Алдын алуу

Кыргызстанда балдарды жана үй-бүлөлөрдү коргошундун таасиринен коргоо

10

Саламаттык сактоо министрлиги, Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму (ДССУ), ЮНИСЕФтин Кыргызстандагы өкүлчүлүгү жана АКШнын Кыргыз Республикасындагы Эл аралык өнүктүрүү агенттиги 2024-жылдын 20-октябрынан 26-октябрына чейин өтө турган Коргошундан уулануунун алдын алуунун эл аралык жумалыгын өткөрүү үчүн биригишүүдө.

Пландаштырылган кампания коргошундун таасиринин кооптуулугун, айрыкча балдар үчүн зыяндуулугун көрсөтүү жана Кыргызстанда коргошун боёкторун жана башка коркунучтуу булактарды колдонууга тыюу салуу аракеттерин жайылтуу максатында уюштурулган.

Коргошундан уулануу көптөгөн кылымдар бою адамдын ден соолугуна олуттуу көйгөй жаратып келген жана ДССУ коргошунду бүгүнкү күндө коомдук саламаттык сактоо үчүн олуттуу тынчсызданууну жараткан 10 химиялык заттын бири катары аныктайт, ошондой эле коргошундун таасиринин коопсуз деңгээли жок экенин баса белгилейт.

Коргошун көптөгөн органдарды жабыркатуучу өтө уулуу металл болуп саналат. Айрыкча ал жаш балдар, кош бойлуу аялдар жана күнүмдүк жашоодо коргошундун таасирине дуушар болгон жумушчулар үчүн өтө зыяндуу.

Ден соолук көрсөткүчтөрүн өлчөө жана баалоо институтунун (IHME) маалыматтары боюнча 2021-жылы дүйнө жүзү боюнча 1,5 миллиондон ашык адам коргошундун таасиринен улам каза болгон, ошондой эле миллиондогон адамдар интеллектуалдык жөндөмүнүн төмөндөшү, жүрөк-кан тамыр оорулары жана бөйрөктүн бузулушу сыяктуу коргошундун ден соолукка узак мөөнөттүү таасиринен жабыркап келишет.

2024-жылдын январь айына карата дүйнө өлкөлөрүнүн 48% коргошун боектору жөнүндө мыйзамда милдеттүү юридикалык көзөмөлдөөнү белгилешкен, Кыргызстан коомдук ден соолукту коргоону жана коргошундан уулануунун алдын алууну жактагандыгын көрсөтүү менен бул өлкөлөрдүн катарына киргенине сыймыктанат. Бирок ошого карабастан, Кыргызстанда коргошун-кислоталуу аккумуляторлордон, эски боёктордон, сантехникалык жабдуулардан жана өнөр жай чаңынан чыккан коргошунга байланыштуу көйгөй дагы эле бар.

Коргошун боектор, керамика, оюнчуктар, косметика сыяктуу продукттарда да кездешет, ошондой эле эски суу түтүктөрү аркылуу ичүүчү сууну булгашы мүмкүн.

«Коргошунга ууланууга каршы күрөшүү боюнча күч-аракеттердин зарылчылыгын моюнга алуу менен Саламаттык сактоо министрлиги калктын маалыматтуулугун жогорулатуунун жана коргошундун таасир этүүсүн азайтуу боюнча чаралардын үстүндө активдүү иштеп жатат. Өлкөдө мектепке чейинки куратагы балдардын канында коргошундун деңгээлин масштабдуу изилдөө башталды. Изилдөөнүн жыйынтыктары коомдук саламаттык сактоонун балдардын ден соолугуна коргошундун терс таасирин алдын алууга багытталган мониторинг системасын жана программаларды түзүүсүнө жардам берет», – деп билдирди КР саламаттык сактоо министринин орун басары Бүбүжан Арыкбаева.

 «Коргошундун таасири биздин балдарыбыздын жана келечек муундардын ден соолугуна жана бакубаттуулугуна жашыруун коркунуч туудурат, бирок калктын маалымдуулугун жогорулатуу жана алдын алуу чараларын көрүү менен аны толугу менен алдын алууга болот», – деди ДССУнун Кыргызстандагы өкүлү, доктор Ливиу Ведраско, ошондой эле «Коргошундан ууланууну алдын алуу боюнча эл аралык жумалык бизге секторлор аралык кызматташуунун маанилүүлүгүн эскертет. Биз, мамлекеттик мекемелер, жарандык коом, жеке сектор жана эл аралык өнөктөштөр, биргелешип иштеп, коргошунду колдонуу менен коштолгон калктын ден соолугуна болгон коркунучту жок кыла алабыз», – деп баса белгиледи.

«Балдар коргошундан уулануу коркунучу алдында эң аялуу абалда экенин моюнга алуу менен, ЮНИСЕФ жана Америка Кошмо Штаттарынын Эл аралык өнүктүрүү агенттиги коргошун менен ууланууну маанилүү көйгөй катары таануу менен, коргошун менен уулануунун алдын алуу максатында чараларды көрүү үчүн Коргошунсуз келечек үчүн глобалдык өнөктөштүктү ишке киргизди. ЮНИСЕФ Кыргызстанда балдардын ден соолугун айлана-чөйрөнүн булгануусунан коргоо үчүн коомдук саламаттык сактоо кызматкерлерине инвестиция салууда. Биргелешкен жана стратегиялык аракеттер коргошун менен ууланууну токтотууга жардам берет», –  деди  ЮНИСЕФтин өкүлүнүн орун басары Кристина Бруджиоло.

Categories: Алдын алуу

Leave a Reply

Your email address will not be published.