Бүткүл дүйнөлүк гепатитке каршы күрөшүү күнү: Өз статусуңду бил – ден соолугуңду корго!

Жыл сайын 28-июлда Бүткүл дүйнөлүк гепатитке каршы күрөшүү күнү белгиленет. Бул күндүн максаты – вирустук гепатиттер көйгөйүнө коомчулуктун көңүлүн буруу, алдын алуу чаралары, өз убагында текшерүүдөн өтүүнүн мааниси жана дарылоонун жеткиликтүүлүгү тууралуу калктын маалымдуулугун жогорулатуу.

В жана С вирустук гепатиттери көп жылдар бою эч кандай белгилерсиз өтүшү мүмкүн. Бирок өз убагында аныкталбай жана дарыланбай калган учурда боордун оор илдеттерине алып келиши ыктымал. Ооруну эрте аныктоо дарылоону өз убагында баштоого жана оор кесепеттердин алдын алууга мүмкүндүк берет.

Кыргыз Республикасында В жана С вирустук гепатиттерине текшерүү, В вирустук гепатитине каршы эмдөө, ошондой эле өнөкөт вирустук гепатит менен ооругандарды дарылоо республикалык бюджеттин эсебинен акысыз жүргүзүлөт.

2026-жылдын биринчи жарым жылдыгында В вирустук гепатитине 235 миңден ашуун, С вирустук гепатитине 234 миңден ашуун, ал эми D вирустук гепатитине 20 миңден ашуун адам текшерүүдөн өттү.

Учурда дарыланууда:

–           В вирустук гепатити боюнча – 6 229 бейтап;

–           В жана D вирустук гепатиттеринин кош инфекциясы боюнча – 3 244 бейтап;

–           С вирустук гепатити боюнча – 7 541 бейтап, алардын ичинен 6 573 адам дарылоону ийгиликтүү аяктап, туруктуу вирусологиялык жоопко жетишти.

В вирустук гепатитине каршы эмдөөнүн алкагында:

–           биринчи доза – 446 319;

–           экинчи доза – 358 159;

–           үчүнчү доза – 250 534 адамга жүргүзүлдү.

Калктын маалымдуулугун жогорулатуу жана профилактикалык кызматтардын жеткиликтүүлүгүн кеңейтүү максатында Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги тарабынан Бүткүл дүйнөлүк гепатитке каршы күрөшүү күнүнө карата он күндүк иш-чараларды өткөрүү жөнүндө буйрук кабыл алынган. Анын алкагында өлкө боюнча маалыматтык-түшүндүрүү иш-чаралары, акциялар жана калк үчүн консультациялар уюштурулууда.

Өлкөнүн бардык Үй-бүлөлүк медицина борборлорунда Ачык эшиктер күндөрү өткөрүлүп, жарандар вирустук гепатиттерге акысыз текшерилип, дарыгерлерден кеңеш алып, эмдөө макамын текшерип, акысыз дарылануу мүмкүнчүлүктөрү тууралуу маалымат ала алышат.

Мындан тышкары, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен биргеликте көчмө профилактикалык иш-чаралар уюштурулууда. Алардын жүрүшүндө жарандар алгач В жана С вирустук гепатиттерине экспресс-тесттен акысыз өтүшөт. Эгерде тесттин жыйынтыгы терс чыгып, эмдөөгө каршы көрсөтмөлөр жок болсо, ошол эле жерде дароо В вирустук гепатитине каршы эмдөө жүргүзүлөт. Мындай ыкма бир эле учурда ооруну эрте аныктоого, кошумча текшерүүгө жана дарылоого муктаж адамдарды табууга, ошондой эле дени сак адамдарды эмдөө аркылуу коргоого мүмкүндүк берет. Бул өзгөчө алыскы аймактардын тургундары үчүн медициналык кызматтардын жеткиликтүүлүгүн кыйла жакшыртат.

2024-жылы Кыргыз Республикасында биринчи жолу өлкөнүн бардык аймактарын камтыган, дээрлик 8 миң адам катышкан В, С жана D вирустук гепатиттери боюнча улуттук серопреваленттик изилдөө жүргүзүлгөн. Изилдөөнүн жыйынтыгында өнөкөт В вирустук гепатитинин жайылышы 3,3%, С вирустук гепатитинин жайылышы 1% экени аныкталган. Ошондой эле эмдөөнүн натыйжасында балдар арасында В вирустук гепатитинин таралышы өтө төмөн – 0,2% деңгээлинде экени белгилүү болгон. Мындан сырткары, изилдөө калктын вирустук гепатиттер боюнча маалымдуулугу жетишсиз экенин көрсөтүп, маалыматтык-түшүндүрүү иштерин, эрте аныктоо, алдын алуу жана дарылоо боюнча чараларды мындан ары да күчөтүү зарылдыгын тастыктады.

Изилдөөнүн жыйынтыктары вирустук гепатиттердин алдын алуу, аныктоо жана дарылоо боюнча мамлекеттик саясатты өркүндөтүүгө илимий негиз болуп берип, профилактикалык иш-чаралардын натыйжалуулугун жогорулатууга жана саламаттык сактоо тармагындагы ресурстарды натыйжалуу пландаштырууга өбөлгө түзөт.

Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги жана Республикалык кан аркылуу жугуучу вирустук гепатиттерди жана АИВ көзөмөлдөө борбору жарандарды В жана С вирустук гепатиттерине текшерилүүгө, эмдөө макамын текшерүүгө жана В вирустук гепатитине каршы эмдөөдөн өтпөгөн болсо, жашаган жери боюнча саламаттык сактоо уюмунда акысыз эмдөөдөн өтүүгө чакырат.

Ооруну өз убагында аныктоо дарылоону эрте баштоого мүмкүндүк берет, ал эми эмдөө В вирустук гепатитинен коргонуунун эң натыйжалуу жолу болуп саналат.

Ден соолугуңузга кам көрүңүз! Текшерүүдөн өтүңүз, В вирустук гепатитине каршы эмдөөдөн алыңыз жана эгер сизде вирустук гепатит аныкталса, мамлекет тарабынан акысыз көрсөтүлгөн медициналык жардамдан пайдаланыңыз.

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *