Ооруга чалдыгуу мезгилдүү жогорулаган учурда алдын алуу чараларын өз учурунда көрүү жанасимптомдор пайда болгон учурда медициналык жардамга кайрылуу маанилүү.
Учурда бүт республика боюнча гриппке каршы алдын алуучу эмдөө жүргүзүлүп жатат. Биринчи кезекте эмдөө тобокелчилик тобуна таандык болгон: өнөкөт оорулары бар адамдарга, 65 жаштан жогорку курактагыларга, кош бойлуу аялдарга, көп ооруган балдарга жана медицина кызматкерлерине сунушталат.
Эмдөөнү Үй-бүлөлүк медицина борборлорунан акысыз алууга болот.
Каалоочулар ошондой эле эмдөөнү акы төлөөнүн негизинде Бишкек шаарынын медициналык уюмдарынан алса болот. Вакцинанын бир дозасынын баасы 850 сомдон жогорку бааны түзөт. Эмдөө төмөнкү медициналык уюмдарда: ЦАДМиР, «Кроха», «Малыш», «Эдельвейс», «Интермедикал», «Авицена», «Клиника 21», «Чипенко», «Комфорт Мед» жана №312 бейтапканада жүргүзүлөт.
Ал эми балдарга КДВОнун (курч дем вирустук оорулар) биринчи симптомдорунда өз учурунда медициналык жардам көрсөтүү үчүн Бишкек шаарынын Үй-бүлөлүк медицина борборлорунда адистештирилген колл-борборлор уюштурулган. Ата-энелер телефон аркылуу колл-борборлорго кайрылып жана аралыктан – баштапкы кеңеш берүүдөн тарта ооруканага жаткырууга көрсөтмөлөрдү аныктаганга чейинки консультативдик жардам ала алышат.
Бишкек шаарынын ҮМБсынын колл-борборлору:
№ Уюмдун аталышы Колл-борбор телефон номери
1 №1 Үй-бүлөлүк медицина борбору 0501323156
2 №2 Үй-бүлөлүк медицина борбору 0559203103
3 №3 Үй-бүлөлүк медицина борбору 0500755471
4 №4 Үй-бүлөлүк медицина борбору 0704706773
5 №5 Үй-бүлөлүк медицина борбору 0500706911
6 №6 Үй-бүлөлүк медицина борбору 0558299808
7 №7 Үй-бүлөлүк медицина борбору 0500060868
8 №8 Үй-бүлөлүк медицина борбору 0700157609
9 №9 Үй-бүлөлүк медицина борбору 0550359050
10 №10 Үй-бүлөлүк медицина борбору 0990507015
11 №11 Үй-бүлөлүк медицина борбору 0500530010
12 №12 Үй-бүлөлүк медицина борбору 0501121293
13 №13 Үй-бүлөлүк медицина борбору 0707366084
14 №14 Үй-бүлөлүк медицина борбору 0550103150
15 Темир жол бейтапканасы 0709372849.
Колл-борборлор жекшембиден башка күндөрү саат 08:00ден 18:00ге чейин иштейт. Эпидемиологиялык кырдаалга жараша колл-борборлордун иштөө убактысы 20:00ге чейин узатылышы мүмкүн.
Алдын алуу чараларын көрүү, өз учурунда эмдөө алуу жана медициналык жардамга кайрылуу татаалдашуулар тобокелчилигин жана инфекциянын жайылуусун азайтууга жардам берет.

