Бүгүн 21-августта «Сейтек» балдар жана өспүрүмдөр улуттук борборунда «Доор өзгөрткөн билим: жаратман мугалим – өнүккөн өлкө» аттуу Улуттук педагогикалык форум өтүүдө. Форумдун алкагында катышуучулар үчүн «Ден соолук зонасы» уюштурулуп, форумдун катышуучулары үчүн жүрөк-кан тамыр ооруларын эрте аныктоого багытталган ден соолукту текшерүү – чек-ап жүргүзүлдү. Текшерүүдө артериалдык кан басым, кандагы канттын жана холестериндин деңгээлин өлчөө, ошондой эле салмак жана бойду ченөө менен дененин салмак индекси аныкталды.


«Ден соолук зонасынын» алкагында форумдун катышуучулары үчүн жүрөк-кан тамыр ооруларынын (ЖКТО) тобокелдик факторлорун эрте аныктоого багытталган ден соолукту текшерүү – чек-ап жүргүзүлдү. Скринингге Саламаттык сактоо министри Дамирбек Осмонов, Агартуу министри Догдуркуль Кендирбаева жана Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министри Гульзат Исаматова катышты.



Иш-чараны Саламаттык сактоо министрлигинин Республикалык ден соолукту чыңдоо жана массалык коммуникация борборунун (РДЧжМКБ) жана Улуттук кардиология жана терапия борборунун (УКжТБ) адистери өткөрүштү.
Адистер катышуучуларга жугуштуу эмес оорулардын (ЖЭО), анын ичинде жүрөк-кан тамыр ооруларынын негизги тобокелдик факторлору тууралуу маалымат берип, оорулардын алдын алуунун, ден соолук абалына өз убагында көңүл буруунун жана үзгүлтүксүз медициналык текшерүүдөн өтүүнүн маанилүүлүгүн түшүндүрүштү.
Мындай профилактикалык иш-чаралар ооруларды эрте аныктоого жана калктын ден соолукка болгон жоопкерчиликтүү мамилесин калыптандырууга багытталган.
Педагогикалык форумдун алкагында «Ден соолук зонасынын» уюштурулушу билим берүү жана саламаттык сактоо тармактарынын кызматташуусунун маанилүүлүгүн көрсөтөт. Мугалимдердин өз ден соолугуна кам көрүүсү жана сергек жашоо образын кармануусу окуучулар үчүн да маанилүү үлгү болуп саналат.










