Журнал Ден соолук+

ВОПРОСЫ/ОТВЕТЫ

701

В этом разделе вы найдете ответы на актуальные и важные вопросы. Если нужного ответа нет, напишите нам – мы ответим на ваш вопрос и можем опубликовать его здесь, так как этот вопрос может быть важен и для других.

Бул бөлүмдө актуалдуу жана маанилүү суроолорго жоопторду таба аласыз. Эгер керектүү жоопту таппасаңыз, бизге жазыңыз – сиздин сурооңузга жооп берип, аны ушул жерге жарыялашыбыз мүмкүн, анткени башкалар үчүн дагы ошол суроо маанилүү болушу ыктымал.

Бир айдан бери этек кир аз-аздан келип жатат. Бул жатын моюнчасынын эрозиясына байланыштуу болушу мүмкүнбү же башка себептери барбы?

Саламатсызбы! Этек кирдин бир ай бою аз-аздан келиши ар кандай себептерге байланыштуу болушу мүмкүн жана ал эрозияга гана байланыштуу эмес.

Мүмкүн болгон себептер:

  • Гормоналдык тең салмактын бузулуусу
  • Жатын моюнчасынын сезгениши
  • Спираль колдонуу
  • Кош бойлуулуктун башталышы же бузулушу

Сизге тез арада гинекологго кайрылып, толук текшерүүдөн өтүүнү сунуштайбыз.

Жировой гепатоз боюнча маалымат алгым келет.

Саламатсызбы, сайтыбыздагы «жировой гепатоз» боюнча калтырган билдирүүңүзгө карата маалымат: 
Жировой гепатоз – бул боор клеткаларынын ичинде майдын ашыкча чогулушу.

Негизги себептери:

  • Ашыкча салмак
  • Канда холестериндин жогорку деңгээли
  • Майлуу тамактарды көп колдонуу
  • Алкоголь

Анын белгилери төмөнкүчө болушу мүмкүн:

  • Бат чарчоо
  • Аппетиттин начарлашы
  • Теринин саргайышы
  • Көкүрөк астынын оорушу
  • Кандын анализинде АСТ жана АЛТ ферменттеринин жогорулашы

Эмне кылуу керек:
Дартты аныктоо үчүн ҮМБ дарыгерлерине кайрылуу зарыл. Дарыгер сунуштаган анализдерди жана УЗИ аппаратынан текшерүүдөн өтүү сунушталат.

Саламатсыңарбы Бруцеллезду Кыргызстанда кайсы жерде жакшы даарылайт менин эжем 57жашта ооруп райондук, областтык ооруканалар эффективдүү жардам бералбай жатат жооп берип коесузбу сураныч

Саламатсызбы!
Бруцеллёз – өнөкөт түргө өтүүчү оору, дарылоо узак убакытка созулуп, комплекстүү ыкманы талап кылат.

Кайда кайрылса болот:
Эгер Бишкекте болсоңуз – Республикалык клиникалык жугуштуу оорулар ооруканасына кайрылыңыз.

Ошондой эле КГМАнын жугуштуу оорулар кафедрасында изилдөөлөрдөн өтүүгө мүмкүнчүлүк бар.

Эгер аймакта болсоңуз – областтык жугуштуу оорулар ооруканасына кайрылсаңыз болот.

Менингит диагнозун кайсы жерде так аныктап берет?

Менингит – өтө кооптуу абал. Аны өз убагында так аныктоо өтө маанилүү.
Диагнозду жөнөкөй лабораторияда же райондук поликлиникада толук так коюуга мүмкүн эмес, анткени атайын изилдөөлөр талап кылынат.

Так диагноз коюлуучу жайлар:

  • Областтык оорукана (инфекционист, невролог бар);
  • Республикалык клиникалык жугуштуу оорулар ооруканасы (Бишкек);
  • Республикалык нейрохирургия борбору же неврология бөлүмдөрү (эгер менингит татаалдашса).

Диагноз коюунун негизги ыкмасы – люмбальдык пункция (жүлүн суюктугун алуу жана лабораториялык текшерүү). Бул процедураны областтык же республикалык деңгээлдеги адистер гана жүргүзөт.

Менин башым грипптен кийин көп ооруп жатат, эмнеден болушу мүмкүн?

