АДК

Айылдык ден соолук комитеттери – туруктуу жана натыйжалуу жарандык институт

322

Бул рубрикада кеп Айылдык ден соолук комитеттери тууралуу болот. Бул комитеттер – атүгүл кээде юридикалык жак статусуна ээ болбогон чакан жамааттык уюмдар айылдардагы жашоону өзгөртүүдө. Алардын ийгиликке жеткен окуялары негизги баалуулук жана өнүгүү ресурсу – бул жарандар жана алардын бирикмелери болгонун ырастайт.

“Айылдык ден соолук комитеттеринин үнү жана Кыргыз Республикасынын айыл жамааттарынын саламаттык детерминанттары боюнча жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын социалдык жоопкерчилиги” Долбоорун Өнүктүрүү саясат институту жана “Кыргызстан айылдык ден соолук комитеттери” ассоциациясы Дүйнөлүк банкка караштуу “Социалдык жоопкерчилик боюнча глобалдык өнөктөштүк” Трасттык фондунун (СЖГӨ) колдоосу менен ишке ашырууда. СЖГӨ донорлордон, өкмөттөрдөн жана жарандык коом уюмдарынан турган коалиция. Анын аракеттери калк менен жакшыртылган кайра байланыш үчүн шарттарды түзүү жана калктын чечим кабыл алуу процессине катышуу үчүн потенциалды жакшыртуу жолу менен өнүгүү жаатындагы жыйынтыктарды өркүндөтүүгө багытталган. Долбоордун иши 2017-жылдын соңуна чейин уланат жана Кыргыз Республикасынын Айылдык ден соолук комитеттеринин (АДК) жана АДК Ассоциациясынын дараметин жогорулатууга багытталган. Долбоор өз ишинде АДК менен жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары (ЖӨБ) ортосундагы диалогду куруу максатын көздөйт. Бул болсо элет калкынын саламаттык детерминанттары менен байланышкан көйгөйлөрдү чечүү үчүн бардык мүмкүн болгон ресурстарды мобилдештирүү үчүн жасалууда.

Долбоордун негизги бенефициарлары болуп Айылдык ден соолук комитеттери (АДК) эсептелет. Алардын максаты айыл жамааттарына өз саламаттыгынын абалын жакшыртуу үчүн өз алдынча иш алып баруу мүмкүнчүлүгүн берүү болот. АДК – бул бир айылдын же анын айрым бөлүктөрүнүн деңгээлинде иш алып барган жамааттык уюмдар. АДК бүткүл республикада жайылган кеңири тармакка бириккен. Алардын саны – 1600. “Кыргызстан айылдык ден соолук комитеттери” ассоциациясы улуттук деңгээлде бардык АДКнын кызыкчылыктарын көздөп, АДК тармактарын өнүктүрүү менен алектенет. Долбоордун соңку бенефициары болуп пилоттук айылдардын калкы эсептелет. Пилоттук айылдарда долбоордун ишинин жыйынтыгы катары жергиликтүү кызмат көрсөтүүлөр жана инфраструктура жакшырат.

ӨСИ менен АДК Ассоциациясынын биргелешкен долбоору коомчулуктун жана мамлекеттин назарын саламаттык детерминанттарына байланышкан көйгөйлөрдүн секторлор аралык чечимин табуу зарылчылыгына бурат. Айылдык ден соолук комитеттери – ыктыярчылардын бирикмелери, алар элет жергесинде саламаттык детерминанттарынын көйгөйлөрү менен алектенишет. Ыктыярчылар бул процессте маанилүү роль ойноого жөндөмдүү. Ошондуктан Долбоор Кыргыз Республикасынын 25 пилоттук айылында көйгөйлөрдү биргелешип чечүү үчүн ЖӨБ менен АДК ортосундагы өз ара аракеттерди күчөтүүгө багытталган. Долбоордун кийинки кадамдары АДК потенциалын жогорулатууга жана жергиликтүү жамааттын саламаттыгына таасирин тийгизген көйгөйлөрдү чечүүнү эске ала турган жергиликтүү саясатты иштеп чыгууга багытталмакчы.

