Дени сак шаар

“Дени сак шаарлар”: РДЧжМК борбору Ош жана Жалал-Абадда жумушчу жолугушууларды өткөрдү

604

2024-жылдын 23-24-январында Ош жана Жалал-Абад шаарларынын мэрияларында   “Дени сак шаарлар” программасы боюнча жумушчу жолугушуулар болду.

Аларга Республикалык ден соолукту чыңдоо жана массалык коммуникация борборунун директору жана  түштүк филиалынын жетекчилери , «Дени сак шаарлар» программасынын координаторлору, мэриялардын жана тиешелүү муниципалдык органдардын өкүлдөрү катышты.

Республикалык ден соолукту чыңдоо жана массалык коммуникация борборунун «Дени сак шаарлар» программасынын алкагында шаарлар тарабынан кабыл алынган калктын саламаттыгын сактоо тармагындагы артыкчылыктуу темаларды алдыга жылдыруу боюнча резолюцияларды ишке ашырууда консультациялык жардам көрсөттү. Тараптар 2024-жылга карата пландарды жана биргелешкен аракеттерди талкуулашты.

Ошондой эле, Жалал-Абад шаарында 4-февраль күнү боло турган Бүткүл дүйнөлүк рак менен күрөшүү күнүнө карата иш-чаралардын даярдыктары боюнча үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунун координатору менен жолугушуу өткөрүлдү.

Leave a Reply

Your email address will not be published.