ДЕН СООЛУК

Ысык-Көлдө медицина кызматкерлеринин арасында мини-футбол боюнча республикалык турнир өттү

122

Кыргыз Республикасынын Медицина кызматкерлеринин күнүн белгилөөнүн алдында КР Саламаттык сактоо министрлиги жана КР саламаттык сактоо кызматкерлеринин Борбордук профсоюздук комитети мини-футбол боюнча масштабдуу турнир өткөрдү.

Медицина кызматкерлеринин арасындагы турнир 2024-жылдын 28-29-июнунда өтүп, мелдешке республиканын жети дубанынан, Бишкек, Ош шаарларынан келген командалар жана коомдук саламаттык сактоо кызматынын командасы катышты.

Турнирдин максаты – сергек жашоо мүнөзүн колдоо, командалык духту өнүктүрүү жана медицина кызматкерлеринин мотивациясын жогорулатуу, алардын физикалык жана психологиялык жыргалчылыгын камсыздоо.

Спорттук майрамдын кульминациясы 29-июнда өткөн турнирдин жеңүүчүлөрүн жана сыйлык ээлерин салтанаттуу сыйлоо аземи болду.

Анда мыкты командалар жана оюнчулар кубок, медаль, акчалай сыйлыктар жана эстелик сыйлыктары менен сыйланды.

Финалдык беттештин жыйынтыгы боюнча Ош шаарынын командасы төртүнчү, Баткен облусунун командасы үчүнчү орунду, Ош облусунун командасы экинчи орунду камсыз кылды. Ардактуу биринчи орунду Бишкек шаарынын командасы ээлеп, республикалык турнирдин жеңүүчүсү болду.

Кошумчалай кетсек, мыкты оюнчу жана мыкты чабуулчу номинацияларына Ош облусунун командасынын оюнчусу Атабек Жумалиев татыды.

КР саламаттык сактоо министринин орун басары Бубужан Арыкбаева: “Медицина кызматкерлери – бул биздин өлкөнүн баа жеткис ресурсу. Биз аларга өзүбүздүн ыраазычылыгыбызды жана колдообузду билдирип, алардын ден соолугун чыңдоо жана жамааттарды бириктирүү үчүн шарттарды түзгүбүз келет. Турнир, албетте, саламаттыкты сактоонун ар кандай чөйрөлөрүнүн жана өлкөнүн ар кайсы аймактарынын өкүлдөрүнүн ортосундагы достук жана формалдуу эмес мамилелерди өнүктүрүү үчүн эң сонун мүмкүнчүлүк”, -деп белгилеп кетти.

Мындан тышкары, келечекте ушундай турнирлерди саламаттык сактоо тармагында эмгектенген айымдар арасында өткөрүү пландалып жатканын кошумчалады.

КР саламаттык сактоо кызматкерлеринин Борбордук профсоюздук комитетинин төрагасы Султан Абдыкадыров: “Мини-футбол боюнча турнир – бул биздин медицина кызматкерлерибиз үчүн өзүнүн спорттук көндүмдөрүн көрсөтүү үчүн эле эмес, ошондой эле эркин кырдаалда пикир алышуу, тажрыйба алмашуу жана оң энергия алуунун эң сонун мүмкүнчүлүгү”,-деп кошумчалады.

Мындай турнирлерди уюштуруучулар жыл сайын өткөрүүнү пландап жатышат.

Leave a Reply

Your email address will not be published.