Көп берилүүчү суроолор жана жооптор (FAQ)
1. Кене аркылуу жугуучу вирустук энцефалит деген эмне жана ал эмнеси менен коркунучтуу?
Кене аркылуу жугуучу вирустук энцефалит (КВЭ) — бул баш мээни жана жүлүндү жабыркатуучу вирустук жугуштуу оору. Оор учурларда нерв системасынын олуттуу жабыркашына алып келиши мүмкүн. Оору негизинен вирус жуктурган кененин чакканы аркылуу, ошондой эле сейрек учурларда вирус жуктурган жаныбарлардын кайнатылбаган сүтүн же андан жасалган азыктарды колдонууда жугушу мүмкүн.
2. Кенелер кайсы жерлерде кездешет?
Кенелер бийик чөптөрдө, бадалдардын арасында, токойлордо, тоолуу аймактарда, шалбааларда жана жайыттарда жашайт. Алар сейилдөөдө, жаратылышта эс алууда, тоого чыкканда, пикникте, үй жанындагы бакчада иштегенде, мал жайганда жана ачык абадагы башка иштерде чаккан учурлар кездешет.
Жугуу коркунучу инфекциянын табигый очокторуна барганда болот. Кыргызстанда мындай аймактарга Чоң-Кемин өрөөнү, Күнгөй Ала-Тоо жана Тескей Ала-Тоо кырка тоолору, ошондой эле Чүй, Ысык-Көл, Нарын жана Талас облустарынын айрым тоолуу жана тоо этектериндеги аймактары кирет. Бул жерлерде вирусту алып жүрүүчү кенелер кездешет.
4. Эгер мени кене чакса, сөзсүз ооруп каламбы?
Жок. Ар бир кене вирусту алып жүрбөйт. Бирок кененин сырткы көрүнүшүнө карап анын вирус жуктурганын же жуктурбаганын аныктоо мүмкүн эмес.
Кене чаккандан кийин ден соолугуңузга көңүл буруп байкоо жүргүзүү зарыл. Ошондой эле кенени Аймактык Оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борборлорунун лабораториясына (ОАА жана МСЭКБ) текшерүүгө тапшыруу сунушталат.
Бишкек шаарындагы даректер:
Бишкек шаардык мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борбору, Байтик Баатыр көч., 36а;
Оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаменти, Фрунзе көч., 535.
5. Кене чаккандан кийин вирус канча убакытта жугушу мүмкүн?
Вирус кене жабышкандан кийин эле кыска убакыттын ичинде жугушу мүмкүн. Ошондуктан кенени мүмкүн болушунча эртерээк алып салуу сунушталат.
6. Ооруганымды кантип билем?
Алгачкы белгилер адатта кене чаккандан кийин 7–14 күндөн соң пайда болот, бирок эртерээк же кечирээк да башталышы мүмкүн.
Көп кездешкен белгилер:
дене табынын жогорулашы;
баш оору;
алсыздык жана дененин оорушу;
булчуңдардын жана муундардын оорушу;
жүрөк айлануу же кусуу;
уйкучулук.
Айрым адамдарда абалы убактылуу жакшыргандан кийин нерв системасы жабыркаганын көрсөткөн белгилер пайда болушу мүмкүн:
моюндун булчуңдарынын катууланышы;
аң-сезимдин бузулушу;
кол-буттун алсыздыгы;
тырышуу;
шал болуу.
7. Качан шашылыш түрдө дарыгерге кайрылуу керек?
Эгер кене чаккандан кийин төмөнкү белгилер пайда болсо, дароо медициналык жардамга кайрылыңыз:
катуу баш оору;
моюндун булчуңдарынын катууланышы;
сүйлөөнүн бузулушу;
тырышуу;
кол-буттун алсыздыгы же шал болушу;
кайра-кайра кусуу;
аң-сезимдин бузулушу.
Татаалдашуулардын алдын алуу үчүн кене табылган замат медициналык жардамга кайрылуу сунушталат. Адис кенени коопсуз алып салып, мындан аркы аракеттер боюнча кеңеш берет.
