Алдын алуу

АДАМДАРДЫН КУТУРМА ООРУСУНУН ЖУГУУ ЖОЛДОРУ ЖАНА АЛДЫН АЛУУ ЧАРАЛАРЫ

653

Кутурма (син. рабиес, лисса, гидрофобия) – централдык нерв системасынын оор жабыркашы менен мүнөздөлгөн жана оорунун ар бир учуру өлүм менен аяктаган, адамдын зооноздук инфекциялык оорусу болуп саналат.

Оорунун козгогучу – Lissavirus. Оорунун козгогучу сырткы чөйрөдө туруксуз, кайнатканда жана турлүү дезинфекциялоочу каражаттардын таасири астында бат жок болот.

Вирустун 2 түрү бар:

• көчөлүк (жапайы), көптөгөн жылуу кандуу айбанаттардын жана канаттулардын оросунда айланып жүрүүчү;

• фиксирленген – бекитилген, вирустун «жапайы» штаммын адаптациялоо жолу менен алынган, антирабикалык вакциналарды (патогендүү эмес) алуу максатында лабораторияларда.сакталуучу;

Жугуу жолдору оорунун козгогучу үй жана жапайы жаныбарлардын адамды тиштегенде жана жарааты бар терисин же былжыр чел кабыгын шилекейлегенде жугат. Кутурма – үй жана жапайы жаныбарлардын баардык түрү жабыркоого мүмкүн болгон, зооноздук инфекция. Жаратылышта вирустун негизги алып жүрүүчүлөрү болуп ит үй бүлөлүгүнө тиешелүү болгон жырткычтар саналат – карышкыр, чөө, түлкү ж.б.у.с.

Шаар шартында кутурманын негизги булагы ит жана мышыктар . Шаар ичинде кутурманын жайылышы ит, мышыктардын санына жараша болот. Ит, мышыктардын саны көп болсо – эпизоотия, аз болсо – спорадикалык учурлар кездешет. Кутурма катталган территориялар эпизоотикалык очог, кооптуу пункт жана коркунучтуу зона деп бөлүнөт.

Кутурманын эпизоотикалык очогу – кутурма менен ооруган жаныбарлар табылган квартира, үй, жеке чарба, мал кармоочу жайлар, жайыттын участкасы жана башка объектилер эсептелет. Кооптуу пункт – территориясында кутурманын эпизоотикалык очогу табылган эл жашаган пункт же эл жашаган пункттун бөлүгү, фермердик чарба, жайыттар саналат.

Коркунучтуу зонага – кутурманы алып келүү, жайылтуу жана жаратылыш очогу актидешүү коркунучу бар эл жашаган пункт, мал чарбасы, жайыттар, токойлор, тоолор кирет. Айбанаттардын арасында кутурма шилекейлөө же тиштөө аркылуу жугат. Оорунун козгогучу ылаңдаган айбанаттын организминен шилекейи аркылуу буктурма убактысынын акыркы 8 күнүндө жана оорунун белгилери айкындалган мезгилинде бөлүнүп чыгып турат.

Ылаңдаган айбанаттар тиштеген адамдардын 3 – 50% гана ооруйт, мунун себеби болуп оорунун булагы, тиштелген жараатын тереңдиги жана денедеги жайланышы, вирустун дозасы жана адамдын жаш өлчөмү эсептелет.

Изилдөөчүлөрдүн берген маалыматына таянсак адамдын бетин, башын тиштеген учурлардын – 90%, колунда– 63%, бутунда – 23% оору өрчүгөн.

Алгачкы мезгили 1–3 күнгө созулат. Оору тиштелген жерде жагымсыз сезимдердин (ооруксунуу, тызылдоо, кычышуу, теринин үстүндө кумурскалар чуркап жүргөндөй болуу) пайда болот, кээде тиштегенден кийинки тактын (рубец) кызарып, шишигени байкалат.

Ушул эле мезгилде ооруган адамдардын маанайы пас болуп, башы ооруп, алы кетип, тамакка болгон табити начарлап, тамагы ооруп, элден бөлүнүп, уйкусу бузулуп, жаман түштөрдү көрөт.

 Дененин температурасынын бир аз көтөрүлушү байкалат (37,30С чейин). Кызуу (желигүү, кутуруу) мезгили 2 – 3 күнгө созулат.

Оорулууларда ар нерседен коркуу башталат: суудан – гидрофобия, абадан – аэрофобия, жарыктан – фотофобия, үндөн – акустофобия.

Себеби абанын желдеши, суунун шырылдашы, өтө жарык болушу, катуу үндүн чыгышы оорулулардын кекиртектин булчуңдарынын тырышып, катуу оорушуна алып келет.

Ушуну менен бирге жүзүндө коркунучтун, азап тартуунун белгилери пайда болуп, беттин булчуң эттери тырышып, каректери чоңойуп, өңү көгүш тартып, оор дем алып, үнү бүтүп калат.

Дененин катышуучу үчүн колдонмо 4 температурасы 40 – 410 Сга чейин көтөрүлүп, тердеп, шилекейи көп бөлүнүп чыга баштайт.

Кыйкырып башын артка тартып, колу калчылдап, чекесин тер басып, оозунан шилекейи куюла баштайт. Бирөөгө кол салып, тиштеп, түкүрүп, тегерегиндеги буюмдарды талкалап, өзүн өзү билбей калат.

