Журнал Ден соолук+

Ден соолук плюс №8

2066

Бүбүжан Арыкбаева:

«БАЛДАР ЖАНА ӨСПҮРҮМДӨР АРАСЫНДА ЖЭО МЕНЕН КҮРӨШҮҮ БОЮНЧА СТРАТЕГИЯЛЫК КАДАМДАР АНЫКТАЛДЫ»

Калктын саламаттыгы жаатында жугуштуу эмес оорулардын (ЖЭО) алдын алуу чоң мааниге ээ. Буга байланыштуу балдар жана өспүрүмдөр арасында республикада бир катар изилдөөлөр жүргүзүлүүдө. Бул тууралуу саламаттык сактоо министринин орун басары Бүбүжан Арыкбаева менен маектештик.

— Бүбүжан Камчыбековна, айтыңызчы, республика боюнча калк арасында жугуштуу эмес ооруларга (ЖЭО) чалдыгуу деңгээли кандай? Бул оорулардын арасында жүрөк-кан тамыр оорулары боюнча кырдаалга токтоло кетсеңиз.

Кыргызстанда бүткүл европалык аймактагыдай эле жугуштуу эмес оорулар менен күрөшүү маселеси курч бойдон турат. Ооруга чалдыгуунун жалпы структурасында ооруга чалдытуу жана майыптуулуктун 80%дан көбү жугуштуу эмес ооруларга туура келет. Жүрөк-кан тамыр оорулары олумдун негизги себептери болуп саналат, ага жалпы олумдун санынын 49%ы туура келет. Өлүмдүн болжол менен 15%ы башка жугуштуу эмес оорулар менен шартталган: 10%ын рак, 4%ын өнөкөт респиратордук оорулар, 1%ын кант диабети түзөт. Ашыкча салмак жана семируудон калктын 56%ы жана 20 жаштан жогорку курактагылар жала чегишет. Балдар арасында ашыкча дене салмагынын эсептик жайылуусу 9%ды түзөт, ошол эле учурда ушул курак тобунда даты эле тамактануунун жетишсиздиги орун алган, алардын арасында 5 жашка чейинки балдарда бойдун өсүүсүнүн кечигиши, 3%ы арыктоо көйгөйү жана 3%ы дене салмагынын өтө аздыгы аныкталган.

— Бүткүл дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун (БДСУ) Борбор Азия боюнча баа берүүсү кандай?

-Акыркы бир нече жылдын ичинде БДСУнун Европа аймагынын Борбор Азия өлкөлөрүндө интенсивдүү урбанизация жана глобалдашуунун натыйжасында технологиялык иштетүүгө дуушар болгон тамак-аш азыктары менен камсыздоонун тамактануу структурасында жылыштар байкалат. Тамактануу режиминдеги буга байланышкан өзгөрүүлөр өзүнө клетнаткага бай тамак-ашты керектөө деңгээлинин төмөндөөсүн жана көбүнчө жогорку калориялуу болгон май, кант жана тузду көп өлчөмдө камтыган кайра иштетилген азыктарды пайдалануунун көбөйүүсүн камтыйт, ошондой эле салмак кошуунун жогорку темптери жана жугуштуу эмес оорулардын келип чыгуусун элестетет.

Өлкөдө жугуштуу эмес ооруларга карты күрөшүү жаатында кандай иш-чаралар зарыл?

Жалпысынан алганда Кыргызстанда 2006-жылдан тарта жасалып жаткан аракеттерге карабастан ЖЭО жүгү барган сайын курн сезилүүдө, бул ЖЭО менен күрөштөгү мамилелердин өзгөрүүсүнө күбө болот. Өлкөгө бир жолку жана кууш ведомстволук чаралардан стратегиялык пландоого жана программалык ишмердүүлүккө өтүү зарыл. Сергек жашоо мүнөзүнүн көндүмдөрүн калыптандыруу жана алдын алуу иштерин жүргүзүү, өз ден соолугу үчүн жоопкерчиликке үйрөтүүнү бала чагынан баштоо эффективдүү.
Жугуштуу эмес оорулардын өнүгүүсүнө түрткү берүүчү белгилүү болгон далилденген себептерге жана факторлорго карабастан, Кыргыз Республикасы балдардын жана өспүрүмдөрдүн ден соолүгунүн абалын жана жугуштуу эмес оорулардын өнүгүүсүнө өбөлгө түзүүчү факторлорду изилдөөгө багытталган эл аралык изилдөө платформаларына активдүү катышып жатат.

