АИВ/ЖИКС

Бүткүл дүйнөлүк СПИДге каршы күрөшүү күнү: «Өзүңө жана башкаларга кам көрүү менен АИВди бирге жеңебиз»

151

Республикалык кан аркылуу жугуучу вирустук гепатиттерди жана АИВ көзөмөлдөо борбору «Өзүңө жана башкаларга кам көрүү менен ВИЧти бирге жеңебиз» деген аталыштагы Дүйнөлүк СПИДке каршы күнгө арналган кампанияны жарыялайт.

2025-жылдын 1-декабрында Кыргызстан дүйнөлүк коомчулук менен бирге СПИДке каршы күрөшүүнүн күнүн белгилейт.

Быйылкы жылдын өзөгү — жаштар жана ВИЧ, жыныстык жана репродуктивдик саламаттык боюнча маалымдуулукту жогорулатуу, ден-соолугу чың балдардын төрөлүшүнө шарт түзүү. Кантип өзүн жана өнөктөшүн коргоону билүү, кайда текшерүүдөн өтүү керектигин билүү жана ВИЧ менен башка жыныстык жол менен жугуучу инфекциялардан кантип сактанууну үйрөнүү менен ар бир жаран өз ден соолугуна жоопкерчиликтүү болуу абдан маанилүү.

Кыргызстанда 2025-жылдын 1-октябрына карата 15 183 ВИЧ учур катталды.

Алардын 60%дан ашыгы — 20–39 жаштагы жаштар, социалдык жактан активдүү жарандар. Көпчүлүк учурлар Бишкек жана Чүй облусунда аныкталууда. Негизги жугуу жолу — жыныстык жол, бул жыныстык саламаттык, коопсуз жүрүм-турум жана келечек үчүн жоопкерчилик тууралуу ачык жана чынчыл сүйлөшүүнүн маанилүүлүгүн көрсөтөт.

Кыргызстанда ВИЧтин кеч аныкталышы дагы деле байкалууда, бул дарылоо үчүн баалуу убакытты жоготууга алып келет.

Бирок бүгүнкү күндө тестирлөө ар бир адам үчүн жеткиликтүү: тез, купуя жана белгилүү категориядагы адамдар үчүн акысыз.

«Өз ВИЧ-статусуңду билүү — алдын алуунун жана дарылоонун алгачкы кадамы. Бардык жарандарды тест тапшырууга жана жеткиликтүү медициналык жардам жана колдоо ресурстарын пайдаланууга чакырабыз», — деди РЦКГВГиВИЧтин директору Умуткан Чокморова.

Убакытында башталган дарылоо ВИЧ менен жашаган адамдарга узак жана толук кандуу жашоого, үй-бүлө курууга, ден-соолугу чың балдарды төрөөгө жана келечекке план түзүүгө мүмкүнчүлүк берет.

Эгерде дарылоо натыйжалуу болуп, вирустук жүк аныкталбай турган деңгээлге түшсө, ВИЧ жыныстык жол менен жукпайт — «А=А» (Аныкталбайт = Жуктурбайт).

Кампаниянын алкагында лекциялар, семинарлар, көчмө клиникалардын акциялары жана маалыматтык иш-чаралар өткөрүлөт. Максат — ВИЧ, тестирлөө жана заманбап дарылоо боюнча билим деңгээлин жогорулатуу. Ар бириңизди СПИДге каршы күрөштө өз салымыңызды кошууга чакырабыз.

Биздин максат — коомдо жыныстык жана репродуктивдик саламаттыкка кам көрүү нормасына айланышы, ал эми жаштар дени сак жашоо образын тандашы.

Categories: АИВ/ЖИКС

Leave a Reply

Your email address will not be published.