COVID 19

118 ыкчам байланыш кызматы күчөтүлдү

336

Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлиги ыкчам түрдө 118 ыкчам байланыш кызматын күчөтүү боюнча иш-аракеттерди жүргүздү. 118 кызматына кайрылуулар көбөйгөндүгүнө байланыштуу адистер тарабынан ыкчам байланыш кызматынын мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтип, натыйжалуулугун арттыруу боюнча иш-чаралар көрүлдү.

Жүргүзүлгөн иш-чаралардын алкагында, эң алгач 118 кызматынын операторлорунун штаты көбөйтүлүп, ишке үй-бүлөлүк медицина борборлорунун тажрыйбалуу адистери, КММАнын ординатор жана жогорку курстагы студенттери тартылды. Алар үчүн атайын окутуучу тренингдер өткөрүлүп, кайрылуучулар менен туура диалог түзүү, ошондой эле атайын санарип чечимдер тууралуу кенен маалымат берилди. Мындан тышкары, кызматтын элге жеткиликтүүлүгүн жакшыртуу максатында байланыш каналдарын көбөйтүү боюнча иштер жүргүзүлдү.

Даярдыктарды көрүү иш-чараларынын алкагында COVID-19дун белгилери бар бейтаптарды маршрутизациялоо, маалыматтарды ыкчам түрдө мобилдик топторго жеткирүү механизмдери кошумча иштелип чыкты. 118 кызматынын милдеттери кеңейтилди. Эми кайрылуучулар онлайн сервистен тышкары, 118 кызмаиы аркылуу эмдөөдөн өтүүгө катталып, эмдөөдөн процедурасына байланыштуу суроолоруна жооп ала алышат. Аталган кызматтын операторлору иш графигине ылайык ысык тамак-аш менен камсыз болушту.  118 кызматына тамак-ашты жеткирүүдө Кайрымдуулук гильдиясы көмөк көрсөтүүдө.

Аталган иш чараралар Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлиги тарабынан Бишкек шаарынын мэриясы менен биргеликте Коронавирус менен күрөшүү боюнча республикалык штабдын тапшырмасы боюнча БУУнун өнүктүрүү программасынын “Фонд Сорос Кыргызстан” менен өнөктөштүктө каржылык колдоосу астында жүргүзүлдү.

Leave a Reply

Your email address will not be published.