ЖАҢЫЛЫКТАР

20 – октябрь – Бүткүл дүйнөлүк остеопорозго каршы күрөшүү күнү

296

20 –октябрь – Бүткүл дүйнөлүк остеопорозго каршы күрөшүү күнү

Кеңири жайылган оорулардын катарын толуктаган остеопороз оорусуна калктын көңүлүн буруу максатында 20-октябрь Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму тарабынан (ДССУ) остеопорозго каршы күрөшүү күнү катары белгиленген. Азыркы учурда бул оору жүрөк – кан тамыр системасынын ооруларынын, онкологиялык жана кант диабети дарттарынын катарында турат.

Бул оорунун натыйжасында адамдын скелети өтө морт келип, кичине оордук келсе деле сынышы ыктымал. Мисалы, түз жерден мүдүрүлүп жыгылса же оор эшикти ачса, оор китепти түшүрүп алса, остеопороз менен ооруган адам үчүн бул сөөктөрдүн сынышы менен аякташы мүмкүн.

Остеопороз – сөөк тканынын күчөгөн патологиясы, ал сөөктөгү кальцийдин жана аны менен бирге сөөктөрдүн бекемдигинин жоголуусу менен коштолот. Көпчүлүк учурда кары –картаңдарда кездешкен жамбаш сөөктүн сынышы бул оорунун эң оор кесепети болуп эсептелет. Мындай жаракат алуудан кийин ар бир экинчи адам өмүр бөю майып болуп, жамбаш сөөгү сынгандан кийин ар бир төртүнчү адам үч жылдын ичинде көз жумат жана болгону 25% ы гана нормалдуу жашоого кайтып келет.

Кантип билсе болот?

Биринчи баскычтарында остеопороз эч кандай билинбейт. Оорунун башталганына 10 жылга жакын убакыт болсо дагы адам организмдеги өзгөрүүлөрдү сезбеши мүмкүн. Сөөктүн массасынын азаюусу эч кандай оору менен коштолбойт, болгону анда-санда бел сыздатып оорутат. Качан  маанилүү эмес себептерден улам сөөктөр сына баштаганда гана ооруп жатканыбызды билебиз.

Оорубаган сөөктөрдөн айырмаланып, остеопороз оорусунда жаңы сөөк пайда болгонго караганда, сөөктүн бүлүнүүсү тез болот. Жыйынтыгында сөөк скелетинин массасы азаят.  Сөөк мурдагы абалынан 4 эсе кичирейгенде остеопороз оорусу ачык байкалат. Мындай ооруга омурткалардын формасынын бузулушу, кыймыл учурунда белдин күчөгөн оорусу, ал гана эмес чоң жана кичине сөөктөрдүн көп сандаган сыныктары мүнөздүү. Оорулуулардын бою кыскарат, кээ бир учурларда 10-15 см ге чейин “чөгүп” кетүүсү мүмкүн.

Остеопороздун алдын алуу үчүн салмакты көзөмөлдөө керек. Диетаны ар кандай топтогу аш болумдуу заттар менен тең салмактап; туздуу жана эттүү тамактарды, ошондой эле курамында кофеин бар ичимдиктерди жана энергетикалык суусундуктарды азайтуу зарыл.

Алкоголду ашыкча колдонуудан алыс болуу зарыл. Алкоголь бир жагынан сөөктөгү зат алмашууга зыян келтирсе, экинчи жагынан – баш айланууга алып келип, анын натыйжасы жыгылуу, сындыруу менен коштолуусу мүмкүн.

Categories: ЖАҢЫЛЫКТАР

Leave a Reply

Your email address will not be published.