Бейтаптын укуктары жана кайтарым байланыш: ачык-айкын саламаттык сактоонун негизи

Бейтап жана медициналык кызматкерлердин ортосундагы ишеним болбосо сапаттуу медициналык жардам мүмкүн эмес. Дал ошондуктан Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги бейтаптардын укуктарын, медициналык этиканын принциптерин сактоого жана кайтарым байланыш механизмдерин өнүктүрүүгө өзгөчө көңүл буруп жатат.

Ар бир жаран сый-урмат менен жасалган гумандуу мамилеге, өзүнүн ден соолугунун абалы тууралуу так маалымат алууга, дарылоого тиешелүү чечимдерди кабыл алууга катышууга, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамында каралган көлөмдө медициналык жардам алууга укуктуу.

Өзүңөрдүн укуктарыңарды билгиле

Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фонду (ММКФ) камсыздандырылган жарандар Мамлекеттик кепилдиктер программасынын алкагында акысыз же жеңилдетилген медициналык жардам алууга укуктуу экендигин эске салат.

Жарандар төмөнкүлөрдү билүүгө тийиш:

• көрсөтмөлөр бар болгондо жана учурдагы мамлекеттик кепилдиктердин алкагында көптөгөн медициналык кызматтар акысыз көрсөтүлөт;

• медициналык кызматтар үчүн бардык төлөмдөр медициналык мекеменин кассасы аркылуу гана кассанын чегин милдеттүү түрдө берүү менен жүргүзүлүүгө тийиш;

• акы төлөнүүчү кызматтар, дары каражаттары же чыгымдоочу материалдар боюнча суроолор келип чыккан учурда бейтап түшүндүрүп берүүсү үчүн дарылоочу дарыгерге, бөлүм башчыга же саламаттык сактоо уюмунун администрациясына кайрылууга укуктуу;

• кош бойлуу аялдар каттоого тургузулгандан кийин камсыздандырылган адамдын статусуна ээ болот жана каралган медициналык жардамдын көлөмүн акысыз алууга укуктуу;

• 18 жашка чейинки балдар калктын жеңилдетилген категориясына кирет жана Мамлекеттик кепилдиктер программасына ылайык медициналык жардам алууга укуктуу. Берилип жаткан жеңилдиктердин көлөмү баланын курагынан жана ооруканага жаткыруунун форматынан көз каранды.

Мындан тышкары, жарандарга баштапкы медициналык-санитардык жардам көрсөтүү уюмдарындагы акысыз лабораториялык-диагностикалык изилдөөлөр жеткиликтүү. Изилдөөлөрдүн көлөмү бейтаптын камсыздандыруу статусунан жана үй-бүлөлүк дарыгердин жолдомосунун бар болуусунан көз каранды.

Акысыз көрсөтүлүүчү медициналык кызматтардын тизмеси менен ар бир саламаттык сактоо уюмунда жайгаштырылган маалыматтык такталардан же ММКФнын https://foms.kg/ru/index/ сайтынан таанышууга болот.

Сиздин ой-пикириңиз саламаттык сактоону жакшыртууга жардам берет

Саламаттык сактоо министрлиги жарандарга медициналык уюмдардын ишин жакшыртууга катышууга мүмкүнчүлүк бере турган аспаптарды ырааттуу жайылтууда.

Мындай механизмдердин бири саламаттык сактоо уюмдарында жайгаштырылган QR-коддор аркылуу кайтарым байланыш системасы болуп саналат.

Смартфондун камерасы же «Түндүк» уюлдук тиркемесинин жардамы менен бейтаптар QR-кодду скандап  жана кыскача анкетаны толтура алышат. Бул  медициналык жардамдын сапаты, персоналдардын иши, кабыл алууну уюштуруу жана тейлөөнүн башка аспекттери тууралуу маанилүү маалымат алууга мүмкүнчүлүк берет.

Алынган ой-пикирлер көйгөйлүү маселелерди талдоо, башкаруучу чечимдерди кабыл алуу жана медициналык кызматтардын сапатын андан ары жакшыртуу үчүн колдонулат.

Эгерде сиздин укуктарыңыз бузулса

Медициналык жардам алуу тартиби, Мамлекеттик кепилдиктер программасында каралган кызмат көрсөтүүдөн баш тартуу жаатында көйгөйлөр келип чыккан учурда же башка талаштуу кырдаалдарда жарандар ошондой эле ММКФнын күнү-түнү иштөөчү ыкчам байланышуу бөлүмүнө 113 номери аркылуу кайрыла алышат.

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *