Көп берилүүчү суроолор жана жооптор (FAQ)

1. Нипах вирусу деген эмне жана ал канчалык кооптуу?

Нипах вирусу – сейрек кездешкен, бирок өтө кооптуу жугуштуу оору. Ал жаныбарлардан адамга, булганган азык-түлүк аркылуу, ошондой эле оорулуу адам менен жакын байланышта болгондо жугушу мүмкүн. Инфекция дем алуу органдарын жана мээни жабыркатышы мүмкүн.

2. Нипах вирусун кайсы жерден жуктуруп алуу мүмкүн?

Оору учурлары мезгил-мезгили менен Түштүк жана Түштүк-Чыгыш Азиянын айрым өлкөлөрүндө, негизинен Бангладеште жана Индияда катталат. Мурда оорунун чыгышы Малайзияда, Сингапурда жана Филиппинде да катталган.

Кыргыз Республикасында Нипах вирусу менен ооругандар катталган эмес.

3. Нипах вирусу кантип жугат?

Нипах вирусу төмөнкү жолдор менен жугушу мүмкүн:

жуктурган жаныбарлар, алардын каны, шилекейи, заарасы жана башка биологиялык суюктуктары менен байланышканда;

жуктурган жарганаттардан бөлүнүп чыккан заттар менен булганган мөмө-жемиштерди же башка азык-түлүктөрдү колдонууда;

курма пальмасынын чийки ширесин ичкенде;

оорулуу адам жана анын биологиялык суюктуктары менен тыгыз байланышта болгондо.

4. Нипах вирусун кайсы жаныбарлар алып жүрүшү мүмкүн?

Нипах вирусунун негизги табигый алып жүрүүчүлөрү болуп жемиш менен азыктанган жарганаттар (учма түлкүлөр, Pteropodidae тукуму) эсептелет.

Оорунун чыгуу учурунда вирус үй жаныбарларына, биринчи кезекте чочколорго, жылкыларга жугуп, андан кийин адамдарга жуккан учурлар катталган.

Жаныбарлардын саламаттыгы боюнча дүйнөлүк уюмдун (WOAH) маалыматына ылайык, вирус иттерге жана мышыктарга да жугушу мүмкүн. Бирок алардын инфекцияны адамга жугузуудагы ролу азырынча далилдене элек.

Үй жаныбарлары жуктурган жарганаттардан бөлүнүп чыккан заттар менен байланышканда, ошондой эле алардын заарасы, шилекейи же башка бөлүнүп чыккан заттар менен булганган тоютту, сууну же мөмө-жемиштерди пайдаланганда жуктуруп алышы мүмкүн.

5. Оорунун белгилери кандай?

Эң кеңири кездешүүчү белгилери:

дене табынын жогорулашы;

баш оору;

алсыроо;

жөтөл;

тамак ооруу;

дем алуунун кыйындашы;

уйкучулук;

жүрөк айлануу же кусуу.

Оор учурларда аң-сезимдин бузулушу, тырышуу жана мээнин сезгениши (энцефалит) өрчүшү мүмкүн.

6. Белгилер канча убакыттан кийин пайда болот?

Инкубациялык мезгил (жуккандан тартып оорунун алгачкы белгилери пайда болгонго чейинки убакыт) адатта 3 күндөн 14 күнгө чейин созулат.

Сейрек учурларда оорунун белгилери жуккандан кийин 45 күнгө чейин кечигип пайда болушу мүмкүн.

7. Нипах вирусу адамдан адамга жугушу мүмкүнбү?

Ооба. Вирус оорулуу адамдын биологиялык суюктуктары менен тыгыз байланышта болгондо жугушу мүмкүн. Өзгөчө оорулууну үй шартында же медициналык уюмдарда багып жаткан учурда жугуу коркунучу жогору болот.

8. Импорттолгон мөмө-жемиштер же башка товарлар аркылуу жуктуруп алуу мүмкүнбү?

Бүгүнкү күнгө чейин Нипах вирусунун импорттолгон азык-түлүк же башка товарлар аркылуу жугарын тастыктаган маалыматтар жок. Эл аралык соода аркылуу жуктуруп алуу коркунучу өтө төмөн деп эсептелет.

9. Башка өлкөлөргө барууну токтотуу керекпи?

Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму (ДССУ) Нипах вирусуна байланыштуу эл аралык сапарларга чектөө киргизүүнү сунуштабайт. Сапар учурунда сактык чараларын сактоо жана жергиликтүү саламаттык сактоо органдарынын сунуштарын аткаруу сунушталат.

10. Сапар учурунда өзүңүздү кантип коргой аласыз?

Сапарга чыгар алдында:

бара турган өлкөдөгү эпидемиологиялык абал тууралуу алдын ала маалымат алыңыз;

медициналык камсыздандырууну тариздеңиз.

Сапар учурунда:

колуңузду үзгүлтүксүз самындап жууп туруңуз;

коопсуз ичүүчү сууну гана пайдаланыңыз;

мөмө-жемиштерди жана жашылчаларды жакшылап жууп колдонуңуз;

курма пальмасынын чийки ширесин ичүүдөн алыс болуңуз;

чийки же жетиштүү деңгээлде термикалык иштетилбеген жаныбарлардан алынган азыктарды колдонбоңуз;

жарганаттар, оорулуу жана жапайы жаныбарлар менен байланыштан алыс болуңуз;

жугуштуу оорунун белгилери бар адамдар менен жакын байланышта болбоңуз.

11. Нипах вирусунан айыгууга болобу?

Ооба. Азыркы учурда Нипах вирусуна каршы катталган вакцина жана атайын дарылоо каражаты жок.

Бирок медициналык жардамга эрте кайрылуу жана өз убагында колдоочу дарылоо оорунун оор өтүү коркунучун азайтууга жардам берет.

12. Нипах вирусу жаңы пандемияга алып келиши мүмкүнбү?

Азыркы учурда Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму (ДССУ) Нипах вирусунун эл аралык деңгээлде жайылуу коркунучун төмөн деп баалайт. Бирок вирус жаныбарлар арасында айланып жүргөн өлкөлөрдө оорунун өзүнчө очоктору пайда болушу мүмкүн.

13. Сапардан кийин оорунун белгилери пайда болсо эмне кылуу керек?

Эгер Нипах вирусу катталган өлкөдөн кайтып келгенден кийин дене табы көтөрүлүп, баш оору, жөтөл, дем алуунун кыйындашы же оорунун башка белгилери пайда болсо:

өз алдынча дарыланбаңыз;

дароо медициналык жардамга кайрылыңыз;

дарыгерге жакында кайсы өлкөгө барганыңызды жана сапардын багытын сөзсүз айтыңыз;

мүмкүн болушунча айланаңыздагы адамдар менен жакын байланышты чектеңиз;

медициналык кызматкерлердин сунуштарын так аткарыңыз.

Эгер оорунун белгилери эл аралык учуу маалында же аэропортто пайда болсо, бул тууралуу Санитардык-карантиндик пункттун кызматкерлерине дароо кабарлаңыз.

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *