Эне коопсудугу

Бүткүл дүйнөлүк ден соолук күнүнө арналган форум Кыргызстанда эне жана баланы коргоо кызматын жакшыртуу стратегиясын талкуулады

180

«Жашоонун саламат башталышы – бакубат келечектин кепилдиги»

2025-жылдын 4-апрелинде Бишкекте Бүткүл дүйнөлүк ден соолук күнүнө арналган Форум болуп өттү. КР Саламаттык сактоо министрлиги тарабынан ЮНИСЕФ жана Кыргызстан Улуттук Кызыл Ай Коомунун колдоосу менен уюштурулган иш-чарага мамлекеттик түзүмдөрдүн, эл аралык уюмдардын жана медициналык коомчулуктун өкүлдөрү катышып, энелердин жана балдардын ден соолугун коргоонун негизги маселелерин талкуулашты.

Кыргызстанда акыркы 10 жылда энелердин жана ымыркайлардын өлүмүнүн көрсөткүчтөрү төмөндөп келет. Ошентсе да, олуттуу көйгөйлөр сакталууда, айрыкча перинаталдык мезгилде, ымыркайлардын өлүмүнүн жарымынан көбү ушул мезгилге туура келет. КРда айрым жакшырууларга карабастан, өлкөдөгү ымыркайлардын өлүмү алдын алууга мүмкүн болгон себептерден (мисалы, асфиксия, инфекциялар жана төрөт учурундагы жаракаттар) көз каранды.

«Акыркы жылдары Кыргызстанда акушердик-гинекологиялык жардам көрсөтүүдө олуттуу ийгиликтерге жетишти. Эне жана баланы коргоо улуттук борборунун (ЭжБКУБ) алдында перинаталдык борбор ачылды, Талас жана Ош шаарларында ушундай борборлордун курулушу башталды. Айрыкча айыл жергесинде баштапкы медициналык-санитардык жардамды күчөтүү жана кош бойлуулуктун оор учурларында кайра багыттоо системасын жакшыртуу зарыл», – деп билдирди КР Саламаттык сактоо министри Эркин Чечейбаев, министрлик аялдар менен балдарга медициналык жардам көрсөтүүнү жакшыртуу үчүн бардык аракеттерди көрүп жатканын баса белгиледи.

Иш-чаранын алкагында панелдик талкуулар жана эксперттик баяндамалар болуп, анда энени жана баланы коргоо системасын өнүктүрүү стратегиялары, аялдардын ден соолугун жакшыртуу боюнча алдын алуу чаралары, эл аралык тажрыйба жана медициналык кызматтарга жеткиликтүүлүктү кеңейтүүгө кошкон салымдар сунушталды.

Талкууларда ымыркайлардын өлүмү, неонаталдык жана пренаталдык скринингди киргизүү, ошондой эле өзгөчө муктаждыктары бар балдар үчүн эрте кийлигишүү программалары маанилүү орунду ээледи.

“Неонаталдык скринингдин Өкмөттүн «Дени сак адам – гүлдөгөн өлкө» программасына киргизилишинин аркасында ар бир жаңы төрөлгөн ымыркайды фенилкетонурия, тубаса гипотиреоз жана адреногениталдык синдромго текшерүү жеткиликтүү болду. Өткөн жылы неонаталдык скрининг бардык мамлекеттик жана жеке төрөт үйлөрүндө, бөлүмдөрүндө жүргүзүлдү. Биз жаңы төрөлгөн ымыркайлардын 92% камтыдык, быйыл 100% камтуу пландалууда”, – деп билдирди Эне жана баланы коргоо улуттук борборунун директору Шайырбек Сулайманов.

Форумга карата ачылган тематикалык көргөзмөнүн алкагында маалыматтык материалдар жана кан басымын өлчөөгө, адистерден кеңеш алууга мүмкүн болгон интерактивдүү “ден соолук бурчтары” сунушталды.

Форум эксперттер, бийлик өкүлдөрү жана эл аралык уюмдардын ортосунда пикир жана тажрыйба алмашуу үчүн маанилүү аянтча болуп калды. Иш-чаранын жыйынтыгында энеликти жана балалыкты коргоо системасынын негизги көйгөйлөрүн чечүү – медициналык жардамдын жеткиликтүүлүгүн жогорулатуу, материалдык-техникалык базаны чыңдоо жана аялдардын жана өспүрүм кыздардын ден соолугунун абалына медициналык көзөмөлдү жакшыртуу боюнча сунуштар иштелип чыкты.

Leave a Reply

Your email address will not be published.