Бишкекте «Дени сак шаарлар, райондор жана айыл аймактары» программасын өнүктүрүү маселеси талкууланды

30-сентябрда Бишкек шаарында Кыргыз Республикасынын 2019–2030-жылдарга карата «Дени сак адам – өнүккөн өлкө» мамлекеттик программасынын алкагында «Дени сак шаарлар, райондор жана айыл аймактары» программасын ишке ашырууга арналган тегерек стол өттү.

Иш-чаранын негизги максаты – калктын ден соолугун сактоо жана чыңдоо багытында секторлор аралык өз ара аракеттенүүнү күчөтүү, мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жана саламаттык сактоо системасынын биргелешкен аракеттерин координациялоо.

Иш-чараны Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Республикалык ден соолукту чыңдоо жана массалык коммуникациялар борбору уюштурду. Тегерек столду Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо министринин орун басары Гульбара Ишенапысова ачты.

Тегерек столдун ишине Саламаттык сактоо министрлигинин өкүлдөрү менен катар Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттиктин, Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун (ДСУ), ошондой эле башка кызыкдар мамлекеттик жана муниципалдык уюмдардын өкүлдөрү катышты.

Жолугушуунун жүрүшүндө «Дени сак шаарлар» программасынын тарыхы жана негизги принциптери, Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун «Бардык саясаттарда ден соолук» ыкмасы, ошондой эле Кыргызстанда программаны ишке ашыруунун актуалдуу маселелери талкууланды.

Өзгөчө көңүл Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги менен Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттиктин биргелешкен буйругун ишке ашырууга, анын ичинде иш-чаралар планына, индикаторлорго жана отчеттуулук формаларына бурулду. Ошондой эле Кыргызстандын калкынын ден соолугун сактоо жаатындагы негизги көйгөйлөр жана артыкчылыктуу багыттар тууралуу маалыматтар берилди.

Тегерек столдун жыйынтыгында программаны мындан ары өнүктүрүүгө, ошондой эле улуттук жана жергиликтүү деңгээлдерде секторлор аралык кызматташууну күчөтүүгө багытталган резолюция кабыл алынды.

«Дени сак шаарлар, райондор жана айыл аймактары» программасы калктын ден соолугун чыңдоого, жашоо-турмушунун сапатын жогорулатууга жана сергек жашоо үчүн жагымдуу чөйрөнү түзүүгө багытталган шарттарды камсыз кылуу максатында ар түрдүү тармактардын күч-аракеттерин бириктирүүнү көздөйт.

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *