Алдын алуу

Аномалдуу суук – эмнени билүү маанилүү

747

Жакынкы күндөрү Кыргызстанда аномалдык суук күтүлөт.

Мындай аба ырайы гипотермия жана үшүк алуу ыктымалдыгын жогорулатат.

Гипотермия – дене температурасынын 35°C же андан төмөн төмөндөшү. Үшүк – абанын төмөнкү температурасынын (-10°С… -200С төмөн) таасиринен дененин кайсы бир бөлүгүнүн бузулушу.

Гипотермия балдар, улгайган адамдар жана өнөкөт оорулары бар адамдар үчүн өзгөчө коркунучтуу, анткени балдарда дененин терморегуляциясы толук калыптана элек, ал эми улгайган адамдарда жана кээ бир ооруларда бул функция көбүнчө бузулат.

Мындан тышкары, гипотермия организмдин коргоочу касиеттерин төмөндөтөт жана курч респиратордук оорулардын өнүгүшүнө өбөлгө түзөт.

 Республикалык ден соолукту чыңдоо жана массалык коммуникация борбору гипотермиядан жана үшүктөн сактануу үчүн жөнөкөй эрежелерди сунуштайт.

Биринчиден, сыртка чыгаардан мурун, туура кийинүү керек:

– бут кийимдер суук мезгилге ылайык, тар эмес, жылуу таманы жана бийик таманы болушу керек;

– колдор үчүн мээлей эмес, шамал өткөрбөй турган кездемеден жасалган кол каптарды тандаган жакшы;

– жаак менен ээкти жоолук же моюн орогуч менен коргоого болот;

– Чоңдорго да, балдарга да жылуу баш кийим кийүү керек;

– шамалдуу суук аба ырайында, сыртка чыгаардын алдында дененин ачык жерлерин коргоочу крем менен майлоо керек, бирок нымдагыч крем менен эмес;

– жылуу кийинүү керек, бирок денени дем алдыруучу кенен кийимдер болгону жакшы – бул кандын нормалдуу айлануусуна өбөлгө түзөт.

Сырткы кийимдер суу өткөрбөйт. Жана андан ары: Аяздуу аба ырайында ачка, чарчап сыртка чыкпа.

Эшикке чыгаардын алдында жакшы тамактануу маанилүү, ысык тамак же ысык чай, эң жакшысы лимон, бал кошуп, үйдөн чыгаарда жарым сааттан кем эмес ичиңиз.

Алкоголдук спирт ичимдиктерди ичпеңиз.

Суукта тамеки тартпаганга аракет кылыңыз, анткени тамеки чегүү учурунда тамырлардын спазмы пайда болот, буттарга кан агымы азаят.

Сыртта жүргөнүңүздө убакытты чектөөгө аракет кылыңыз. Үшүп баратканыңызды сезээриңиз менен, мүмкүн болушунча тезирээк каалаган жылуу бөлмөгө кириңиз – дүкөнгө, кафеге, дарыканага ж.б.у.с Биздин сунуштарды аткаруу менен, катуу үшүк учурунда гипотермиядан жана үшүктөн сактанууга болот.

Categories: Алдын алуу

Leave a Reply

Your email address will not be published.