Алдын алуу

Бишкекте тоолуу аймактардагы саламаттыкты сактоо тармагын өнүктүрүү маселеси көтөрүлдү

338

Кыргызстандын тоолуу аймактарындагы тургундардын жашоо шарты менен ден соолугун жакшыртуу максатында “Кыргызстандын тоолуу аймактарындагы саламаттыкты сактоону өнүктүрүү” боюнча эки күнгө созулган талкуу болуп өттү.

Иш-чара Саламаттык сактоо министрлиги жана Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму (ДССУ) тарабынан уюштурулду.

Мында Саламаттыкты сактоо министрлигинин, ДССУнун өкүлдөрү, медицина кызматкерлери, облустардын жана шаарлардын саламаттыкты сактоо боюнча координаторлору менен пикир алышты.

Саамалыктын алкагында адистер тоолуу аймактардагы саламаттыкты сактоо системасын чыңдоо, ден соолукту аныктоочу детерминанттар, тоо шартындагы ден соолук боюнча кийинки кадамдар тууралуу ойлорун билдирди.

Белгилей кетсек Кыргыз Республикасында 2023-2027-жылдар Тоолуу аймактарды өнүктүрүү боюнча иш-аракеттердин беш жылдыгы деп жарыяланган.

Leave a Reply

Your email address will not be published.