Саламатсызбы!
Грипптен кийин башыңыздын көп оорушу бир нече себептерден болушу мүмкүн:

  1. Организмдин алсырашынан – инфекциядан кийин нерв системасы толук калыбына келе элек болот.
  2. Синусит (мурун көңдөйүнүн сезгениши).
  3. Вируска каршы же башка дары-дармектерди көп ичүүдөн улам да болушу мүмкүн.

Эгерде баш оору күчөп, шалдыроо коштолсо же дене табыңыз көтөрүлсө, сөзсүз түрдө дарыгерге кайрылуу зарыл.
Алгач ЛОР адисине же неврологго көрүнүп, текшерүүдөн өтүп коюу сунушталат. Саламатта болуңуз.

Баланын тишин канча жаштан жууп баштаса болот?

Саламатсызбы! Эң жакшы суроо. Негизи баланын тишине кам көрүү балага тиш чыккандан тартып башталат, алгачкы учурларда тиш пастасы жана тиш щеткасы менен жуу зарыл эмес, себеби аны эптөө кыйын, өтө ыңгайсыз, ошондуктан качан бала тишин суу менен чайкаганды үйрөнсө ошол күндөн тартып тишин сода же туз менен чайкатып туруу сунушталат, качан бала тиш щетка менен тишин жууганды үйрөнө ала турган болсо щетканы карматып, үйрөтүп баштоо керек. Өз убагында алдын ала кам көрүп жатканыңыз эң жакшы, ушул сыяктуу суроолоруңуз болсо кайрылып турсаңыз болот. Саламатта болуңуз.

Кому делают вакцину от ВПЧ? Можно ли девочкам старше 11 лет?

Вакцина против ВПЧ в основном рекомендуется для девочек 11 лет.
Если девочка старше 11 лет и хочет получить вакцину, необходимо обратиться в частные клиники для консультации и уточнения возможности вакцинации.

Салам. Эрозия күйгүлгөндөн кийин канча убакта кошулса болот?

Салам. Эгерде эрозияны күйгүздүргөн болсоңуз анда ошол сизди караган дарыгерлерден кеңеш алууңуз керек, себеби эрозияны күйгүзүүнүн бир нече түрү болот, «күйгүзүү» жүргүзүлгөн жердин калыбына келиши, т.а. айыгышы анын түрүнө жана жеке абалыңызга карата белгиленет. Эгерде сиз эми пландап жаткан болсоңуз ошол кайрыла турган дарыгерлерден тактап алууну унутпаңыз, ошондой эле белгиленген мөөнөттү өтө этияттык менен өткөрүп, дарыгердин көрсөтмөлөрүн толук айыгып бүткүчө так аткарыңыз. 
Суроолоруңуз болсо сайтыбызга кайрылып, оорулардан алдын ала сактануу жолдору тууралуу маалымат алып турсаңыз болот. Кайрылганыңызга кубанычтабыз, саламатта болуңуз. 🙂

Ымыркайлар күнү-түнү памперсте жүрүшөт, бул зыян эмеспи? Кийинки суроом алар заңдаганда улам жылуу суу менен жууп тазалайт, суу тийе берсе кийин оорукчан болуп калбайбы деп чоочулайм. Кандай кылсак туура болот?

Саламатсызбы! Суроолоруңуз абдан маанилүү жана көптөгөн ата-энелерди ойлондурган маселелерге тиешелүү. Кыскача жооп берип кетели:

  1. Ымыркайлар күнү-түнү памперсте жүрсө зыян эмеспи?
    Үзгүлтүксүз жана туура колдонулганда памперс зыян эмес. Бирок:
    • Памперсти өз убагында (ар 2–4 саатта же заңдаганда дароо) алмаштырып туруу керек.
    • Тери абасын алып турушу үчүн күнүнө бир нече жолу памперссиз жүргөнгө да убакыт берүү сунушталат (мисалы, күн сайын 10–15 мүнөт).
    • Памперстен улам жалаңач теринин дем албашы же нымдуулукка көп турушу теринин кызаруусуна, “пеленочный дерматитке” алып келиши мүмкүн.
  2. Заңдаганда улам жылуу суу менен жууп тазалоо зыян эмеспи?
    Жок, зыян эмес. Тескерисинче, бул — эң мыкты жана гигиеналык жактан таза ыкма. Бирок көңүл буруу керек болгон жагдайлар:
    • Суу жылуу, дене табына жакын (36–37°C) болушу керек.
    • Жуунтуп болгондон кийин жакшылап кургатуу жана терини таза, кургак кармоо маанилүү.
    • Нымдуу, самыны бар майлыктарды же самынды күндө эмес, кээде гана колдонуу туура — себеби теринин табигый коргоочу катмарын жоготуп коюшу мүмкүн.

