Алдын алуу

Аялдар үчүн пластикалык хирургиянын мааниси

317

“Сулуулук курмандыкты талап кылат” дейт белгилүү элдик даанышмандык!

Көптөгөн адамдар үчүн пластикалык хирургия жөнүндө чечим кабыл алууда психологиялык аспектилер, өзүнө ишенбөөчүлүк, түп-тамырынан бери өзгөрүүнү каалоосу, кумир сыяктуу болуу ж.б. нерселер. Сулуулук индустриясы сулуулуктун реалдуу эмес стандарттарын жайылтат, ошондуктан көптөгөн адамдар сырткы келбетине байланыштуу комплекстерге ээ. Адамдар «идеалга» жетүүнүн бирден-бир жолу хирургиялык кийлигишүү деп эсептешет. Бирок операциядан кийин оюндагыдай сулуулукка жетпей калып нааразы болгон адамдар да жок эмес. Бул нерсе адамдын сырткы көрүнүшүндө эмес ички психологиялык көйгөйүндө экенин түшүнүүсү керек.

Көп учурда, операциялар жаш курагына байланыштуу сырткы көрүнүшү өзгөргөн адамдарга жасалат. Картаюу бул кадимки табигый процесс. Бирок көпчүлүк адамдар сүйүктүү актёрлорунун 10-15 жыл мурункудай кала бергени көрүп, «жаш» келбетин сактап калгысы келет.

Булар гендер, жакшы жашоо образы жана кымбат баалуу косметика эмес, ошондой эле пластикалык хирургдарга, толтургучтарга, ботоксторго, бет көтөрүүгө, импланттарга ж.б. көп баруу экенин баарыбыз жакшы түшүнөбүз.

Негизинен 25 жаштан кийин адамдын бетинде өзгөрүүлөр байкалат, аны операция жолу менен оңдоону ойлонушат, бирок операцияларды кээде ушул жаштан дагы бир топ кичүү жаштагы адамдар жасатканы көйгөй жаратат. Себеби өспүрүм куракта өз каалоосу менен хирургиялык кийлигишүү болгон учурлар бар.

Сүрөт: Белла Хадид ринопластикага чейин жана кийин. (Булак: Celebrities who regret plastic surgery like  Bella Hadid – OCBnews)

Белгилүү модель Белла Хадид 14 жашында ринопластика жасатууну каалаган, учурда 25 жашында «Мен ата-бабаларымдын мурдун сактап калгым келди» деп өкүнүүдө. Мындай учурлар көп, бирок операцияларга ыраазы болгондор да бар, бул алардын «эгосун» күчөтөт, өзүнө болгон ишенимди арттырат, бирок акыры адамдар дагы эле өтө көз каранды, анткени пластикалык хирургия психологиялык муктаждыктарды толтура албайт экендигин баса белгилегибиз келет. Демек бул нерсе сиз өзүңүздүн дене түзүлүшүңүздү кандай болсо ошондой денгээлде психологиялык жактан кабыл алууңуз керек.

Адамдар операциялардан көптү күтүшөт, бирок баары эле оңой жүрбөй турганын, көптөгөн татаалдыктар бар экенин жана акыркы жыйынтыкка кардарлар нааразы экенин эске алуу керек. Мисалы, жасаган көкүрөк, аял өзүнүн денесине диспропорциялуу көрүнүшү мүмкүн, андан кийин жамбаштарды жасоого туура келет, жана андан тышкары, ичтин липосакциясын жүргүзүү керек болот. Тизме чексиз болушу мүмкүн. Алыска барсак, адамдын сырткы келбети табигый жана реалдуу болбой калат экен. Муну көрүп, социалдык тармактардан белгилүү атактуулардын ж.б адамдардын таасири астында калган жаш муун сырткы келбетке ого бетер берилип, операция аларды бактылуу жана сулуу кылат деп ишенишет, көп учурда бул операциялардын кереги жок. Бул убактылуу озүн алдоочу чечим!

Сиздин денеңиздеги комплекстердин болушу нормалдуу көрүнүш, бул нерсе сиздин уникалдуу жаралганыңыздан кабар берет. Анан албетте өзүн кооптуу сезүү, адамдардын тандоо укугу бар, эгер сиз чындап эле пластикалык операция аркылуу келбетиңизге өзгөртүүлөрдү киргизгиңиз келсе жана бул сизди бактылуу кыла турганына ишенсеңиз, заманбап медицина буга мүмкүнчүлүк берет. Бирок пластикалык хирургия толук чечим эмес экенин унутпаңыз. Тынчсызданууларыңыздын тамырын табыңыз, абалыңызды талдаңыз, жакшылап ойлонуңуз, адистердин жардамына кайрылыңыз. Бул нерсе сиздин психологиялык абалыңызды түшүнүүгө жана табигый жол менен өзүн-өзү сыйлоону жогорулатууга жардам берет.

Leave a Reply

Your email address will not be published.