Онкологиялык оорулар

Атмосфералык абанын булганышы: Калктын саламаттыгына тийгизген таасирин азайтуу

188

КР Саламаттык сактоо министрлиги Кыргызгидрометборбору менен биргеликте атмосфералык абанын булганышынын калктын саламаттыгына тийгизген таасирин азайтуу боюнча жыйын өткөрдү.

Иш чаранын жүрүшүндө, адистер экологиянын абалы калктын саламаттыгына түздөн түз таасирин тийгизерин белгилешип, профилактикалык иш чаралардын маселелерин талкуулашты.

Буга байланыштуу 2018-2020-жылдар аралыгында Бишкек шаарынын калкынын оорусуна талдоо жүргүзүлүп, биринчи жолу бейтаптар аныкталган. Алсак, 2018-2019-жылдары 14 жашка чейинки балдардын арасында оорунун өсүшү байкалган: аллергиялык ринит 2,1 эсеге, бронхиалдык астма 1,7 эсеге; бойго жеткен калктын арасында шишиктер 1,1 эсеге көбөйгөн; дем алуу органдарынын оорулары 1,3 эсеге; аллергиялык ринит 2,2 эсеге, өнөкөт фарингит 1,03 эсеге көбөйгөн.

2020-жылы Бишкек шаарында бардык нозологиялык маалыматтар боюнча балдар жана чоңдор арасында ооруга чалдыккандардын азайышы байкалган. Буга коронавирус инфекциясынын эпидемиологиялык абалы себеп болушу мүмкүн. Анткени, кээ бир саламаттыкты сактоо уюмдары “кызыл зона” режиминде иштешсе, башка саламаттыкты сактоо уюмдары тез жардам көрсөткөн бейтаптарды гана кабыл алышкан.

Саламаттыкты сактоо министрлиги абанын булганышына байланыштуу ден соолукту көзөмөлдөөгө көмөк көрсөтүү максатында, донордук уюмдар менен жолугушууларды өткөрөт. Аны менен катар Бишкек шаарынын, Чүй облусунун Аламүдүн жана Сокулук райондорунун түстүү индекс боюнча абанын булганышынын сапатынын индексин иштеп чыгуу жана калктын ден соолугунун көрсөткүчтөрүн талдоо боюнча изилдөөлөрдү жүргүзүү маселелерин кароо пландаштырылууда. Анын жыйынтыгында абанын булганышына байланыштуу калктын ооруларын алдын алуу алгоритми иштелип чыгат.

Leave a Reply

Your email address will not be published.