактоо же биологиялык суюктуктары менен байланышуу учурунда жугушу мүмкүн.
Ошондуктан Эбола вирусу пайда кылган ооруга шектелген же бул оору тастыкталган адамдын денесине атайын коргонуу чараларын көрбөстөн тийүүгө болбойт.
5. Эбола грипп сыяктуу аба аркылуу жугушу мүмкүнбү?
Жок. Кадимки шарттарда Эбола вирусу аба аркылуу жукпайт. Инфекциянын негизги жугуу жолу — оорулуу адамдын каны жана башка биологиялык суюктуктары менен түздөн-түз байланышта болуу.
6. Эбола оорусунун кандай белгилери болушу мүмкүн?
Оорунун алгачкы белгилери, адатта, төмөнкүлөр болуп саналат:
• дене табынын жогорулашы;
• катуу алсыздык;
• баш оору;
• булчуңдардын оорушу;
• тамактын оорушу.
Кийинчерээк кусуу, ич өткөк, ичтин оорушу жана териде бүдүрлөр пайда болушу мүмкүн. Оору оор түрүндө өткөн учурда кан кетүү жана ички органдардын жабыркашы байкалышы мүмкүн.
7. Инфекция жуккандан кийин оорунун белгилери канча убакытта пайда болот?
Оорунун белгилери инфекция жуккандан кийин 2–21 күндүн ичинде пайда болушу мүмкүн. Көпчүлүк учурда оорунун алгачкы белгилери вирус менен байланышта болгондон кийин 4–10 күндүн ичинде байкалат.
8. Оорулуу адам кантип башка адамдарга инфекция жугузушу мүмкүн?
Адамда оорунун белгилери пайда болгондон кийин гана айланасындагы адамдарга инфекция жугузуу коркунучу жаралат. Оорунун белгилери пайда болгонго чейин инфекциянын жугуу коркунучу өтө төмөн деп эсептелет.
9. Чет өлкөгө барып келгенден кийин дене табы көтөрүлүп жана башка белгилер пайда болсо, эмне кылуу керек?
Дароо медициналык жардамга кайрылуу, айлана-чөйрөдөгү адамдар менен байланышты чектөө жана дарыгерге чет өлкөгө болгон сапар тууралуу, ошондой эле оорулуу адамдар менен мүмкүн болгон байланыштар жөнүндө сөзсүз маалымдоо зарыл. Өз алдынча дарыланууга болбойт.
10. Эбола оорусун дарылоого болобу?
Дарылоо медициналык уюмда гана жүргүзүлөт. Эбола вирусунун айрым түрлөрүнө каршы атайын дары-дармектер бар. Ал эми вирустун башка түрлөрүндө ооруну эрте аныктоо, бейтапты обочолонтуу, колдоочу дарылоо жана медициналык адистердин көзөмөлү маанилүү роль ойнойт. Адам медициналык жардамга канчалык эрте кайрылса, оорунун оң натыйжа менен аяктоо мүмкүнчүлүгү ошончолук жогору болот.
11. Эбола вирусун жуктуруп алуудан кантип коргонууга болот?
Инфекцияны жуктуруп алуу коркунучун азайтуу үчүн төмөнкү чараларды көрүү зарыл:
• колду самын менен дайыма жууп туруу же антисептик иштетүү;
• оорулуу адамдардын каны жана башка биологиялык суюктуктары менен байланышта болбоо;
• атайын коргонуу каражаттарысыз каза болгон адамдардын денесине тийбөө;
• сапар учурунда саламаттык сактоо органдарынын сунуштарын сактоо;
• оорунун белгилери пайда болгон учурда медициналык жардамга өз убагында кайрылуу.
Бул жөнөкөй чараларды сактоо инфекцияны жуктуруп алуу коркунучун азайтууга, өзүңүздү жана жакындарыңызды коргоого жардам берет.