Абдан күчтүү болуп калгандыгына байланыштуу чоң, оор эмеректериди көтөрүп, жылдырууга жөндөмдүү болот. Ушул мезгилде абалы катуулап, аба жетишпей, тамырынын согушу тездеп, желигүү убагында дем алалбай өлүмгө учурашы мүмкүн.

Шал мезгили тууралуу айтсак ал – бир канча секунддан 3 күнгө чейин болот .

Оорулуу тынчыгансып, коркуу сезими жоголуп, булчуңдун тырышкандары кетип, тамак, суу ичүүгө мүмкүнчүлүк пайда болуп калат.

Ушул эле убакта алы кеткени күчөп, буту колу кыймылдабай – шал болуп калат. Дененин температурасы 420 Сга чейин көтөрүлүп, жүрөк тез тез согуп, кан басым түшөт.

Жүрөк кан тамыр системасынын жана дем алуу центринин паралич болуусунун кесепетинде оорулуу көз жумат. Оорунун жалпы узактыгы 5-8 күндү түзөт. Балдардын кутурма оорусу кыска инкубация мезгили менен мүнөздөлүп, гидрофобия жана катуу кызуу белгилеринин жок болушу байкалат. Оору балдарда депрессия, уйку басуу, шал менен коллапстын бат өөрчүшү менен мүнөздөлөт.

Оору башталгандан 1 күндөн кийин кайтыш болушу мүмкүн.

Алгачкы тазалоонун этаптары:

 • Жаратты самындуу суу менен аябай жууш керек, терең сайылган (колотый) жараттын ичине куюш керек

• Андан кийин 70° спирт же 5 % йод настойкасы менен жараттын ичин жана тегерегин сүртүш керек

• Жараттын үстүнө кургак таза таңуу менен таңып коюш керек

• Жараттын тегерегинде жанчылган,айрылган, тытылган терилер бар болсо- биринчи 3 күндүн ичинде хирургиялык жол менен кесүүгө, тилүүгө, тигүүгө болбойт.

• Өмүрлүк көрсөтмө болгондо гана: кан кетүүнү токтотуу, оркойуп чыгып калган сөөктүн сыныктарын тазалоо ж.б.у.с. хирургиялык ыкма менен тигүүнү, тазалоону жүргүзсө болот.

Антирабикалык (кутурмага каршы) эмдөөлөрдү жасоо Антирабикалык эмдөөлөрдү аймактык оорукананын хирургиялык жана травматологиялык бөлүмдөрүндө, Үй Бүлөлүк Борборлордун хирургиялык кабинеттеринде өткөрүшөт.

Жаныбарлардын тишинен жабыркаган адам медицина мекемесине кайрылганда биринчи медициналык тазалоону жасагандан кийин кутурмага каршы эмдөөлөр жүргүзүлөт Кайрылган адамдын жараатынын абалына жана эпиданамнезине жараша кутурмага каршы эмдөөгө муктаж экени аныкталат.

Эгерде жабыркаган адам кутурмага каршы эмдөөнүн шартсыз же шарттуу курсун алышы керек болсо, анда медицина кызматкерлеринин көзөмөлүндө болот. Эгерде кутурмага каршы эмдөөнүн кереги жок болсо, анда медициналык кызматкер түшүндүрүү иштерин жүргүзүп: тиштеген итти же мышыкты 10 күн көзөмөлгө алыш керек экенин жана кийинки келе турган күндү белгилеп берет.

Айтылган убакыттын ичинде көзөмөлдөнгөн айбанаттар өлүп же жоголуп кетсе, жабыркаган адам токтоосуз медицина кызматерине кайрылып, кутурмага каршы эмдөөнү алыш керек экенин айтат.

Антирабикалык (кутурмага каршы) эмдөөлөрдү жасоо Антирабикалык эмдөөлөрдү аймактык оорукананын хирургиялык жана травматологиялык бөлүмдөрүндө, Үй Бүлөлүк Борборлордун хирургиялык кабинеттеринде өткөрүшөт.

Жаныбарлардын тишинен жабыркаган адам медицина мекемесине кайрылганда биринчи медициналык тазалоону жасагандан кийин кутурмага каршы эмдөөлөр жүргүзүлөт Кайрылган адамдын жараатынын абалына жана эпиданамнезине жараша кутурмага каршы эмдөөгө муктаж экени аныкталат.

Эгерде жабыркаган адам кутурмага каршы эмдөөнүн шартсыз же шарттуу курсун алышы керек болсо, анда медицина кызматкерлеринин көзөмөлүндө болот. Эгерде кутурмага каршы эмдөөнүн кереги жок болсо, анда медициналык кызматкер түшүндүрүү иштерин жүргүзүп: тиштеген итти же мышыкты 10 күн көзөмөлгө алыш керек экенин жана кийинки келе турган күндү белгилеп берет.

Айтылган убакыттын ичинде көзөмөлдөнгөн айбанаттар өлүп же жоголуп кетсе, жабыркаган адам токтоосуз медицина кызматерине кайрылып, кутурмага каршы эмдөөнү алыш керек экенин айтат.

 Кутурма оорусу менен күрөшүүдө саламаттыкты сактоо министирлиги башка ведомстволор: айыл чарба, ишки иштер, ошондой эле жергиликтүү мамлекеттик администрациялары, өзүн өзү башкаруу органдары (айыл өкмөтү) менен биргеликте иш жургүзүүсү, интеграциялоосу талап кылынат.

Leave a Reply

Your email address will not be published.