Бойго жеткен куракта зарыл болгон коргоо: бардыгы АДС-М эмдөөсү жөнүндө

Көпчүлүгү эмдөө бала кезде гана жасалат деп ойлошот. Бирок дифтерия жана селейме сыяктуу кооптуу оорулардан коргоо өмүр бою сакталбайт. Коопсуздукта болуу үчүн чоң адамдар эмдөөнү үзгүлтүксүз кайталап туруулары керек.

АДС-М деген эмне?

Бул чоңдор жана өспүрүмдөр үчүн атайын «жеңилдетилген» вакцина. 

  • Ал кандай иштейт: анда тирүү микробдор жок, болгону коопсуз, атайын иштелип чыккан бөлүкчөлөр гана бар. Эмдөөнүн өзүнөн ооруп калуу мүмкүн эмес.
  • Эмне үчүн «М» тамгасы: Ал «кичине өлчөм» дегенди түшүндүрөт. Бул өлчөм чоң адамдын иммунитетин активдештирүү үчүн жетиштүү, ошондуктан эмдөөнү жеңил көтөрүшөт.

Вакцина дароо эки оор дарттан коргойт:

  1. Дифтерия — тамакты жабыркатып, дем алууну кыйындатуучу жана жүрөк, нерв системасын кыйратуучу күчтүү уу бөлүп чыгара турган коркунучтуу инфекция. 
  2. Селейме — нерв системасын жабыркаткан өлүмгө алып келүүчү оору. Ал бардык булчуңдардын өтө катуу жана кыйнаган карышууларын пайда кылат. Селеймени айыктыруу абдан татаал, бирок анын алдын алуу жеңил.

Пландуу коргоо: эмне үчүн ар бир 10 жыл сайын?

Убакыттын өтүшү менен биздин иммунитет инфекцияны “унутат”, ошентип калкан начарлайт.

  • Чоңдор үчүн эреже: АДС-М эмдөөсүн ар бир 10 жыл сайын өмүр бою кайталоо керек (16, 26, 36, 46, 56 жана ж.б.). 
  • Эгерде өткөрүп жиберген болсоңуз эмне кылуу керек: эгерде сиз качан эмдөө алганыңыз эсиңизде жок болсо же аябай кечигип калсаңыз – дүрбөлөңгө түшпөңүз. Үй-бүлөлүк дарыгерге кайрылыңыз. Коргоону тез арада кайтаруу үчүн сизге эмдөөлөрдү алуу графигин түзүп беришет.

Шашылыш жардам: шашылыш эмдөө керек болгон учур!

Селейменин бактериялары топурак, чаң, кык аралаш кыртышта жана дат баскан темирде жашайт.  Алар организмге теринин кайсы болбосун жабыркаган жери аркылуу кирет.

Эгерде төмөнкүдөй абалдар пайда болсо, Сиз шашылыш жардам алуу үчүн дарыгерге токтоосуз кайрылышыңыз керек (биринчи суткада кайрылганыңыз жакшы!):

  • Жаракаттар жана кесиктер: мык кирип кетсе, кирдеген айнек кесип кетсе, жерде жаткан бакча аспабынан жаракат алсаңыз.
  • Тиштөө: эгерде сизди кайсы болбосун жаныбар (ал гана эмес үй жаныбары) тиштеп алса же катуу тытып алса. 

Жаракат алган учурда дарыгерлер кандай аракеттенишет:

  • Эгерде сиз 5 жылдан аз убакыт мурда эмделген болсоңуз — сиз коопсуздуктасыз. Жаракатты жөн эле тазалап коюшат.
  • Эгерде 5 жылдан 10 жылга чейин убакыт өтсө — сизге бир жолу АДС-М вакцинасы жасалат.
  • Эгерде 10 жылдан көп убакыт өтсө же такыр эле эч убакта эмдөө албаган болсоңуз – бир вакцина аздык кылат. Организм өзү коргонуу иштеп чыгууга жетишпейт, ошондуктан дарыгерлер токтоосуз куткаруу үчүн коргоочу даяр антителолорду (сары суу) куят. 

Эмдөөнү кандай көтөрүшөт?

Препарат коопсуз жана аны алгандар жакшы көтөрүшөт.

  • Ченемдеги реакция: Ийне сайган жерде бир аз кызаруу, шишимик тартуу же сыздаган оору пайда болушу мүмкүн. Кээ бир учурда  температура бир аз жогорулашы же алсыздык келип чыгышы ыктымал. Бул ченемдеги көрүнүш—  организм мындай кылуу менен коргонууну курат. 2–3 күн ичинде бардыгы өтүп кетет. 
  • Качан жасоого болбойт: катуу суук тийгенде же өнөкөт оорулар курчуган учурда (эмдөөнү айыкканга чейин жылдырышат), ошондой эле мурда ушул вакцинага оор аллергия болгон болсо.

Өзүңөрдүн коргооңорду текшергиле!

Үй-бүлөлүк дарыгерге кайрылгыла. 10 жылда бир жолу эмдөө алуу, бакчадагы же сейилдөө учурундагы жөнөкөй эле тытып алуу сиздин өмүрүңүз үчүн коркунуч болбой тургандыгына кепилдик берет.

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *