Балдарга кам көрүү

Балдар үчүн коопсуздуктун негизги эрежелери: ата-энелер эмнени билиши керек

422

Балдардын коопсуздугу ар бир ата-эне үчүн эң маанилүү милдеттердин бири. Заманбап шарттарда сактык чараларын өзүңүз эле көрүп тим болбостон, балаңызды да ошого үйрөтүү маанилүү. Төмөндө балдарыңыздын коопсуздугун сактоого жардам бере турган он маанилүү эрежелер бар. Бул сунуштарды аткаруу менен, сиз балаңыздын ар кандай кырдаалдарга даяр болушуна жана кооптуу учурда туура иш-аракет кылуусуна түрткү бересиз.

Ата-энелер билүүгө тийиш болгон коопсуздуктун он эрежеси

1. Мүмкүн болушунча көбүрөөк көңүл бурууга жана сылык-сыпаа болууга аракеттенгиле жана эскертүүчү сүйлөшүүлөрдүн учурунда баланын жообуна көз салгыла.

2. Силердин сөзүңөрдү көрсөтмө мисалы менен тастыктоого боло турган кырдаалды колдонгула.  

3. Кээ бир учурда балдар өзүнүн күчүн жана мүмкүнчүлүктөрүн ашыкча баалап жиберишет. Силердин милдетиңер – балага “колуңа бутуңду алып чуркагын” тактикасы  эр жүрөктүүлүк менен унчукпай коюуга караганда кыйла пайдалуу экендигин түшүндүрүү.

4.  Потенциалдуу коркунуч болуп калган учурларга карата аракеттерди иштеп чыгууда баланын мүнөзүн эске алгыла.

5. Мектеп курагындагы бала үчүн уюлдук телефон – бул коопсуздук каражаты. Силер баланын телефонуна бир гана номерди – силер чала ала турган программаны тандай аласыңар. 

6.  Кырдаалды көзөмөлдөгүлө. Баладан ал үйүгө мектептен качан кайтып келиши керектигин сурагыла. Ага күндүз чалып анын пландарын сурап тургула.

7. Балдарга аларга коюла турган тузак тууралуу эскерткиле. Адатта бала мышыктын баласына же ыйлап жаткан бөбөккө жардам берүүгө чакырган чоңдордон баш тартышпайт. Айрым чоңдор кичинекейлерди атайылап кара ниеттик максатта алдай тургандыгын айтып бергиле.

8. Материалды улам-улам чыңдап тургула, бирок баланы мындай репетициялар жадатып жибербеши керек.

9.  Сактыкты мезгил-мезгили менен текшерип туруудан уялбагыла.

10. Баланы  “БОЛБОЙТ” деген беш эрежени сактоого үйрөткүлө:

• Подъезд жана лифтке чоочун адамдар менен кирүүгө болбойт.

• Чоочун адамдардан эч убакта жей турган нерсе же белек алууга болбойт.

• Чоочун машинага эч убакта отурууга болбойт.

• Чоочун адамдарга өзүң жана өзүңдүн үй-бүлөң тууралуу эч убакта айтууга болбойт.

• Эгерде бир нерсе шектүү болуп жатса эч убакта унчукпай коюуга болбойт, кыйкырып же адамдар көп жерге качуу керек.

Leave a Reply

Your email address will not be published.