COVIDге каршы эмдөө

COVID-19 вакциналарынын кыйыр таасирлери кандай?

175

Башка вакциналардай эле COVID-19 оорусуна каршы жасалчу вакциналардын адамга дене табынын субфебрилдик деңгээлде көтөрүлүшү, ийне сайылган жердин кызарышы сыяктуу кыйыр таасирлери болушу мүмкүн. Вакциналарга болгон организмдеги реакция жеңил жана бир нече күндөн кийин өтүп кетиши кадыресе көрүнүш. Бирок кээ бир кыйыр таасири олуттуу жана узакка созулушу мүмкүн, бирок мындай учурлар абдан сейрек кездешет. COVID-19 оорусуна каршы вакциналардын кыйыр таасири, негизинен, жеңил, орточо жана кыска мөөнөттүү болгону маалым. Аларга төмөнкүлөр кирет: дене табынын көтөрүлүшү, алсыроо, баш оору, булчуңдардын оорушу, чыйрыгуу, ич өткөк жана ийне сайган жердин оорушу. COVID-19 оорусуна каршы вакциналардын кыйыр таасирлерин билүү үчүн дайыма көзөмөлдөнүп турат.

Leave a Reply

Your email address will not be published.