ДЕН СООЛУК

Балдардын жайкы каникул учурундагы тамактануусу

1131

Жайкы каникулдар — бул жаркын таасирлерге, активдүү сейилдөөлөргө, кыймылдуу оюндарга жана саякаттарга толгон мезгил. Ушул убакта балдардын ден соолугуна жана рационуна өзгөчө көңүл буруу керек. Анткени ысык аба ырайы, жогору физикалык активдүүлүк жана күн тартибиндеги өзгөрүүлөр алардын табитине жана жалпы абалына таасир этиши мүмкүн.

Эмне үчүн жайында туура тамактануу өзгөчө маанилүү?

Ысык мезгилде баланын организми ойногондо, физикалык кыймыл-аракеттердин негизинде жана күндүн тийгени менен кошо денедеги көп сандагы суюктукту жана пайдалуу заттарды жоготот. Ошондуктан бала өзүн сергек сезип, ашыкча ысып кетпей, жакшы уктап, активдүүлүктөн кийин бат калыбына келиши үчүн анын тамак-ашы жеңил, пайдалуу, ар түрдүү жана витаминдерге бай болушу керек.

Ошол эле учурда, каникул учурунда ата-энелерде күн сайын меню түзүүгө убакыт жетишсиз болуп калышы мүмкүн. Ошондуктан биз сизге бир жуманын даяр менюсун сунуштайбыз. Ал төмөнкүлөргө жардам берет:

  • Тамактануунун туруктуу режимин кармоо, стресстин алдын алуу.
  •  Баланын өсүшү жана өнүгүүсү үчүн белоктор, майлар, углеводдор жана клетчатка менен тең салмактуу рацион түзүү.
  • Баланы пайдалуу азыктарга үйрөтүү, жаңы даамдарды сүйдүрүү.
  • Ар бир тамакты пайдалуу жана даамдуу кылуу.

Бул менюнун өзгөчөлүгү эмнеде?

  • Күндүн 5 жолу тамактануусу: эртең мененки тамак, жеңил тамак (перекус), түшкү тамак, түштөн кийинки жеңил тамак, кечки тамак — туура интервалдар менен.
  • Пайдалуу азыктар: сезондук жашылча-жемиштер, дан азыктары, балык, буурчак, майсыз эт.
  • Жөнөкөй үй шартындагы рецепттер: тамактар жеңил даярдалат жана балдарга жагат.
  • Ар түрдүүлүк: күн сайын жаңы даамдар — бала тамактануудан ырахат алат.
Жүктөө

Мындай мамиле — бул баланын ден соолугуна кам көрүү гана эмес, ошондой эле өмүр бою калыптана турган туура тамактануу адаттарына болгон чон салым болот.

Баарыныздарды туура тамактанууга чакырабыз.

Leave a Reply

Your email address will not be published.