8. Эгер денеме жабышкан кенени байкасам эмне кылышым керек?
Эгер кене табылса:
мүмкүн болушунча эртерээк медициналык мекемеге кайрылып, аны коопсуз алдыртыңыз;
эгер дароо кайрылууга мүмкүнчүлүк жок болсо, кенени этияттык менен өзүңүз алып салыңыз.
Андан кийин:
чаккан жерди антисептик менен тазалаңыз;
колуңузду жакшылап жууңуз;
бир нече жума бою ден соолугуңузга байкоо жүргүзүңүз.
Оорунун белгилери пайда болсо, дароо медициналык жардамга кайрылыңыз.
9. Кенени кантип туура алып салуу керек?
Кенени алып салуу үчүн пинцетти же атайын шайманды (кене илгичи же кене бурагыч) колдонуңуз.
Кенени териге мүмкүн болушунча жакын жеринен акырын кармап, денесин кыспастан, жай айлантуу кыймылы менен акырын чыгарыңыз.
Эгер кенени өзүңүз алып сала албасаңыз, медициналык жардамга кайрылыңыз.
10. Кенени алып салууда эмнелерди жасоого болбойт?
Төмөнкүлөргө жол берилбейт:
кенени күйгүзүү;
май, бензин, керосин, спирт же башка суюктуктарды сүйкөө;
кенени кескин жулуп алуу;
кенени кол менен эзүү.
11. Кене чаккандан кантип сактанууга болот?
Жаратылышта жүргөндө төмөнкү эрежелерди сактоо сунушталат:
узун жеңдүү кийим жана узун шым кийүү;
шымды байпактын же бут кийимдин ичине кыстаруу;
кенени оңой байкоо үчүн ачык түстөгү кийим кийүү;
нускамага ылайык кенеге каршы каражаттарды (репелленттерди) колдонуу;
бийик чөптөрдөн жана калың бадалдардан алыс болуу;
кийимди жана дененин ачык жерлерин үзгүлтүксүз текшерип туруу.
12. Эмне үчүн балдарды жаратылыштан келгенден кийин текшерүү маанилүү?
Балдар чөп арасында көп ойногондуктан кене чакканга көбүрөөк дуушар болушат. Жаратылыштан келгенден кийин баланын өзгөчө баш терисин, моюнун, кулактын артын, колтугун, белин жана тизесинин арт жагын кылдат текшерүү керек. Бул кенени өз убагында аныктоого жана инфекция жуктуруп алуу коркунучун азайтууга жардам берет.
13. Кене энцефалити менен ооруган адамдан жугушу мүмкүнбү?
Жок. Кене аркылуу жугуучу вирустук энцефалит адамдан адамга жукпайт. Оору негизинен вирус жуктурган кененин чакканы аркылуу, ошондой эле сейрек учурда вирус жуктурган малдын кайнатылбаган сүтүн же андан жасалган азыктарды колдонууда жугат.
Алдын алуу үчүн пастерленген же кайнатылган сүттү жана андан жасалган азыктарды гана колдонуу сунушталат.
14. Кене энцефалитине каршы эмдөө барбы?
Ооба. Эмдөө — кене аркылуу жугуучу вирустук энцефалиттин алдын алуунун эң натыйжалуу жолу болуп саналат. Вакцинанын бар-жогу жана эмдөө жүргүзүү боюнча медициналык кызматкерлерге кайрылыңыз.
15. Кене бар болсо, жаратылышта эс алуу коопсузбу?
Ооба. Жөнөкөй алдын алуу чараларын сактоо менен жаратылышта коопсуз эс алууга болот:
коргоочу кийим кийүү;
кенеге каршы каражаттарды (репелленттерди) колдонуу;
бийик чөптөрдөн жана калың бадалдардан алыс болуу;
сейилдөөдөн кийин өзүңүздү, балдарыңызды жана үй жаныбарларыңызды кылдат текшерүү.