Долбоор айыл жамааттарынын саламаттык детерминантын жакшыртууга багыт алат. Аларга таза сууга жеткиликтүүлүк, санитария, гигиена, коопсуз турак жай ж.б. өңдүү факторлор тиешелүү. Алар ар бир адамга өзүнчө да, жалпысынан жамааттын да ден соолугунун абалына чоң таасир тийгизет. Саламаттык детерминанттын абалын жакшыртуунун эсебинен Долбоордон кыйыр пайданы КРнын элеттик калкы алат. Саламаттык сактоо системасы канчалык өнүккөн болбосун, өлкө калкынын саламаттыгынын абалына болгону 25% гана таасирин тийгизет. Калган 75% – бул дарыгерлер олуттуу таасирин тийгизе албаган факторлор. Анткени алар ишкердиктин башка чөйрөлөрүнө көбүрөөк тиешелүү болушат. Мисалы, мектепке чейинки жана мектеп мекемелеринде балдардын тамактануусунун сапаты билим берүү чөйрөсүнө караштуу. Ал эми бул балдар барган мекемелердеги физикалык шарттар жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын карамагына кирет. Анткени мектептер жана бала бакчалар ЖӨБ органдарынын балансында турат. Адатта бул шарттарды “саламаттыктын детерминанттары” деп аташат жана бул түшүнүк адам жашоосунун сапатын аныктаган маанилүү концепциялардын бири катары акыркы жылдары дүйнөдө кеңири жайыла баштады.

Аталган Долбоорду ишке ашыруу калктын саламаттыгын сактоого жана бекемдөөгө багытталган секторлор аралык саясатты түзүү жана өркүндөтүү үчүн негиз болуп бере алаары долбоордун уникалдуулугу катары кабыл алынат. Калктын деңгээлинде бардык коомдун аракеттери зарыл. Ага саламаттык сактоо тармагы гана эмес, башка тармактар жана секторлор да катышууга тийиш. Узак мөөнөттүү натыйжага жетүү үчүн саламаттык сактоо тармагы түрдүү тармактар жана коомдун секторлору менен кызматташыш керек. Бул болсо тигил же бул шарттарды түзүүгө кошкон салымын жана ушул шарттарды жакшыртуу үчүн жоопкерчилигин баамдоого жардам берет. Дал ушундай багыт калктын саламаттыгынын абалын олуттуу жакшыртууга жол ачат.

Бул долбоордун алкагында ЭДК жергиликтүү бийлик органдары менен байланышты жакшыртууга, өнөктөш мамилелерди түзүүгө жана элет жергесинде саламаттык детерминантын жакшыртуу боюнча иштерди биргелешип жүргүзүүгө жардам берет.

Долбоордун активдүү фазасы 2014-жылдын ноябрь айында пилоттук муниципалитеттердеги Айылдык ден соолук комитеттеринин өкүлдөрү, жергиликтүү кеңештердин депутаттары жана айыл өкмөтүнүн кызматкерлери үчүн тренингдерди уюштуруудан башталды. АДКны жана алардын өнөктөштөрүн окутуу, алардын биргелешкен иштерге катышуусу ЖӨБ органдарына ден соолукка таасир тийгизген турмуш шарттарынын маселеле- ринде жамаат алдында дагы да ачык-айкын жана жооптуу болууга жардам берет. ЖӨБ саламаттык детерминантынын көйгөйлөрүнө көбүрөөк көңүл бурат. Бул болсо элет калкынын саламаттык абалына оң таасирин тийгизмекчи.

2015-жылы Долбоор пилоттук муниципалитеттердин 25 айылында элет муктаждыктарын биргелешип аныктоо иш-чараларын өткөрө алды. Аныкталган артыкчылыктарды толук же жарым-жартылай чечүү пилоттук муниципалитеттердин көпчүлүк жергиликтүү бюджеттеринин 2015-2016-жылдар үчүн долбоорлоруна кошулду.

Автор: Айнура ДЖУНУШАЛИЕВА,
“АДК үнү” Долбоорунун менеджери
“МУНИЦИПАЛИТЕТ” Илимий-популярдуу журналы

Categories: АДК, Ыктыярчылар

Tagged as:

Leave a Reply

Your email address will not be published.