Алдын алуу

Ден соолугуңуз тынчсыздандырып жатса, үй-бүлөлүк дарыгерлерге кайрылыңыз

1410

Заманбап жашоодо жаңы чакырыктар менен көйгөйлөр болоору шексиз. Алардын бири – ден соолукка байланыштуу суроолор.

Ден соолук адамдын жаш курагына, жынысына жана социалдык абалына карабай эң кымбат байлык болуп саналат.  Ошондуктан, ооруга чалдыккан учурда же ден соолукка байланыштуу айрым маселелер жаралса, кайдан жардам издөө керектигин билүү маанилүү.

Үй-бүлөлүк медицина – бул жаш курагына, жынысына жана оорунун мүнөзүнө карабай адамдардын ден соолугуна комплекстүү кам көрүүгө багытталган баштапкы медициналык-санитардык жардамды уюштуруу системасы болуп эсептелет.

Үй-бүлөлүк дарыгерлер жогорку даражалуу адистер. Алар медицинанын ар түрдүү тармактары боюнча жогорку билим алган, ооруларды аныктоодо, дарылоодо жана алдын алууда жардам көрсөтүүчү дасыккан дарыгерлер экенин баса белгилөө зарыл.

Тагыраак айтканда, үй-бүлөлүк дарыгерлер бейтаптын ден соолугунун абалына алгачкы баасын берип, андан кийин зарыл болсо, башка адистерге багыт берүүчү ак халатчандар.

Үй-бүлөлүк медицина борборлоруна кайрылуунун пайдалуу жактары көп.

Биринчиден, сиздин саламаттыгыңызга жеке көңүл бурулат жана камкордук көрсөтүлөт. Үй-бүлөлүк дарыгер сиздин толук медициналык тарыхыңызды жана ден соолугуңуздун профилин – мурунку ооруларыңызды, аллергияңызды жана организмиңиздин башка өзгөчөлүктөрүн билет. Бул сиздин дарыгериңизге сиздин абалыңызды жакшыраак түшүнүүгө жана натыйжалуу дарылоо ыкмасын сунуштоого мүмкүндүк берет.

Экинчиден, Үй-бүлөлүк медицина борборуна дарыгерге баруу адатта азыраак документтерди талап кылат. Сизге атайын жолдомо алуунун кереги жок болот. Сизге ыңгайлуу убакта онлайн режиминде жакынкы үй-бүлөлүк медицина борборуна кезекке жазыла аласыз.

Үчүнчүдөн, меджардамдын жеткиликтүүлүгү. Үй-бүлөлүк медицина борборлору сиз жашаган аймакта жайгашып, ооруканага чейинки узак жана түйшүктүү жолду жокко чыгарат.

Эгерде сизди ден соолугуңуз тынчсыздандырып жатса, оорулар боюнча суроолоруңуз болсо, сиз жашаган үй-бүлөлүк медицина борборундагы үй-бүлөлүк дарыгерге кайрылыңыз.

Республиканын саламаттык сактоо уюмдарында мамлекеттик кепилдиктер программасынын алкагында элге көрсөтүлгөн медициналык кызматтар жөнүндө «Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фонду: мамлекеттик кепилдиктер» уюлдук тиркемесин жүктөп, толук маалымат алсаңыз болот.

Categories: Алдын алуу

1 reply »

Leave a Reply

Your email address will not be published.