Эмдөөлөр менен аутизмдин ортосунда эч кандай байланыш жок экени далилденген!

Эл аралык адистер бир тыянакка келишкен: жалпысынан эле эмдөөлөр, анын ичинде кызамыкка, паротитке жана кызылчага каршы вакциналар аутизмге алып келбейт. Бул тыянакты изилдөөлөрдүн жыйынтыктары да тастыктап турат.

1999-жылы изилдөөчү Брент Тейлор (Brent Taylor) жана анын кесиптештери дыкат көзөмөлдөнгөн изилдөө жүргүзүп чыгышкан. Бул изилдөөнүн алкагында кызамыктан, паротиттен жана кызылчадан эмдөө менен аутизмдин өнүгүшүнүн ортосундагы байланыш текшерилген.

Изилдөө үчүн Англиянын North Thames аймагында аутизмден жапа чеккен балдар жөнүндө 1988-жылга чейинки жана андан кийинки жазуулар тандалып алынган (1988-жылы бул эмдөө Улуу Британиянын Эмдөөлөр календарына кошулган). Окумуштуу төмөнкүдөй тыянактарга келген:⠀

✔️ Аутизмден жапа чеккен да, бул оорунун белгилери аныкталбаган да балдардын арасында вакцина алгандардын пайызы бирдей болуп чыккан.

✔️ Вакцинаны алган да, аны албаган да балдарда аутизм диагнозу коюлган куракта айырмачылыктар аныкталган эмес.

✔️ Эмдөө алгандан баштап аутизмдин алгачкы белгилери пайда болгонго чейинки убакыт аралыгы ар бир учурда ар башкача болуп чыккан.

Бул тыянактар эмдөөлөр менен оорунун ортосунда биологиялык байланыш жок экенин тастыктап турат.

Изилдөөчү Натали Смит (Natalie Smith) “Journal of American Medical Association” илимий журналында жарыялаган жана изилдөөчү Гершель Джик (Hershel Jick) “British Medical Journal” басылмасында жарыялаган изилдөөлөр көрсөткөндөй, балдар арасында аутизмдин белгилүү болгон учурлары эмдөөгө байланыштуу эмес.⠀

Эмдөөлөр менен аутизмдин ортосундагы байланышты текшерген ири изилдөө тууралуу маалымат 2002-жылдын ноябрь айында АКШдагы абройлуу The New England Journal of Medicine басылмасына чыккан. Бул изилдөөгө Даниядан 537 000 бала катышкан, алардын жарымы вакцина алса, жарымы эмделген эмес. Эмдөөдөн кийин алты жыл өткөн соң бул балдар кайрадан текшерилип, вакцинаны алган да, аны албаган да балдар арасында аутизмдин таралышы бирдей экени аныкталган.

2025-жылдын июль айында Annals of Internal Medicine журналында 1997–2018-жылдары төрөлгөн 1,2 миллиондон ашык баланын катышуусунда жүргүзүлгөн ири даниялык изилдөөнүн жыйынтыктары жарыяланган. Изилдөөдө жашоонун алгачкы эки жылында вакциналар аркылуу организмге түшкөн алюминийдин жалпы көлөмү менен 50 өнөкөт оорунун ортосундагы байланыш изилденген. Балдарга жыйырма жылдан ашык убакыт бою байкоо жүргүзүлгөн.

Изилдөө нейроөнүгүү, аутоиммундук, атопиялык жана аллергиялык оорулардын, анын ичинде аутизм спектринин бузулушу жана көңүлдүн жетишсиздиги жана гиперактивдүүлүк синдрому (КДЖС) сыяктуу оорулардын пайда болуу коркунучунун жогорулаганын көрсөткөн эмес. Бул жыйынтыктар балдар үчүн колдонулган, курамында алюминий бар адъюванттардын коопсуздугу боюнча буга чейинки илимий далилдерди толуктайт.

***

Вакцинация менен Аутизмдин ортосунда байланыш бар деген мифтин жайылышынын себеби британиялык дарыгер Эндрю Уэйкфилддин 1998-жылы “The Lancet” журналына чыккан макаласы болгон.

Ал өзүнүн тыянактарын 12 баланы байкоо аркылуу чыгарган. Бир аз убакыт өткөндөн кийин, Улуу Британиянын башкы медициналык Кеңеши глобалдык текшерүүнү демилгелеп, ошол экспериментке катышкан балдар жөнүндө бардык маалыматтарды изилдеп, текшерүү маалыматтардын бурмаланганын көрсөткөн. Мындан тышкары, кызыкчылыктардын кагылышы табылды — изилдөө комплекстүү вакцинанын зыянын тастыктоону издеген юристтер тарабынан каржыланган.

Жыйынтыгында “The Lancet” журналы басылманы жокко чыгарып, Уэйкфилд медициналык лицензиядан жана медициналык ишмердүүлүк менен алектенүү укугунан ажыратылган.

Катуу оорулардын алдын алуунун эң натыйжалуу жана коопсуз ыкмасы – эмдөө!

Аутизм

Кыскача маалымат:

Аутизм – бул курчап турган чөйрө жана адамдар менен социалдык мамиле түзүүнүн бузулушу менен байланышкан психикалык өнүгүүнүн бузулушу.

Аутизм менен жапа чеккен балдардагы алгачкы белгилер көбүнчө 1 жашка чейинки кичине куракта көрүнөт.

Аутизм менен ооруган балдар окшош эмес, бирок алардын баарында мүнөздүү симптомдор бар:

  • социалдашууга жана мамиле түзүүгө жетишүүдөгү кыйынчылыктар: бала көздү карабайт, көз менен байланышуудан качат; өзүнүн атын чакырганда жооп бербейт, ага бир нерсе керек болсо дагы сүйлөшүү үчүн сөздөрдү жана жаңсоолорду колдонбойт, мимикасы жок, жооп катары жылмайбайт,  бала курчап турган дүйнө менен байланышуудан баш тартат же буга кызыгуусун билдирбейт, башка адамдар менен мамиле түзө албайт;
  • стереотиптүү аракеттердин, чектелген кызыкчылыктардын болушу:  мисалы, бала таяктарды гана чогултат, унаалардын дөңгөлөктөрүн айландырат. Ошол эле учурда анын көңүлүн башкага бурдуруу кыйын.
  • кайталануучу жүрүм-турумдун болушу: бала бир эле аракетти көп жолу кайталайт, мисалы: тартмаларды ачат жана жабат, жарыкты күйгүзөт жана өчүрөт, мисалы: баш чайкоо, эки жака термелүү, манжаларын тарткылоо;
  • сенсордук кыйынчылыктардын болушу – мисалы, бала үнгө же жарыкка өтө сезгич болушу ыктымал, ар кандай жыттарга жана даамдарга сезимтал келиши, ата-энелери менен тактилдик байланыштан баш тартышы  мүмкүн.

Төмөндөгүдөй кошумча кыйынчылыктар көп келип чыгат:

  • тамактануудагы кыйынчылыктар
  • уктап кетүүдөгү кыйынчылыктар
  • кооптуу бузулуулар
  • эпилепсия
  • көңүл буруудагы көйгөйлөр
  • кыймыл аракетти координациялоо көйгөйү
  • өзүн-өзү кыйратуучу жүрүм-турум (өзүнө карата агрессия).

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *