Ответы на часто задаваемые вопросы находятся здесь. Если не нашли, напишите нам, и мы ответим на ваш вопрос, а также опубликуем его здесь, чтобы другие могли быстрее найти информацию.
Саламатсыздарбы! күйөөм тамеки чегет, боюмда бар, ал чеккен тамеки түйүлдүккө таасир этеби? мисалы: тамеки чегип жүргөн адамдан бойго бүтсө, ал бала башынан эле оорукчан же алсыз болуп калышы мүмкүнбү? себеби 1,5 жаштагы биринчи балабыз пневмания болуп тез-тез ооруп жатат. рахмат, Оштон Т.М.
Саламатсызбы!
Кайрылууңуз үчүн ыраазычылык.
Өтө маанилүү маселени колго алып жатасыз, бул эң жакшы. Жолдошуңуздун тамеки чегип жатканы албетте айланадагыларга таасирин тийгизбей койбойт, эгер тамеки чегип жатканда жанында башкалар болсо алар чекпесе дагы пассивдүү тамеки чегүүчү болуп эсептелет, себеби түтүнү аркылуу дагы организм кандайдыр бир денгээлде ууланууга туш болот. Пассивдүү тамеки чегүүчү болгон болсоңуз албетте түйүлдүккө дагы таасири тийет, ошондуктан жолдошуңуз тамекини үй бүлө мүчөлөрүнөн оолак, адамдар жүрбөгөн жакта чегип, чеккенден кийин дагы канча бир убакытка чейин үйгө кирбестен алысырак турганы оң, бирок бул аргасыздын иши. Ошентсе дагы тамеки чекпегендердин ден соолугунун коопсуздугу үчүн бул нерсени аткарууга милдеттүү. Ал гана эмес коомдук жайларда тамеки тартууга тыюу салынган, ага карата айып дагы каралган, демек коомдук жайдан үй бүлөдөгү маселе андан дагы жогору турарын жолдошуңузга түшүндүрүңүз. Негизи ар бир тамеки чеккен адам тамекини таштаганга аракет кылуусу зарыл, ал үчүн адистерден бир нече сунуштар берилет.
Ал эми уруктук боюнча, тамеки чеккен адамдан бойго бүткөндө организм аркылуу түйүлдүк кандай таасирде болот деп сурагыңыз келген болсо:
Ооба, тамеки чеккен адамдан бойго бүтсө, түйүлдүккө терс таасир тийиши мүмкүн. Тамекиде никотин, көмүртек кычкылы жана башка зыяндуу заттар бар, алар сперманын сапатына жана түйүлдүктүн өсүп-өнүгүшүнө таасир этиши мүмкүн. Мисалы: бойго бүткөнгө чейин ата энеси тамеки чегип жүргөн болсо төрөлгөн балада тубаса кант диабети же тубаса жогорку кан басым менен төрөлүшү мүмкүн, же канча бир жылдардан кийин балким өспүрүм кезде дагы жугуштуу эмес оорулардын түрлөрү балада пайда болуу коркунучу бар.
Тамеки тартуунун мүмкүн болгон кесепеттери:
Сперманын сапатын төмөндөтөт – сперматозоиддердин саны жана кыймылы начарлайт, бул уруктанууга тоскоол болушу мүмкүн.
Генетикалык бузулуулар – сперматозоиддерде мутациялар болушу ыктымал, бул түйүлдүктүн генетикалык кемтиктер менен төрөлүшүнө алып келиши мүмкүн.
Кош бойлуу кезде көйгөйлөр – эгерде апасы же атасы тамеки тартса, түйүлдүктүн жетилүүсү жай болушу мүмкүн жана бойдон түшүү коркунучу жогорулайт.
Балада ден соолук көйгөйлөрү – төрөлгөндөн кийин дем алуу органдарынын өнүгүүсүндө көйгөйлөр, аллергиялар жана иммунитеттин начар болушу мүмкүн.
Бирок бул тобокелдиктер ар бир учурга жараша айырмаланышы ыктымал. Толук кандуу жана дени сак балалуу болуу үчүн ата-энелерге, айрыкча аталарга, кош бойлуулукка чейин эле тамекини таштоо сунушталат.
Тамеки боюнча дагы кошумча суроолоруңуз болсо 2103 кыска номерине чалсаңыздар болот, чалуу акысыз.
Саламатсызбы, азыр кытайдамын, бир жума мурун ВИЧ жуктуруп алдым деген күмөн болуп жатат, азыр 2 күндөн бери дене табым көтөрүлүп, тамагым ооруп жана алсыздык болуп жатат. Эмне кылышым керек?
Саламатсызбы!
ВИЧ жуктуруп алуу коркунучу боюнча сиз атайын кызматка кайрылууңуз зарыл, бизде оорулардан алдын ала сактануу боюнча маалыматтар берилет. Кандай болгон күндө дагы Сиз өзүңүздү колго алып, ден соолугуңузга жана айланадагыларга токтоолук менен мамиле кылыңыз. Бул белгилер сиз үчүн азыр коркунуч жаратып жатса дагы өз алдынча чечим чыгарбаңыз, сизге азыр адистердин кароосунан өтүүңүз зарыл. Төмөнкү электрондук дарек боюнча кайрылууну сунуштайбыз. rospid@mail.ru
Categories: Журнал Ден соолук+