Алдын алуу

Аялдар эркектерге караганда стресске көбүрөөк кабылышат.

199

Адам стресс болгондо кортизол гормону бөлүнүп чыгат. Ал биздин денебиз үчүн маанилүү гармон болуп саналат, анын жардамы менен дене өзгөрүп чөйрөнүн шарттарына ылайыкташат.

Ал эми чоң адамдар үчүн кортизол гармону уйкусуздукка, майдын топтолушуна жана булчуңдардын алсыздыгына алып келет.

Тынчтыкта ​​жашагандарга караганда дайыма стресске дуушар болгон адамдар 40%га тезирээк карыйт.

Аялдар эркектерге караганда стресске көбүрөөк кабылышат.

Себеби: жумушта же башка адам менен болгон чыр-чатак; алардын сырткы көрүнүшүнө нааразычылык; аз айлык акы, карыздар; убагы менен эс албагандык; жумушсуздук; кандайдыр бир оорунун коркунучу; жана башка маселелерди жүрөккө кабыл алуу стресске алып келет.

🔶Стресстин себептери:

🔸Баш оору жана чыңалуу

🔸 Зарына жана денедеги кандайдыр бир жаракаттар

🔸 уйкунун бузулушу

🔸 Иммундук системанын начарлашы, ал өз кезегинде жугуштуу ооруларды чакырат

🔸 Инфаркт

🔸 тышкары стресс, кан тамырлардын басымын жогорулатып ага катуу таасир этет

🔸 Жүрөк айлануу, ичтин оорушу кант диабетинин көтөрүлүшүнө алып келет

Кантип стрессти жеңүү керек?

🔹Сүйүктүү музыкаңызды угуп, ага жеңил гимнастика жасаңыз.

🔹 Ваннага же контрасттык душка түшүңүз.

Медитация же дем алуу ыкмаларын үйрөнүңүз.

🔹 Адамдар, достор жана туугандар менен көбүрөөк баарлашыңыз.

🔹Бир жерге баруунун зыяны жок: зыярат, театр же музей.

🔹 Жаркын маанайда, позитивдүү эмоцияларды баштан өткөргөнгө аракет кылыңыз.

🔹Жакындарды кучактап, жакшы сөздөр менен эркелетиңиз.

🔹Өзүңүзгө жаккан хобби же иш табыңыз.

🔹 Эшикте таза абада көбүрөөк убакыт өткөрүңүз.

🔹 Эс алуучу массаждын бир нече сессиясына жазылыңыз.

🔹Психологдун кеңешине жазылыңыз.

Жогорудагы нерселерди аткаруу, күнүмдүк көйгөйлөрдөн алаксытып, ден соолукту эмоционалдык жактан чыңдоого жардам берет.

Ден соолукта болуңуз.

Leave a Reply

Your email address will not be published.