ЖАҢЫЛЫКТАР

«Балдардын өнүгүүсү үчүн мобилдүү борбор» долбоору жыйынтыкталды

114

2017-жылдын  28-декабрында  Республикалык ден соолукту чыңдоо борборунда  (РДЧБ)  «Балдардын  өнүгүүсү үчүн мобилдүү борбор»  аталышындагы долбоор жыйынтыкталды.  Жолугушуу учурунда,  аталган долбоор мене иш алып барган  Бишкек шаарындагы  ден соолукту чыңдоо каналарынын  активдүү  катышуучуларына  ыраазычылык каттар жана фонд тарабынан чыгарылган китеп тапшырылды.

Бул долбоор  «Роза Отунбаеванын демилгеси» эл аралык   фонду менен  ноябрь –декабрь айларында ишке ашкан.   Долбоордун алкагында, Бишкек шаарынын бир катар жаңы конуштарында  саламаттык сактоо тармагындагы  актуалдуу маселелер боюнча адистер тарабынан семинарлар өткөрүлгөн. Тактап айтканда,  сасык тумоону алдын алуу, гигиена, сергек жашоо мүнөзү, аз кандуулукту алдын алуу, коопсуздук  энелик   маселелери тууралуу калкка маалымат берилген.  

Республикалык ден соолукту чыңдоо борборунун директорунун орун басары Жамиля Усупова: «Өткөрүлгөн семинарлар менен калк арасында дагы ар бир адам өзүнүн ден соолугу  үчүн жоопкерчиликтүү экенин биле баштады. Бүгүн  биз долбоордун биринчи гана баскычын жыйынтыктап жатабыз. Бул фонд менен келе жаткан 2018-жылы дагы иш алып баруу боюнча пландарыбыз» – деп, катышуучуларга  ыраазычылык билдирип, РДЧБ атынан дагы ыраазычылык каттарды тапшырды. 

Categories: ЖАҢЫЛЫКТАР

Leave a Reply

Your email address will not be published.