Нургүл Ибраева:
«ТУУРА ТАМАКТАНУУ АДАТЫ ҮЙ-БҮЛӨДӨН БАШТАЛАТ»
Жугуштуу эмес оорулардын алдын алуу глобалдуу маселе болгондуктан, тармактар аралык иштерди жүргүзүү керек. Бул туурасында КР Саламаттык сактоо министрлигинин Медициналык жардамды уюштуруу жана дары саясаты башкармалыгынын башкы адиси, ошондой эле жугуштуу эмес оорулар боюнча улуттук координатору Нургүл Ибраева менен маектештик.
— Жугуштуу эмес оорулар деген эмне?
— Бул негизги төрт ооруцан турган өнөкөт оорулардын тобу. Алар жүрөк-кан тамыр оорулары, кант диабети, өнөкөт деструктивдүү оорулар жана онкологиялык оорулар. Азыр аларга көп көңүл бурулууда, анткени алар биринчи кезекте өлүмдүн себептери болуп саналат. Жүрөк-кан тамыр ооруларынан өлүм көрсөткүчүн ала турган болсок, азыр ал 50%дан ашыкты түзөт.
— Эмне үчүн биз азыр жугуштуу
эмес оорулар менен күрөшүп
жатабыз?
— Анткени бул оору менен ооруган адамдардын баары мамлекеттин мойнунда, Саламаттык сактоо минмстрлигинин мойнунда турган оор жүк. Бул оорулар өнөкөт болгондуктан, алар жыл бою оорушат. Аларга көп каражат бөлүнөт. Азыркы учурда Саламаттык сактоо министрлиги мунун баарын эске алып, абалды оңдоо үчүн керектүү чараларды көрүп жатат. Карап көрсөк эркектердин өлүмү аялдарга караганда 2,5 эсе жогору экен. Анткени эркектер тамеки чегет, арак ичет.
Бул жүрөк-кан тамыр жана онкологиялык ооруларды өнүктүрүү үчүн негизгн коркунуч болуп саналат. Аялдардын абалы бир аз жакшыраак болгону менен алар да ушул эле оорулардан жапа чегишет. Мисалы, туура эмес тамактанып, салмаккошушат.
Ал эми ашыкча салмак кант диабетинин өнүгүшүнө алып келет. Кант диабети, тилек-ке каршы, күчөп кетсе майыптыкка жеткирет. Мисалы, гемодиализ алган бейтаптар бар, алар дагы кант диабетинен жапа чеккендер болушу мүмкүн. Бул Кыргызстандын эле эмес, бүткүл дүйнөнүн көйгөйү.
Бизде жугуштуу эмес оорулардын көйгөйлөрү чагылдырылган максаттуу программалар бар. Азыр бейтаптар биринчи кезекте үй-бүлөлүк дарыгерлерге, үй-бүлөлүк медайымдарга кайрылышкандыктан, ушул деңгээлде бир топ иштерди жүргүзүп жатабыз. Мисалы, жугуштуу эмес оорулардын өнүгүшү үчүн тобокелдик факторлорун аныктоо боюнча иш алып барышат. Башкача айтканда, адам тамеки тартабы, кандай тамактанат, анын физикалык активдүүлүгү кандай экендигин аныктайбыз.
Аймактарда үй-бүлөлүк дарыгерлердин жетишсиздигинен улам биз азыр медайымдардын функцияларын кеңейтип жатабыз. Эгерде мурда биздин медайымдар дарыгерлерге жардамчы гана болсо, азыр алардын статусун көтөрүп, дарыгердин тең укуктуу өнөктөшү кылып жатабыз. Үй-бүлөлүк медайымдын өзүнүн милдеттери жана жумуш орду болот. Ал ошондой эле тобокелдик факторлорун, ооруларды алгачкы этапта аныктоо менен алектенет. Белгилүү болгондой, биздин эл медиңиналык мекемелерге иш жүзүндө кайрылбайт. Кан басымын өлчөшпөйт, текшеришпейт, кант диабети, же башка өнөкөт оорулары менен ооруп калгаңда гана дарыгерлерге кайрылышат.
