2026-жылдын 24-ноябрында Бишкек шаарында «Менин үнүм – менин келечегим» аттуу республикалык форум болуп өттү.
Форумдун алкагында Республикалык ден соолукту чыңдоо жана массалык коммуникация борбору (РДЧжМКБ) тарабынан атайын тематикалык аянтча — «Ден соолук бурчу» уюштурулду.
Аянтчанын жүрүшүндө форумдун катышуучуларына Борбордун билим берүү уюмдарында, анын ичинде мектеп чөйрөсүндө жүргүзүп жаткан ишмердүүлүгү тууралуу маалымат берилип, сергек жашоо образы жана оорулардын алдын алуу боюнча адистер тарабынан консультациялар өткөрүлдү.
Ошондой эле балдар жана өспүрүмдөр арасында оорулардын алдын алуу, сергек жашоо образын калыптандыруу боюнча маалыматтык плакаттар жана материалдар таратылды.
Мындан тышкары, мугалимдер үчүн кандагы глюкозанын деңгээлин жана артериялык кан басымын өлчөө иш-чаралары уюштурулду. Бул иш-чаралар ден соолукту үзгүлтүксүз көзөмөлдөөнүн жана оорулардын алдын алуунун маанилүүлүгүнө көңүл бурууга багытталды.
РДЧжМКБнын форумга катышуусу мектеп чөйрөсүндө жүргүзүлүп жаткан иштер менен тааныштыруу, ошондой эле балдардын, өспүрүмдөрдүн жана чоңдордун ден соолугун сактоо жана чыңдоо боюнча калктын маалымдуулугун жогорулатуу үчүн маанилүү аянтча болду.
Ден соолук — ар бир адамдын баалуулугу эми дени сак келечек бүгүнкү камкордуктан башталат!


