ЖАҢЫЛЫКТАР

30 медицина кызматкери ден соолукту чыңдоо ыкмаларына окутулду

268

9-22-сентябрга чейин КР Саламаттык сактоо министрлигинин Республикалык ден соолукту чыңдоо борбору (РДЧБ) С.Б.Данияров
атындагы Кыргыз мамлекеттик медициналык кайра даярдоо жана квалификацияны жогорулатуу институтунун (КММКДжКЖИ) базасында Ош, Жалал-Абад жана Баткен областтарында 30 медицина кызматкери үчүн ден соолукту чыңдоо теориясы жана тажрыйбасы боюнча семинар өткөрдү.

Эки жуманын ичинде РДЧБ жана С.Б.Данияров атындагы медициналык институттун адистери аталган областтардын үч районунун жана Ош шаарынын Ден соолукту чыңдоо кабинеттеринин (ДЧК) кызматкерлерин жугуштуу оорулардын (ЖО) жана жугуштуу эмес оорулардын (ЖЭО) алдын алуу ыкмаларына, ошондой эле билим берүү системасындагы СЖМ маселелерине жана калк менен коммуникация ыкмаларына окутушту.
СЖМ маселелери боюнча сабактар Ош шаарындагы Билим берүү башкармалыгы жана Ош областтык билим берүү институтунун кызматкерлеринин катышуусунда ден соолук маселелери боюнча сектор аралык өз ара аракеттенишүү максатында өткөрүлдү.

Окутулган кызматкерлер өздөрүнүн кесиптик көндүмдөрүн
жогорулаткан соң, андан ары тажрыйбада колдонушат жана
квалификациялык тастыкмаларды алышат.

Categories: ЖАҢЫЛЫКТАР

Leave a Reply

Your email address will not be published.