22.11.2024 Oksana
19-ноябрда Бишкекте республикалык «Аялдардын ден соолугу!» бир айлыгынын жыйынтыгына арналган тегерек стол болуп өттү. Иш-чарага мыйзам чыгаруу бийлигинин, медициналык коомчулуктун жана эл аралык уюмдардын өкүлдөрү чогулуп, сүт безинин рагы (СБР) жана жатын моюнчасынын рагы (ЖМР) боюнча актуалдуу маселелерди, алардын алдын алуу жана эрте аныктоо жолдорун талкуулашты.
Тегерек столдун катышуучуларынын арасында Жогорку Кеңештин социалдык саясат боюнча комитетинин төрайымы Винера Раимбачаева, Жогорку Кеңештин депутаты Айсулуу Мамашова, Саламаттык сактоо министрлигинин баштапкы медициналык-санитардык жардам жана дары саясаты бөлүмүнүн башкы адиси Раиса Асылбашева, Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун (ДСУ) Кыргызстандагы улуттук кызматкери Алина Алтымышева,
ошондой эле Улуттук коомдук саламаттык сактоо институтунун, Республикалык ден соолукту чыңдоо жана массалык коммуникация борборунун, Улуттук онкология жана гематология борборунун өкүлдөрү болду. Талкууларга эл аралык уюмдардан MSFдин долбоордун координатору Андреа Иссенгер жана медициналык кызматтын жетекчиси Сессиль Джойс активдүү катышышты.
Тегерек столдун алкагында Кыргызстандагы онкологиялык оорулардын арасында СБР жана ЖМР маселелери жана алардын алдын алуу үчүн шашылыш чараларды көрүү зарылчылыгы талкууланды. Катышуучулар «Кызгылт октябрь» маалыматтык кампаниясынын жана Үй-бүлөлүк медицина борборлорунда өткөрүлгөн маалымдоо жумалыгынын жыйынтыктарын чыгарышты.
Айрыкча, скринингдик программалардын жеткиликтүүлүгүн жогорулатуу, эрте аныктоо мүмкүнчүлүктөрү жана бул оорулардын алдын алуу аркылуу өлүм деңгээлин азайтуу маселелерине көңүл бурулду. Эксперттер скринингдик кызматтарды кеңейтүү боюнча стратегиялык кадамдардын маанилүүлүгүн белгилешти.
Депутаттар Винера Раимбачаева жана Айсулуу Мамашова аялдардын ден соолугун коргоо жаатындагы демилгелерди мыйзамдык жана социалдык жактан колдоонун маанилүүлүгүн белгилешти.
«Бул биздин улуттук жалпы көйгөйүбүз – аялдар өз ден соолугуна тийиштүү денгээлде көңүл бурбай жатышат. Алар медициналык изилдөөлөрдөн, ден соолукту текшерүү иштеринен өтүшпөйт. Бизде дайыма убакыт жетишпейт. Мунун жыйынтыгын биз рак оорусунун саны жана өлүм көрсөткүчтөрү аркылуу көрүп жатабыз», – деди Мамашова.
«Биз үчүн эң маанилүүсү – биздин аялдардын дени сак болушу керек. Ал эми диагноз коюлган аялдар узак жана сапаттуу өмүр сүрүшсүн. Бул максаттарды ишке ашыруу үчүн баарыбыз биригип иш алып баралы», – деп белгиледи Раимбачаева.
Жолугушуунун жыйынтыгында катышуучулар аялдардагы онкологиялык оорулардын алдын алуу системасын чыңдоо үчүн секторлор аралык мамиле жана бардык кызыкдар тараптардын тыгыз иштешүүсү зарыл экендигин баса белгилешти. Ошондой эле калктын маалымдуулугун жогорулатуу, медициналык кызматтарды жеткиликтүү кылуу жана диагностика сапатын жакшыртуу боюнча кампанияларды улантуу боюнча сунуштамалар иштелип чыкты.
Categories: Онкологиялык оорулар