Вирустук гепатиттер

Тоскоолдуксуз жана коркуусуз гепатитке каршы бирге күрөшөлү: шаар тургундары экспресс-тесттен өтүштү

687

2025-жылдын 26-июлунда Бишкек шаарында Дүйнөлүк гепатитке каршы күрөш күнүнө арналган маалыматтык-агартуу акциясы өттү. Быйылкы иш-чара «Гепатитке каршы күрөш: тоскоолдуктарды жоёлу» ураанынын алдында уюштурулду.

Иш-чара Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Республикалык ден соолукту чыңдоо жана массалык коммуникация борбору, ошондой эле Гемоконтакттык вирустук гепатиттер жана АИВти көзөмөлдөө боюнча республикалык борбор тарабынан уюштурулду.

Акцияга Саламаттык сактоо министринин орун басары Бубужан Арыкбаева, Гемоконтакттык вирустук гепатиттер жана АИВти көзөмөлдөө боюнча республикалык борбордун директору Умуткан Чокморова, Гепатитке каршы күрөш коомунун төрайымы Анипа Надирова жана “Стоп Гепатит Кей Джи” коомдук уюмунун өкүлү Анара Мырзалиева катышты.

Иш-чарада, гепатиттин эрте аныкталуу жана дарылануусунун маанилүүлүгүн, ошондой эле жарандардын убагында медициналык жардамга кайрылуусуна тоскоол болгон социалдык жана маалыматтык барьелерди жоюунун зарылдыгын белгилешти.

Иш-чаранын алкагында каалаган жарандар гепатит В, С жана АИВке каршы акысыз экспресс-тесттен өтүү мүмкүнчүлүгүнө ээ болушту. Ошондой эле кан басымын текшертип, дене салмагын жана дене массасынын индексин эсептетип, квалификациялуу медициналык кызматкерлерден кеңеш алышты.

Аянтчада Кыргыз Кызыл Жарым Ай коомунун ыктыярчылары иш алып барышып, саламаттыкка байланыштуу викторина өткөрүлүп, жеңүүчүлөргө белектер тапшырылды.

 Катышуучуларга оорулардын алдын алуу боюнча маалыматтык баракчалар таратылып, иш-чара Кара-Жорго ден соолук бийи менен жыйынтыкталды.

Иш-чаранын мазмундуу программасы жана майрамдык маанайы соода борбордун конокторунун чоң кызыгуусун жаратты. Бул акция калктын гепатит тууралуу маалымдуулугун жогорулатуу жана алдын алуунун маанисин түшүндүрүү багытында маанилүү кадам болду.

Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги бул багытта активдүү иш алып барууда. Министрдин орун басары Бубужан Арыкбаева белгилегендей, 2022-жылдан тарта чоң кишилерди гепатит В вирусуна каршы эмдөө программасы ишке ашырылып келет. Бул максатта республикалык бюджеттен 276 миллион сом бөлүнүп, анын алкагында вакциналар, экспресс-тесттер жана дарылоочу дары-дармектер сатып алынган. Программа азыр да уланууда. Бүгүнкү күндө ар бир жаран Үй-бүлөлүк медицина борборлорунда акысыз тесттен өтүп, эмдөөдөн өтүүгө мүмкүнчүлүккө ээ.

Мындан тышкары, 2001-жылдан бери жаңы төрөлгөн ымыркайлар туулган күнү гепатитке каршы эмдөөдөн өтүшүүдө. Изилдөөлөр бул чаранын жогорку натыйжа берип жатканын көрсөтүүдө: 14–15 жаштагы өспүрүмдөрдүн арасында оорунун учурлары өтө аз катталууда. Бул ыкмалар оорунун жайылышын азайтууга жана келечек муундардын ден соолугун сактоого өбөлгө түзүүдө.

Leave a Reply

Your email address will not be published.