Жыйынтыктап айтканда:
Ымыркайды памперсте кармоо зыян эмес, эгер туура колдонулса. Ал эми жылуу суу менен тазалоо – эң коопсуз жана пайдалуу ыкма. Суу тийип оорукчан болуп калуу – бул миф. Башкысы – тазалыкты сактоо, туура температураны кармоо жана ашыкча муздатпай кодлонуу. Балаңыз дени сак жана сергек болуп чоңое берсин!

Менин атым А…. мен жакында эле 20га чыктым, 2 айдан бери жеке жашоомо тийешелүү маселелерден улам моралдык жактан кыйналып жатам.

Саламатсызбы А…!
Жеке жашооңузга байланыштуу эки айдан бери моралдык жактан кыйналып жатканыңызды айтып кайрылып жатканыңыз – бул жакшы, бул абалды колго алуу абдан маанилүү жана кайдыгер болбой турган маселе. Сиздин абалыңызды түшүнүүгө аракет кылабыз, анткени жашоодо ар кимдин өзүнө гана түшүнүктүү татаалдыктары болот.

Эгер азырынча эч ким менен бөлүшө элек болсоңуз, бул сезимдерди ичиңизде кармап жүрө берүү абалыңызды ого бетер оорлотуп коюшу мүмкүн. Кээде жөн гана кимдир бирөөгө ичтеги оорчулукту айтып, бөлүшүү адамды жеңилдетет. Эгер ишенген жакыныңыз, досуңуз же үй-бүлө мүчөңүз болсо – алар менен сүйлөшүп көрүңүз.

Ошондой эле, бул сыяктуу абалда психолог же психотерапевтке кайрылуу пайдалуу болушу мүмкүн. Бул аракет өз ден соолугуңузду ойлогон чечим катары эсептелет.

Албетте, сиз жалгыз эмессиз. Кыйынчылыктар убактылуу, ал эми жардам суроо – күчтүүлүктүн белгиси.

Сиздин абалыңыз бизге маанилүү. Өзүңүзгө кам көрүңүз.

Здравствуйте, у вас есть вакцинация от желтой лихародка?

Здравствуйте! Спасибо за ваш вопрос. Вакцина от этого заболевания может быть доступна только в частных медицинских учреждениях, таких как Цадмир, Эдельвейс. Рекомендуем связаться с ними напрямую, чтобы уточнить актуальную информацию.

Глаукома айыкпас дартпы?

Глаукома – бул көздүн ичиндеги басымдын жогорулашынан улам пайда болгон өнөкөт оору. Эгер дарыланбаса, көздүн нерв системасы жабыркап, акырындап көрүү жөндөмүн жоготууга алып келиши мүмкүн. Негизи учурдагы медицина глаукоманы толугу менен айыктыра албайт. Бирок аны көзөмөлдөп, күчөп кетпеши үчүн дарылоо керек. Эгер эрте стадиясында аныкталса, дары-дармектер, лазердик терапия же хирургиялык ыкмалар аркылуу көздүн ичиндеги басымды төмөндөтүп, көрүүнү сактап калууга болот. Эгер глаукома диагнозу коюлса, дарыгердин көрсөтмөлөрүн так аткаруу керек. Андыктан офтальмологго (көз дарыгерине) үзгүлтүксүз барып текшерилип туруу зарыл. Кошумчалай кетчү нерсе өз алдынча дарыланууга болбойт, адистердин сунуштарын кармануу маанилүү. Эгер кимде бул оору боюнча тынчсыздануу болсо, тез арада көз дарыгерине кайрылууну сунуштайбыз. Кайрылууңуз үчүн рахмат, саламатта болуңуз. 

Саламатсыздарбы! күйөөм тамеки чегет, боюмда бар, ал чеккен тамеки түйүлдүккө таасир этеби? мисалы: тамеки чегип жүргөн адамдан бойго бүтсө, ал бала башынан эле оорукчан же алсыз болуп калышы мүмкүнбү? себеби 1,5 жаштагы биринчи балабыз пневмания болуп тез-тез ооруп жатат. рахмат, Оштон Т.М.