Айтайын дегеним, азыр жугуштуу эмес оорулар менен күрөшүү бир гана Саламаттык сактоо министрлигинин көйгөйү эмес, бул ведомстволор аралык мүнөзгө ээ. Ошондуктан азыр биз ведомстволор аралык жыйындарды кайра-кайра өткөрүп, ошол эле акциздер, салыктар боюнча бизге жардам бере турган тиешелүү министрликтерди жана ведомстволорду чакырып жатабыз. Эгерде биз алкоголдук ичимдиктерге, тамекиге акциздик салыкты көтөрө турган болсок, анын баасы кымбаттап, көп адамдар, айрыкча тамеки чекпеген, ичпеген жаштар үчүн сатып алуу мүмкүн эмес. Мындан бир нече жыл мурун мектеп окуучусу да акчасына тамеки сатып алчу, бирок, кудайга шүгүр, азыр тамекинин зыяндуулугу тууралуу мыйзам кабыл алынды. Азыр шаарда тамекинин дааналап сатылганын көрө албайсың. Бирок, бул мыйзам дайыма эле иштей бербейт. Демек, бул учурда Ички иштер министрлиги жардамга келет. Алар кафеге же тамеки чеккен адамга айып пул салышы керек. Экономика министрлиги тарабынан, албетте, бул акциздик салыктын көбөйүшү, башкача айтканда, Coca-Cola өтө арзан жана жеткиликтүү болбошу керек. Бул жаатта Бүгкүл дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму бизге көп жардам берип келе жатат.
— Демек айтууңуз боюнча, ата-эне балдарына көз салып, бул адаттар үй-бүлөдөн калыптанышы керек дегенди билдиреби?
— Ооба, балдар көбүнчө ата-энесин туурашат. Үй-бүлөдөн алар туура тамактанууну үйрөнүшү керек. Бирок ата-энелери зыяндуу тамактарды жесе, алар эмнени үйрөнүшөт? Анан албетте, мектептерде туура тамактануу, физикалык активдүүлүк тууралуу сабактар окутулушу керек. Ошол эле дене тарбия сабагынан өтүлүшү абзел жана ден соолукка зыяндуу тамак-аштар жөнүндө, сергек жашоо образы жөнүндө билиши зарыл.
Азыр биздин өлкөдө 18 жаштан жогорку адамдардын дагы кан басымын өлчөш керек деп болжоп жатабыз. Жакын арада жаш балдар арасында да пайда болушу мүмкүн. Анткени ашыкча салмагы бар балдар көп. Бул фаст фуд жана керексиз суусундуктардын натыйжасы. Физикалык активдүүлүк жок, үйдө компьютерде отурушат. Тилекке каршы, бул биздин чындык. Ошондуктан, албетте, биз аны менен күрөшүүбүз керек.
Ошондой эле Билим берүү министрлиги менен биргелешкен аракет экенин дагы бир жолу баса белгилегим келет. Мисалы, бала бакчадагы балдардын жөн эле курсагын тойгузуп коюу максат эмес, толук баалуу, тең, салмактуу азыктар болушу кажет.
— Ата-энелер балдарынын туура тамактануусун талап кыла алабы?
— Албетте, ар бир ата-эне мектепке же бала бакчага келип, баласы эмне жеп жатканын билүүгө укуктуу. Анткени жеке менчик бала бакчага 10 миң сомдон жогору төлөшөрүн билесиңер. Мамлекеттик бала бакчаларда дагы тамактанууну жакшыртуу үчүн кошумча төлөмдөрдү алышат. Демек, ата-энелер бала бакчадан, мектептен талап кылышса анда, албетте, алар зарыл болгон нерселерди жасашат. Анан эч бир ата-эне кызыгып келбесе, мектеп да каалаганын кылат. Мындан улам жугуштуу эмес оорулар өнүгөт. Демек, жалпы коом бул маселеге көңүл бурушу кажет.
/ МАЕКТЕШКЕН
/ АЛИЯ НАЗЫМОВА
Categories: Журнал Ден соолук+
Ишиңиздерге ийгилик. Журнал абдан кызыктуу болуптур.
Журнал содержит актуальные статьи! Спасибо!
👍