Натыйжалуу баарлашуу — медицина кызматкерлеринин кесипкөйлүгүнүн негизги бөлүгү.

Республикалык ден соолукту чыңдоо жана массалык коммуникация борборунун адистери Ош шаарында БМСЖ (баштапкы медициналык-санитардык жардам) уюмдарынын медицина кызматкерлери үчүн натыйжалуу коммуникация боюнча тренерлер үчүн тренинг (ToT) өтүшүүдө.

Тренинг медициналык тажрыйбада бейтаптар менен натыйжалуу өз ара аракеттенүү, чыр-чатактардын алдын алуу жана татаал кырдаалдарды конструктивдүү чечүү үчүн зарыл болгон коммуникативдүү көндүмдөрдү өнүктүрүүгө багытталган.

Даярдыктан өткөн тренерлер Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарындагы БМСЖ медицина кызматкерлери үчүн семинарларды өткөрүшөт.

Тренерлерди окутуу үчүн “Медицина кызматкеринин тажрыйбасындагы натыйжалуу коммуникация” аттуу колдонмо иштелип чыкты, ал кийинки окутуу семинарларын өткөрүүдө практикалык курал катары кызмат кылат.

Окутуу Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин 2026-жылдын 20-августундагы “Кыргыз Республикасынын ММКФ АБ жана БМСЖ уюмдарындагы медицина кызматкерлеринин тажрыйбасындагы натыйжалуу коммуникация” семинарларын өткөрүү жөнүндө” № 987 буйругуна ылайык жүргүзүлөт.

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *