Туура кол жууганды билесизби? (Адамдардын 90%ы жаңылышат)

Пандемия бизди антисептиктерди дайыма жаныбызда алып жүрүүгө үйрөттү. Бирок ичеги-карын инфекциялары өзүнүн катуу эрежелерин талап кылат. Сиздин адаттарыңыз кооптуу микробдордон чындап эле коргойбу? Текшерип көрүңүз.

1-суроо

Сиз пляжга келип, дарбыз жегени жатасыз. Жаныңызда суу жок. Колуңузду антибактерияга каршы нымдуу салфетка менен жакшылап сүрттүңүз. Эми эмне кыласыз?

А) Дарбызды колум менен эле жейм, салфетка бактерияга каршы эмеспи!
Б) Ишенимдүү болуш үчүн үстүнөн антисептик менен сүйкөйм.
В) Дарбызды вилка менен же салфетка аркылуу жегенге аракет кылам, манжаларымды дарбызга тийгизбегени аракет кылам.

Туура жооп: В

CDCнин далилдүү маалыматтарына ылайык: нымдуу анитибактериалык салфеткалар кирди кетирбейт, болгону аны микробдор менен кошо теринин бетине жайылтып коёт. Жай мезгилиндеги тер жана май бактериялар үчүн коргоочу катмарды түзөт. Ошондуктан нымдуу салфетка кол жууну алмаштыра албайт. Эгер колду жууш мүмкүн болбосо, манжалардын тамак-аш менен түз тийишүүсүнө жол бербөө керек.

2-суроо

Көчөдөн келгенден кийин же коомдук дааратканада колуңузду самындап жууганга канча убакыт кетиресиз?

А) 3–5 секунд (колумду суулап, самындап, дароо чайкап коём).
Б) Болжол менен 20 секунд (манжалардын арасын жана тырмактарды жакшылап сүртүүгө жетишем).
В) Самындын көбүгү боз түскө айланганга чейин.

Туура жооп: Б

ДССУнун далилдүү маалыматтарына ылайык: самын вирустар менен бактериялардын коргоочу кабыгын бузууга жетишүүсү үчүн колду кеминде 20 секунд сүртүү зарыл. Калк үчүн жөнөкөй багыт катары – ушул убакыт аралыгында балдар ырын эки жолу ичинен кайталап айтууга болот. 5 секунддук жуу колду болгону нымдап коюу болуп эсептелет жана микробдордун басымдуу бөлүгү териде кала берет.

3-суроо

Жайдын аптабында инфекцияны сөзсүз жок кылуу үчүн кол жууганда кандай сууну тандайсыз?

А) Абдан ысык, дээрлик кайнак сууну – микробдор «бышып» калсын деп.
Б) Ыңгайлуу салкын же жылуу сууну.
В) Муздак сууну – суук дагы микробдорду жок кылат деп.

Туура жооп: Б

ДССУнун маалыматына ылайык: суунун температурасы микробдорду кетирүүгө олуттуу таасир этпейт. Бактерияларды жок кылуу үчүн суу кайнак болушу керек, бирок мындай температура терини күйгүзүп коюшу мүмкүн. Ысык суу терини кургатып, майда жарааттарды пайда кылат. Ал эми инфекциялар мындай жарааттар аркылуу организмге оңой кирет. Эң маанилүүсү – самындын көбүгү менен колду жакшылап сүртүү, ал эми суу жөн гана ыңгайлуу температурада болушу керек.

4-суроо

Кафеде колуңузду жуудуңуз. Аны эмне менен кургатасыз?

А) Аба үйлөгөн электр кургаткыч менен.
Б) Бир жолу колдонулуучу кагаз сүлгү менен.
В) Кийип турган кийимиме сүртөм же жөн эле колумду абада силкилдетем.

Туура жооп: Б

Ооруканалардагы гигиеналык изилдөөлөр көрсөткөндөй: электр кургаткычтар дааратканадагы абаны өзүнө соруп алып, анын курамындагы бактерияларды кайрадан таза колго үйлөп чыгарышы мүмкүн. Бир жолу колдонулуучу кагаз сүлгү эң коопсуз тандоо болуп саналат. Ал тирүү калган микробдордун калдыктарын механикалык түрдө тазалап, колдун кайра булганышына жол бербейт.

5-суроо

Тамактанаардын алдында кол жууп жатасыз. Манжаларыңызда шакек, билегиңизде саат бар. Эмне кыласыз?

А) Баарын чечпей эле колумду жууйм, самын шакектин алдына деле кирет.
Б) Кол жууганга чейин зер буюмдарды чечем же аларды жылдырып, астындагы терини жакшылап жууп чыгам.
В) Шакектердин үстүнөн антисептик менен сүртөм.

Туура жооп: Б

Медициналык протоколдорго ылайык: шакек, билерик жана сааттын алдында тер жана ным топтолот. Бул бактериялардын көбөйүшү үчүн эң ыңгайлуу шарт болуп саналат. Эгер алардын алдындагы тери жакшы жуулбаса, микробдор дароо кайрадан таза колго жайылып кетет. Мындай учурда кол жуунун натыйжалуулугу төмөндөйт.

Тесттин жыйынтыгы

4–5 туура жооп

«Гигиена профессору»

Сиз жай мезгилиндеги инфекциялардан мыкты коргоносуз! Сиздин адаттарыңыз өзүңүздү жана үй-бүлөңүздү оорудан сактоого жардам берет. Ушундай улантыңыз!

2–3 туура жооп

«Коркунуч зонасында»

Сиз колуңузду жууйсуз, бирок маанилүү каталарды кетиресиз (мисалы, электр кургаткычтарга же нымдуу салфеткаларга өтө ишенесиз). Жайында микробдор мындай каталарды кечирбейт. Колду туура жуу боюнча маалыматтык эс тутум менен таанышып чыгууну сунуштайбыз.

0–1 туура жооп

«Сальмонелланын сүймөнчүгү»

Сиздин адаттарыңыз курч ичеги-карын инфекцияларына түз жол ачат. Гигиенага болгон мамилеңизди тез арада оңдоңуз!

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *