Учурда Республикалык ден соолукту чыңдоо жана массалык коммуникация борборунун тарабынан Баткен областында областтык, райондук ден соолукту чыңдоо кабинетинин адистерине “Мектепке чейинки курактагы балдардын маданий-гигиеналык көндүмдөрүн калыптандыруу” боюнча усулдук колдонмону окутуу иши улантылып жатат. Окутуу 2024-жылдын декабрь айынан баштап республиканын бардык областтарындагы мамлекеттик, ведомстволук жана муниципиалдык бала бакчаларында жүрүүдө.
Колдонмодо бөбөктөргө тишти тазалоо, колду самын менен жуу, тамактанып жатканда дасторкон үстүндө өзүн алып жүрүү, кийинүү жана чечинүү сыяктуу маанилүү болгон темалар камтылган.
Жогоруда аталган колдонмодогу маалыматтар тарбиячыларга, ата-энелерге жана мектепке чейинки билим берүү мекемелерине пайдалуу курал болуп, балдардын ден соолугун сактоого жана күнүмдүк жашоодогу адаттарын калыптандырууга көмөк көрсөтөт.
Ден соолукту чыңдоо кабинетинин адистери андан ары өздөрүнүн аймагындагы балдар бакчаларынын медициналык кызматкерлерине жана тарбиячыларына окутушат.
Categories: ЖАҢЫЛЫКТАР