-Акыркы жылдарда кандай изилдөөлөр жасалды?

— Өлкөдө акыркы 5 жыл ичинде бир катар изилдөөлөр жүргүзүлдү. Мектеп жашындагы балдардын ден соолукка карата жүрүм-туруму (НВ8С) нзилдөөсү: 11,13 жана 15 жаштагы өспүрүмдөрдүн 50,1 %ы окуган күндөрү күн сайын эртең мененки тамакты ичишет. 48,1%ы тиштерин күнүнө эки жана андан көп жолу тазалашат. Өспүрүмдөр арасында күнүнө 60 мүнөттөн кем эмес күн сайын физикалык активдүүлүк 11 жашта 30,5%дан 13 жашта 25,6%га чейин жана 15 жашта 23,6%га чейин төмөндөгөн. Жаштар арасында тамеки колдонуу боюнча глобалдуу сурамжылоодо (GYTS) (13 жаштан 15 жашка чейинки курактагы окуучулар арасында): 6%ы тамеки заттарын — (9,6% эркек балдар жана 2,4% кыздар), окуучулардын 2,8%ы электрондук сигарет пайдаланышкандыгы аныкталган. Ал эми учурда чылым чеккен 10 окуучунун ичинен жетөөсү (73.4%) тамеки заттарын пайдаланууну токтотууну каалашат. 58,5% окуучу курагына байланыштуу тамеки заттарын сатып алууда тоскоолдуктарга дуушар болушкан эмес. 10 окуучунун ичинен 3 окуучу (26.7%) соода туйүндөрүнөн тамеки заттарынын жарнамасын жана маркетингин байкашкан.

— Эң бир орчундуу изилдөө Кыргызстанда дагы мектеп окуучуларынын арасында жүрдү. Ошол изилдөө боюнча дагы сөз кыла кетсеңиз?


-Балдардагы ашыкча салмакка эпидкөзөмөл боюнча БДСУнун европалык демилгеси (COSI) изилдөөсү бир топ көйгөйдү алып чыкты. Алсак, 7-8 жаштагы балдар арасында арыктоонүн жайылуүсу 3,1 %ды, ашыкча салмактынжайылышы (анын ичинде семирүү) — 9,7%, ал эми семирүү — 2,6%ды түздү. Ата-энелердин өтө аз үлүшү алардын балдары жашылча (31,1%), жемиштерди (18,2%) күн сайын жей тургандыгын белгилешкен. 31,5% балдар кант камтыган алкоголсуз суусундуктарды жумасына үч жолудан көп, ал эми 27,9%ы жумасына төрт жолудан көп пайдалана тургандыгын кабарлашкан. 67,3% бала бир жуманын ичинде аз кыймылдуу иштер менен алектенишет, телеберүүлөрдү көрүү жана электрондук жабдууларды пайдалануу.

Ал эми БДСУнун мектеп саламаттык сактоосунун улуттук системасын баалоо үчүн жүргүзүлгөн изилдөө кандай жыйынтыктарды берди?

-Бул изилдөөдө кадр даярдоонун төмөндүгү, мектептердеги кадр жетишсиздиги жана медицина кызматкерлеринин токтобой жатышы аныкталган. Медициналык кызматтарды көрсөтүүдө шаар жана айыл мектептеринин ортосунда чоң айырмачылык бар. Өзгөчө айыл аймактарында көрсөтүлүүчү кызматтардын саны чектелген, маалыматтарды башкаруу системасы жок. Изилдөөлөрдүн жыйынтыгы өлкөнүн оорулардын алдын алуу жана күрөшүү боюнча тамекиге каршы чөйрө түзүү демилгелерин жайылтуу, мектептеги тамактанууну жакшыртуу; физикалык активдүүлүк маданиятына көндүрүү; медициналык скрининг саясатын жаңылоо; балдарга жана өспүрүмдөргө багытталган агресивдүү маркетингди, энергия, май жана кантты көп камтыган тамак-аш азыктарын көзөмөлдөө, кант камтыган суусундүктар үчүн салык салуунү колдонуу аркылуу балдардын саламаттыгына стратегиялык кадамдарды аныктоого түрткү берет.

/ МАЕКТЕШКЕН
/ АЙМИРА МЕНДЕЕВА

Pages: 1 2 3 4 5 6 7 8 9 10 11 12 13 14 15 16 17

3 replies »

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован.