14–15-сентябрда Бишкек шаарында “Бирдиктүү ден соолук” программасы боюнча экинчи аймактык кеңешме өтүүдө. Жыйын Борбордук Азияда “Бирдиктүү ден соолук” ыкмасын ишке ашыруу жана мындан ары өнүктүрүү маселелерине арналган.
Иш-чара Борбордук Азиянын Аймактык экологиялык борбору (БААЭБ) жана Дүйнөлүк банк менен биргеликте, КРнын Министрлер Кабинетинин Коомдук саламаттыкты сактоо боюнча координациялык кеңешинин алдындагы “Бирдиктүү ден соолук” комитети жана төрт тараптуу альянстын өнөктөштөрү БУУнун Азык-түлүк жана айыл чарба уюму , БУУнун Айлана-чөйрө боюнча программасы, Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму жана Дүйнөлүк жаныбарлардын саламаттыгы уюму менен өз ара кызматташтыкта уюштурулууда.
Кеңешме “Борбордук Азияда пандемиялардын алдын алуу, азык-түлүк системаларынын туруктуулугун жана экосистемалардын саламаттыгын жогорулатуу үчүн (1-фазадагы) “Бирдиктүү ден соолук” долбоорунун алкагында өткөрүлүүдө.
Жыйынга Борбордук Азиянын бардык беш өлкөсүнүн саламаттык сактоо, айыл чарба, экология/айлана-чөйрөнү коргоо министрликтеринин өкүлдөрү, ошондой эле эл аралык уюмдардын, илимий жана эксперттик коомчулуктун өкүлдөрү катышууда.
Жолугушуунун алкагында адамдын, жаныбарлардын жана айлана-чөйрөнүн саламаттыгы жаатындагы секторлор аралык кызматташтык, зооноздук оорулардын алдын алуу, микробго каршы препараттарга туруктуулук, азык-түлүк коопсуздугу, ошондой эле аймактык кызматташтыкты өнүктүрүү маселелери талкууланууда.
Жыйындын маанилүү бөлүгү Кыргызстанда “Бирдиктүү ден соолук” программасынын улуттук компонентин ишке ашырууга жана аны аймактык демилгелер менен мындан ары интеграциялоого арналды.
КРнын саламаттык сактоо министринин орун басары Гүлбара Ишенапысова “Кыргызстандагы Бирдиктүү ден соолук” программасы аттуу презентация менен чыгып, өлкөдө “Бирдиктүү ден соолук” ыкмасын ишке ашыруунун негизги багыттары жана артыкчылыктары тууралуу маалымат берди.
Кеңешменин экинчи күнүнүн алкагында, 15-сентябрда, аймактык илимий күн өткөрүлөт. Анын жүрүшүндө адистер жана изилдөөчүлөр жүргүзүлгөн изилдөөлөрдүн жыйынтыктарын сунуштап, климаттын өзгөрүшү, зооноздук оорулар, лабораториялык кызматташтык жана антибиотиктерге туруктуулукка байланыштуу актуалдуу маселелерди талкуулашат.
Кеңешме Борбордук Азия өлкөлөрүнүн жана өнөктөштөрдүн ортосундагы координацияны жана практикалык кызматташтыкты күчөтүүгө, ошондой эле адамдардын, жаныбарлардын жана айлана-чөйрөнүн саламаттыгын коргоого багытталган.



