Кургак учук

Кургак учук – опко оорусубу?

2156

Кургак учук – бул  микобактерия аркылуу чакыруулучу жугуштуу оору.

Кургак учук оорусунда  көбүнчө өпкө жабыркайт, андан тышкары, тырмак жана чачтан башка бардык органдар жабыркашы мүмкүн. Кургак учук- дүйнө жүзүндөгу  өлүмдөрдүн негизги 10 себептеринин бири болуп саналат.

Кургак учук кантип жугат?

Кургак учук оорулуу адамдан дени сак адамга сүйлөгөндө, жөтөлгөндө, чүчкүргөндө аба аркылуу жугат.

Ооруну кимдер көбүрөөк жуктуруп алуусу мумкун?

Кургак учукту жаш курагына карабай баардык адамдар жугузуп алып,  ооруп  калышы мүмкүн. Жыл сайын Кыргыз Республикасында  кургак учуктун жаңы учурлары катталып жатат, анын ичинде  балдар жана өспүрүмдөр да бар. Ооругандардын жарымынан көбү -эмгекке жарамдуу курактагы адамдар.

Кургак учуктун белгилери

Кургак учуктун жалпы белгилери болуп төмөнкүлөр саналат:

– 2 жумадан ашык жөтөл, кээде какырык жана кан аралаш болот

– түнкусун тердөө

– дене температурасынын жогорулашы

– көкүрөктүн оорушу жана алсыроо

– салмак жоготуу.

Кургак учуктан айыкса болобу?

20-кылымга чейин кургак учук айыккыс дарт болуп эсептелген. Учурда бул ооруну дарылоо үчүн комплекстүү программа иштелип чыккан. Ошондуктан кургак учукту дарылоодо абдан маанилүү:

• дарыланууну мүмкүн болушунча эрте баштоо

• дарыланууну  үзгүлтүккө учуратпоо

• дарылануунун толук курсун аяктоо

• дарыгердин сунуштарын так аткаруу менен  кургак учукка каршы дарыларды өз убагында, комплекстүү ичүү

Дарылоону үзгүлтүккө учуратуу же дарылоону мөөнөтүнөн мурда токтотуу, кургак учуктун дарыга туруктуу формасынын өнүгүшүнө алып келет дагы, аны дарылоо кыйыныраак болуп,  көп убакытты талап кылат.

Кургак учуктан кантип сактануу керек?

Негизги коргонуу – бул өзүнүздүн иммунитетиңиз. Ошондуктан, сергек жашоо мүнөзүн калыптандыруу, жаман адаттардан баш тартуу, өз убагында эс алып жана уктоо, стресстен алыс болуу, физикалык активдуулук жана туура тамактануу абдан маанилүү.

Ошондой эле, оорунун алдын алуу жана эрте диагностикалоо үчүн  – жылына бир жолу флюорографиядан же көкүрөк рентгенинен өтүү сунушталат.

Categories: Кургак учук

Leave a Reply

Your email address will not be published.