Жыл сайын 1-декабрда СПИДке каршы күрөшүүнүн Бүткүл дүйнөлүк күнү белгиленет.
Быйыл да Республикалык ден соолукту чыңдоо жана массалык коммуникация борбору жугуштуу ооруларды алдын алуу максатында атайын иш-чараларын өткөрүүнү улантууда.
РДЧжМК борборунун адиси Бишкек шаардык медициналык колледжинин айрым мугалимдерине жана 3-курсунун студенттерине атайын семинар өтүп берди.
Семинар учурунда АИВ жана ЖИКС, гепатит оорулары тууралуу студенттерге кенен маалыматтар айтылды.
Жыйынтыгында, мугалимдер менен студенттер арасында суроо-жооптор болуп талкуу менен аякталды.
ВИЧ (АИЖС) – бул Адамдын Иммундук Жетишсиздиги Синдрому катары чечмеленет.
ВИЧ адамдын иммундук системасын жана организмдин ооруларга каршы туруктуулугун азайтып, начарлатат. ВИЧ күчөп кетсе, ал жуктурулган иммундук жетишсиздик синдромуна (ЖИКС -СПИД) айланып кетиши мүмкүн.
Бактыга жараша, иммундук системаны бекем сактоого жардам берген таасирдүү дарылоо ыкмалары бар. Эң алгачкы таптардан баштап кечиктирбестен дары-даректерди үщгүлтүксүз түрдө ичүү менен ВИЧ илдетин толугу менен жеңсе болот.
Бүгүнкү күндө, СПИДке чалдыккан адамдар дары-дармектерди эрте ичип баштоосу жана аларды такай, үзгүлтүксүз колдонуусу аркылуу кадимкидей өмүр сүрүү мүмкүнчүлүгүнө ээ боло алышат.
Categories: АИВ/ЖИКС
ишиңиздерге ийгилик, өзүңүздөргө ден-соолук,бакубат жашоо каалайм