Саламатсызбы!
Кайрылууңуз үчүн ыраазычылык. 
Өтө маанилүү маселени колго алып жатасыз, бул эң жакшы. Жолдошуңуздун тамеки чегип жатканы албетте айланадагыларга таасирин тийгизбей койбойт, эгер тамеки чегип жатканда жанында башкалар болсо алар чекпесе дагы пассивдүү тамеки чегүүчү болуп эсептелет, себеби түтүнү аркылуу дагы организм кандайдыр бир денгээлде ууланууга туш болот. Пассивдүү тамеки чегүүчү болгон болсоңуз албетте түйүлдүккө дагы таасири тийет, ошондуктан жолдошуңуз тамекини үй бүлө мүчөлөрүнөн оолак, адамдар жүрбөгөн жакта чегип, чеккенден кийин дагы канча бир убакытка чейин үйгө кирбестен алысырак турганы оң, бирок бул аргасыздын иши. Ошентсе дагы тамеки чекпегендердин ден соолугунун коопсуздугу үчүн бул нерсени аткарууга милдеттүү. Ал гана эмес коомдук жайларда тамеки тартууга тыюу салынган, ага карата айып дагы каралган, демек коомдук жайдан үй бүлөдөгү маселе андан дагы жогору турарын жолдошуңузга түшүндүрүңүз. Негизи ар бир тамеки чеккен адам тамекини таштаганга аракет кылуусу зарыл, ал үчүн адистерден бир нече сунуштар берилет. 
 
Ал эми уруктук боюнча, тамеки чеккен адамдан бойго бүткөндө организм аркылуу түйүлдүк кандай таасирде болот деп сурагыңыз келген болсо:
Ооба, тамеки чеккен адамдан бойго бүтсө, түйүлдүккө терс таасир тийиши мүмкүн. Тамекиде никотин, көмүртек кычкылы жана башка зыяндуу заттар бар, алар сперманын сапатына жана түйүлдүктүн өсүп-өнүгүшүнө таасир этиши мүмкүн. Мисалы: бойго бүткөнгө чейин ата энеси тамеки чегип жүргөн болсо төрөлгөн балада тубаса кант диабети же тубаса жогорку кан басым менен төрөлүшү мүмкүн, же канча бир жылдардан кийин балким өспүрүм кезде дагы жугуштуу эмес оорулардын түрлөрү балада пайда болуу коркунучу бар. 
 
Тамеки тартуунун мүмкүн болгон кесепеттери:
Сперманын сапатын төмөндөтөт – сперматозоиддердин саны жана кыймылы начарлайт, бул уруктанууга тоскоол болушу мүмкүн.
Генетикалык бузулуулар – сперматозоиддерде мутациялар болушу ыктымал, бул түйүлдүктүн генетикалык кемтиктер менен төрөлүшүнө алып келиши мүмкүн.
Кош бойлуу кезде көйгөйлөр – эгерде апасы же атасы тамеки тартса, түйүлдүктүн жетилүүсү жай болушу мүмкүн жана бойдон түшүү коркунучу жогорулайт.
Балада ден соолук көйгөйлөрү – төрөлгөндөн кийин дем алуу органдарынын өнүгүүсүндө көйгөйлөр, аллергиялар жана иммунитеттин начар болушу мүмкүн.
Бирок бул тобокелдиктер ар бир учурга жараша айырмаланышы ыктымал. Толук кандуу жана дени сак балалуу болуу үчүн ата-энелерге, айрыкча аталарга, кош бойлуулукка чейин эле тамекини таштоо сунушталат.
Тамеки боюнча дагы кошумча суроолоруңуз болсо 2103 кыска номерине чалсаңыздар болот, чалуу акысыз.

Саламатсызбы, азыр кытайдамын, бир жума мурун ВИЧ жуктуруп алдым деген күмөн болуп жатат, азыр 2 күндөн бери дене табым көтөрүлүп, тамагым ооруп жана алсыздык болуп жатат. Эмне кылышым керек?

Саламатсызбы!
ВИЧ жуктуруп алуу коркунучу боюнча сиз атайын кызматка кайрылууңуз зарыл, бизде оорулардан алдын ала сактануу боюнча маалыматтар берилет. Кандай болгон күндө дагы Сиз өзүңүздү колго алып, ден соолугуңузга жана айланадагыларга токтоолук менен мамиле кылыңыз. Бул белгилер сиз үчүн азыр коркунуч жаратып жатса дагы өз алдынча чечим чыгарбаңыз, сизге азыр адистердин кароосунан өтүүңүз зарыл. Төмөнкү электрондук дарек боюнча кайрылууну сунуштайбыз. rospid@mail.ru

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован.